Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Коммунисттер эмгекчилердин укугун коргоп чыгышты


Коммунисттер партиясы Лениндин Бишкектеги эстелигинин алдында митинг уюштурду. 2010-жылдын 1-майы.
Коммунисттер партиясы Лениндин Бишкектеги эстелигинин алдында митинг уюштурду. 2010-жылдын 1-майы.

Бүгүн 1-май - бүткүл дүйнөлүк эмгекчилердин тилектештиги күнү. Бул күндүн урматына Коммунисттер партиясы эски аянтка, В.Лениндин эстелигининн алдына майрамдык митинг уюштурду. Анда негизинен эмегекчилдердин укугу корголбой жатканы айтылды.

Коммунисттер партиясынын Эмгекчилердин тилектештиги күнүнө карата уюштурган иш-чарасына партия өкүлдөрү жана аларга тилектеш болгон 150-200дөй адам катышты. Майрамдык митинг катышуучулары колдоруна “Энергетика – элдики!”, “Адамдын эмгегин коргойлу”, “Келечек жаштарга” жана “Жашасын эмгекчилдеридн биримдиги!” деген сыяктуу жазуулары бар кызыл байрактарды жана Комумнисттик интернационалдын түзүүчүсү, Совет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир Лениндиндин портреттерин көтөрүп алышкан.

Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев бул майрамга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатканына токтолду:

- Бүгүн мамлекеттик майрам болуп атат. Бирок Кыргызстанда ушундай адаттар бар экен, мурунку бийлик болобу, андан мурунку бийлик болобу, азыркы бийлик болобу мамлекеттик майрамды керектүү деңгээлде баалап, иш-чараларды жүргүзбөйт.

Бул иш-чарада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, айрым башка партиялардын жетекчилери да көрүнгөн жок. Ошондон улам да Коммунисттер паритясынын мүчөсү, мурдагы депутат Бүмайрам Мамасеитова элдер 7-апрелден соң митинг, пикеттерден тажап калды деген оюн “Азаттыкка” билдирди.

- Бул коммунисттердин гана майрамы деп ойлоп жатышат окшойт. Бул жалпы элдин майрамы. Бул демилгени бүгүнкү күнү бирөө көтөрүп чыгыш керек да. Быйыл 7-апрелден кийин биз чоң жүрүштү токтотуп, чакан митинг өткөрөлү деп чечтик.

Майрамдык митингде чыгып сүйлөгөндөр кыскача азыркы абалга да токтолуп, айрыкча соңку жылдары адатка айланган Конституциялык өзгөрүүлөрдү белгилешти. Мындан сырткары Кыргызстан эгемендик алган жылдан тартып эмгекчилдердин, айрыкча аялдардын, балдардын эмгеги тиешелүү деңгээлде корголбой жатканы айтылды. Мына ушундай пикирин Коммунисттер партиясынын жаштар канатынын Бишкек шаары боюнча жетекчиси Улукман Калыбеков билдирди:

- Эгемендик алгандан бери эч жерде укуктары корголгон жок. Дагы жакшы пенсия сакталып турат. Андан башка социалдык жактан коргоо жок. Пособие абдан төмөн. Орто жаштагылардын укугун мындай коёлу, азыр канчалаган балдар базарларда иштеп жүрүшөт. Аларды эч ким коргобойт. Социалдык мамлекет болушубуз керек, мамлекет эл үчүн болушу керек.

Улукман Калыбековдун айтымында, бул маселе бир күндүк акция менен эмес, системалуу иш-чара менен чечилиши керек.

Ошондой эле Исхак Масалиев эмгекчилдердин укугу туурасында кайрылуу даяр болгонун, ал Убактылуу өкмөткө берилээрин айтты. Кайрылууда 7-апрелдеги жагдайдан соң таратылган Жогорку Кеңештин аппратынын кызматкерлери, Констициялык соттун жана башка иши токтотулган мамлекеттик кызматкерлердин укуктары белгиленген.

- Азыркы мамлекетти башкарып жаткан топко талап коюп жатабыз. Балким депутаттарды таратса болот, ал эми аппаратты жоготкон туура эмес. Балким Конституциялык соттун мүчөлөрүн бошотсо болот, анын өзү калыш керек да. Ошондуктан миңдеген мамлекеттик кызматчылар эртеңки күнү эмне болот деген коркунучта турат. Ушуга байланыштуу бүгүн кайрылуу кабыл алдык, 3-майда Убактылуу өкмөткө тапшырабыз.

Өз кезегинде Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев жогоруда айтылган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызмат ордулары жана укуктары толук сактаалырын белгиледи. Анын айтымында, мурдагы бийлик тушунда иштеп жүргөн айрым кызматкерлер азыр да иштеп жатат.

- Убактылуу өкмөттүн кызматына алынбаган башка кызматкерлердин барыдыгынын кызмат орундары сакталат. Алардын көпчүлүгүнө эмгек эс алуу берилген. Күзүндө жаңы парламент шайланып, жаңы өкмөт калыптангандан кийин өз-өз ордуларына келишет. Алардын түзүмүн өзгөртөбү, кыскартабы, кызматтан алабы жаңы келген бийлик чечет. Мына ушундай чечим кабыл алынган. Алардын укуктары толук сакталуу.

Эмил Капатагаев эмгекчилдердин, жалпы эле жарандардын укуктары Констиуциянын жаңы долбоорунда толук камсыз болгорун баса белгиледи.

Ал эми бүгүнкү майрамдык иш-чаранын катышуучулары Совет доорунда жазылган “Кыргызстан” деген ырды кыргыз, орус тилдеринде ырдап, анан тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG