Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ө. Текебаев: Бийлик акыркы күндөрүн жашап жатат


Ушул тапта кыргыз опппозициясынын лидерлери АКШда жүрүшөт. Алардын бири, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” АКШ сапары, бийликтин оппозицияны алсыратуу аракети тууралуу маек куруп берди.

-Өмүрбек мырза, алгач АКШга сапар тууралуу айта кетсеңиз. Мурда айтылгандай жолугушуулар, сүйлөшүүлөр максатталган эле, алар канчалык деңгээлде ишке ашты?

-Пландаштырылган жолугушуулардын дээрлик баары болуп өттү. Биз он бештен ашуун жолугушууларды өткөрдүк. Мамлекеттик эмес фонддордун, илим изилдөө институттарынын, Конгресстин жана мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен көздөшүп, сүйлөштүк.

-Сизди “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан түзүлгөн Кыргызстандын саясий өнүгүү концепциясын АКШ Конгрессинде тааныштырат деген маалымат айтылган. Бул иш-чара качан болмокчу?

-Негизинен бардык жолугушууларда биз жалпы оппозиция жактырган Кыргызстандын саясий жаңы системасы тууралуу концепцияны тааныштырып жатабыз. Эки жердеги жолугушууну атайын ушул маселеге арнадык. Колумбия университетинде эртең болот, ал эми Карнеги университетинде бир нече күн мурун болду. Биз бардык жолугушууларда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда негизги маселе катары Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы саясий-экономикалык кырдаал тууралуу талкуу жүргүздүк. Эң негизги көңүл –демократиянын мындан ары өнүгүшү, адам укугунун сакталышы, эркин маалымат каражаттарынын өнүгүшү тууралуу пикир алмаштык. Бул багыттарда биздин пикирлер жана кырдаалга берилген баалар дал келип жатты.

- Өмүрбек мырза, кыргыз бийлиги тарабынан айрым оппозиционерлерге жүрүп жаткан куугунтук же б.а. аларга кылмыш ишинин козголуусу боюнча пикириңизди сурайын дегем. Бийликтин бул кадамы, оппозицияны алсыратуу аракети канчалык деңгээлде ишке ашуусу мүмкүн?

-Биздин АКШга сапарыбыз бизге эки кылмыш ишине турду. Ушул сапарды уюштурган Равшан Жээнбековго биз АКШга келип түшкөндүн эртеси жаңы кылмыш иши козголду. Эки күн мурун Аликбек Жекшенкуловго да Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Биз бул иштердин баарын негизсиз, саясий мүнөзгө ээ деп эсептейбиз. Бул оппозициялык кыймылды коркутуп, алсыратканга багытталган аракеттер бийликтин айласы кеткендигин, өзүнүн акыркы күндөрүн жашап жаткандыгын, мөөнөтү бүтөрдөгү чабалактоосу катары кабыл алабыз.

-Демек, бийликтин бул аракети оппозицияны алсыратуу эмес, тескерисинче өзүнүн чабал жагын көрсөтүү аракети, деп түшүнөт турбайсызбы?

-Сөзсүз. Анткени бийлик коомдук пикир менен, эл аралык коомчулуктун пикири менен эсептешпей, өзүнүн жүзүн ачып, мына ушундай иштерге барып жатат. Мунун өзү бийликтин акыбалы чатак экенин көрсөтөт. Оппозициялык маанайдагы атуулдарды бийликтин бул кылык-жоругу коркута албайт.

-Бийлик менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөр болушу мүмкүнбү, кырдаал курчуп турган учурда?

-Барган сайын бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиле келишкис болуп баратат. Ошол эле учурда эки жактын тең жасай турган иштери радикалдашып баратат.

-Өмүрбек мырза, сизге чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG