“Азаттык”: Кыргызстанда экономикалык кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан адамдар көп. Мындай жагдай албетте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга андан да катуу тийсе керек. Антсе да, биздеги маалымат боюнча, өздөрү да иштеп, алтүгүл башкаларга каралашып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Айтсаңыз, азыр алардын басымдуу бөлүгү кайсы тармакта, кандай өндүрүштө иштеп жатышат?
Ү. Мураталиева: Экономикалык кризис мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашосуна залакасын тийгизип жатат. Бирок биз ага карабастан өзүбүзгө тиешелүү социалдык маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Эң башкысы 4-сентябрда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча тармак түзгөнбүз. Ага 15 адам кирген. Ошол тармактын ичиндеги ар бир адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерине байланыштуу уюмдарды жетектейт. Биз эмнеге биргелештик? Биз өз-өзүнчө болсок, өз ишибизди жасап жүрө беребиз. Бирок көп болсок көп иштерди жасап, көп нерсени өзгөртө алабыз.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маанилүү башкы көйгөйлөрүнүн бири – жумушсуздук. Биз ушул жаатта маселелерди чечүү боюнча иштешибиз керек.
Мына кечээ эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова менен жолугушуу өткөрдүк. Анан эки тараптын ортосунда меморандумга буюрса бүгүн кол коюлуп жатат.
Бул министрлик менен биргелешип мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча тармак менен биргелешип бул адамдарга жумуш орундарын түзүү иш-аракеттер жүргүзүлөт.
“Азаттык”: Сиздер жармакташып, биргелешип бири-бириңерди окутуп, жумуш орундарды түзүп берүү боюнча иш жүргүзөсүздөр. Учурда кайсы тармак, өндүрүштө көбүрөк иш алып барып жатасыздар?
Ү. Мураталиева: Бул маселеде уюмдардын лидерлер эле кирише берсе, калган жаштар да калып калат. Уюм жетекчилерин эле эмес, дагы көп-көп жаштарды тарбиялоо керек. Ошондуктан биздин уюмдагы жаштардын баарынын башын бириктирип, укук коргоо жаатында, лидерлик жана башка тармактагы тренингдерди бат-баттан өткөрүп турабыз.
“Азаттык”: Өзүңүз байкагандай азыр дени-карды соо жаш болобу, кары болобу, жер бер, аны бер-муну бер деп талап кылгандар көбөйгөндөй. Сиз буга кандай көз караштасыз?
Ү. Мураталиева: Менимче ар бир адам “мага бериш керек, менин укугумду коргош керек”, деп эшик каккылай берсе болот. Бирок ар бир адам өзүнүн кызыкчылыгы болгондон кийин биринчи аракеттен башташы керек. Өзү кыймылдашы керек. Эгерде албетте анан сенин көз карашың, иш-аракетиң туура болсо сени колдогон адамдар болот да. Жөндөн жөн эле жер тепкилей бергенде, ал анча деле натыйжалуу болбойт.
“Азаттык”: Мына парламент куралды. Ал жакта сиздердин кызыкчылыкты коргоп, колдой турган өкүлдөр барбы?
Ү. Мураталиева: Ооба. Мүмкүн сиз да билесиз, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгын коргогон Дастан Пикешов деген жаш жигит, буйруса, парламентке келди. Өзүңүз билгендей ал азиз адам.
Биздин коомдо көп учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адам эмнени кыла албайт, эмнеси иштебейт деп ойлоп келет. Менимче адамды эмнеси иштебейт деп эмес, кандай потенциалы бар деген жактан кароо керек. Дастан илимдүү-билимдүү. Мүкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык жактан кандай проблемалары бар экенин билген, сезген адам. Биз ойлойбуз, бул адам биздин эле кызыкчылыкты эмес, коом үчүн эл үчүн иштеп берет.
“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.