Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кесипке үйрөнүшөт


Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар англис, орус тилдерин үйрөнүп, бычып-тигүү жана компьютер боюнча курстарда окуй башташат. Ушул багытта кызматташуу тууралуу келишимге "Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору менен Бишкектеги майыптар коому кол койду.

15 жаштагы Насипа буга чейин шуру тизгенге жана сайма сайганга кызыкканы менен ушул багыттагы курстарга барганга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Эми ал Бишкектеги майыптар коомуна келип, англис тили жана бычып-тигүү курсуна катыша баштады. Бул жерден ал белгилүү чебер болуп чыккысы келет.

- Шуру тизип, өзүм тагынып жүргөнүмдү көргөндөр кызыгып заказ берип жасатышат. Ийне, жип, шуруларды өзүм сатып алам. Элүү сом, жүз сом береби көңүлүнөн чыкканын берип, менден сатып алышат. Эгер чоңурак жасасам 4 саатта, кичирээ гин 1 саатта бүтөм. Бир күндө 4-5 шурудан билерик токуганга жетишем.

“Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору менен Бишкектеги майыптар коомунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык 3 айдын ичинде 60тан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыз англис, орус тилдерин үйрөнүп, бычып-тигүү жана компьютер боюнча курстарда окуй алышат. Аталган борбордун вице-президенти Асеин Мизираимовдун айтымында, бул курстар мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга жумуш табууга көмөк бермекчи.

- Бул долбоордун мөөнөтү үч ай. Мурда кол өнөрчүлүктү, компьютерди жакшы үйрөнбөгөндүктөн же билбегендиктен ишке кабыл албай келген. Ушуга толугураак мүкүнчүлүк түзүлсүн деген максатта эл аралык уюмдардын жардамы менен бул долбоорду ишке ашырып жатабыз.

Дилбар Исмаилова болсо бул жерде кыздарга бычып, тиккенди үйрөтөт:

- Жаңы баштап аткандан кийин түз кескенди, түз тиккенди үйрөтүп жатабыз. Алгач бул жактан чөнтөк салганды үйрөнүп алгандан кийин практиканы цехтен өтүп келишет. Курак кураганды, сайма сайганды, бычканды, тиккенди үйрөтөбүз. Шурудан билерик токушат.

Буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мындай долбоорлор болгон эмес. Башка курстарга барганга да алардын шарты туура келбейт эле. Мындай оюн “Азаттыкка” майыптар коомунун жетекчиси Шүкүрбек Кучкачов билдирди:

- Балдардын тигил же бул курска барганга мүмкүнчулүгу жок болчу. Анын үстүнө бизде пособие, пенсиялар аз, жетпейт. Бул жерде акысыз үйрөнүшөт. Демөөрчүлөр көбөйсө дагы башка курстарды ачканга, өзүбүзгө керектүү нерселерди алганга аракет кылабыз.

Долбоорго ылайык, 3 ай окуган улан-кыз жыйынтыгында сертификат алат. Кол өнөрчүлөр даярдаган буюм-тайымдарды Туризм агенттиги Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде жарманкелерди уюштуруп, сатканга жардам бермекчи. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 120 миңден ашат жана алардын жарымына жакынын жаштар түзөт.

XS
SM
MD
LG