Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Бир жарым күндө үч аким алмашты


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариев
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариев

Убактылуу өкмөт айрым бейөкмөт уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сынына кабылууда. Алар өкмөттүн кадр маселесин чечүүдө бечелдик кылып, жасаган иштери ачык болбой жатканын белгилешип, аларды мурда тутунган принциптерди карманууга чакырууда.

Убактылуу өкмөт 7-апрелден бери башкаруу түзүмдөрүнө мурдагы жетекчилерди бошотуп, ордуна жаңы убактылуу жетекчилерди дайындады. Акыркылардан болуп кечээ Дүйшөн Чотонов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, Мирбек Асанкулов Ысык-Көл, Сагынбек Абдырахманов Чүй облустарынын губернаторунун милдеттерин аткармай болушту.

7-апрелден кийин дароо кызматынан кеткендердин бири Нариман Түлеев кечээ массалык маалымат каражаттары аркылуу кат таратты. Анда мэрдик кызматтан аны эч ким бошотпогону, азыркы кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүгү жок экени айтылат.

Бирок ушундай жетекчилерди алуу жана бекитүү маселеси талаштуу болуп, көптөрдү нааразы кылып жатканын 6-7-апрелдеги кандуу окуяны калыс, так иликтеп чыгуу максатында түзүлгөн көз карандысыз коомдук комиссия мүчөлөрү айтып чыгышты.

Алардын бири “Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова буларга токтолот:

- Азыр кыргыз элинин баары нааразы. Себеби Октябрь районунда бир жарым күндө үч аким алмашты. Бир туруп бир партия, андан кийин башка партиянын өкүлдөрү келип, өз адамдарын коюп жатышат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Бир эле бул эмес, райондордо, айыл өмөттөрдө да ушундай эле көрүнүш болуп жатпайбы.

Айрым эксперттер алты ай аралыгында маанилүү чоң кызматтарга Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар кимиси өз кишисин коюп калууга жан үрөп, ич-ара чыр-чатак ырбашы ыктымалдыгын да четке кагышпайт.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев мына ушундай көрүнүштөр бир-эки күндүн ичинде тескелип, ордуна коюлат деп ишендирди. Анын айтымында, убактылуу өкмөттүн милдети учурдагы системаны таратып жибербей, күзүндө жаңы өкмөткө өткөрүп берүү.

- Бир-эки күндүн ичинде тескеп, аныктап бардык жеткчилерди дайындап чыгабыз жана мамлекеттик башкаруу системасы иштеп баштайт. Азыр негизинен иштеп жаткан менен жанагыдай чечилбеген маселелер бар. Биздин убактылуу өкмөттүн кадрдык саясатка талабы бир эле. Алты ай иштейбиз дедик, ошол убакыттын ичинде бардык тиешелүү тармактарды кармап, чачпай, колдон келишинче түзөп, коррупциялык элементтерден тазалап жаңы өкмөткө тазалап беребиз.

Убактылуу өкмөттүн декрети менен Жогорку Кеңеш таркатылган. Бирок Эмил Каптагаевдин айтымында, ушул тапта бир да депутат мандатын тапшырып бере элек. Анткен менен убактылуу өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараты кошулуп, жаңы өкмөттүн аппараты иштеп жатат. Күзүндө жаңы шайлоолор өткөн соң, аппарат кызматкерлери мурдагыдай калыбында өз иштерин улантышмакчы.

Ал арада “Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясынын жетекчиси, көзөмөлдөө комиссиясынын мүчөсү Динара Ошурахунова жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттү ачык иштебей жатат деп сынга алды. Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн айрым кадамдары алардын чогуу экенинен да шек жаратууда:

- Бийликти сындаганда канадй сындачу эле. Ошол принциптерди өздөрү да колдонсун деп жатабыз. Негизи убактылуу өкмөттүн канадй иштеп жаткан форматын да биз түшүнбөй жатабыз. Качан чогулуп, эмне чечим кабыл алганын. Биздин сындаганбыз – булар ачык-айкын иштебей жатат. Ар бири чыгып алып, өзүнчө маалымат жыйын өткөрүп жатышат, кээде бирисинин сөзү экинчисине карама-каршы келип жатат. Ошондуктан булар бирби, же өз өзүнчө болуп кеттиби? Биз түшүнбөй жатабыз. Биз мына ушул маселелерди жеткиргенге аракет кылабыз. Байкоочуларды, ММК өкүлдөрүн киргизиш керек. Биз чындыкты көрүшүбүз керек. Ошондо гана биз ишенебиз.

Ал эми “Жоо чабар” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Кайып Шер да убактылуу өкмөттүн жасаган иштерин кашаң деп баалайт. Ал учурдагы лидерлердин арасынан айланасына 20 чакты баланы топтоп, “мен президент” деп төш каккан айрымдары абалды курчутуп жатат деген пикирде:

- Бул жеңиш элдин акыйкат жеңиши. Анын куну абдан жогору болду. Бул элге кызмат көрсөтөм дегендерге сабак болушу керек.

Анткен менен көпчүлүк эл мындан беш жыл мурда мамлекет башчы кылып шайлаган, учурда бийликтен четтетилип, айланасына жакын саанаалаш, туугандарын топтогон Курманбек Бакиевге кандай ишенип турса, дал ушул убактылуу өкмөткө да чоң үмүт артып турган чагы.

XS
SM
MD
LG