Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Рахиля Жусупова: “Акаевдин үй-бүлөсүнө иштегендер эле отурушат”


2005-жылдын 24-мартындагы окуялар тууралуу пикирлер аркыл, айрымдар аны элдик ыңкылап дешсе, башкалары төңкөрүш, бийликти күч менен тартып алуу катары сыпатташат. Антишке жүйөө катары бийлик системасында эч кандай өзгөрүү болбогону, бир «үй-бүлөлүк» башкаруу экинчисине алмашылганы жүрүүдө.

- Рахиля, 24-март боюнча бир пикир жок. Сиз анын башталышынан ишке ашканга чейин арасында жүргөнсүз. Бул өзү элдик ыңкылаппы, көтөрүлүшпү же бийликти күч менен басып алуубу?

Рахиля Жусупова: - Мен эми ал окуяларга катышкан адам катары айтарым, ошол революцияга катышкан көп адамдар нааразы. Биздин каалообуз, демократиялык система делген менен бизде “үй-бүлөлүк” башкаруу орноп калган. Ошону жок кылсак, ар бир үй-бүлөнүн турмуш деңгээлинин жогорулашына, демократиянын өнүгүшүнө шарт түзсөкпү, дегенбиз. Биз азыр ичара сүйлөшкөн кезде революция өз максатына жетпей калганын, дагы деле үй-бүлөлүк башкаруу иштеп жатканын айтып калабыз. Элдин турмушу кайра төмөндөп кетти, азыр элди ойлогон адам аз калды. Мурунку бийликти кетиргенден кийин биз башкача жол менен кетишибиз керек эле. Революция тилегине жетпей калды.

- Нааразылык башында элчилерди шайлоого катыштырбай койгондон чыкпадыбы. Ошол кезде эл ичинде кандай үгүт иштерин жүргүзгөнсүздөр?

Рахиля Жусупова: - Элчилер деле биздин жарандар болчу. Алар мыйзамдын туура эместигинен жапа чегип, укуктары бузулган. Биз, мисалы, Роза Отунбаеванын коргоо комитетин түзүп, эл арасында биртоп иштерди жүргүздүк. Биз мыйзамдын өзгөртүлүшүн талап кылып 25 күн турганбыз. Ошол Жогорку Кеңеш имаратынын алдында турган биздин пикеттин “учкунунан жалын тутанып” кийин чоң нааразылыктар чыгып кетти. Мыйзам өзгөртүлдү, бирок Жогорку Кеңештин а кездеги төрагасынын котормого байланышкан шылтоосу менен убакыт өтүп кетти. Акыл-эстүү эле агаларыбыздын А.Акаевдин “үй-бүлөлүк” башкаруусун колдоп, биз өз талапкерлигибизди шайлоого катыштыра албай калганбыз. Андан соң биз жер-жерлерге чыгып, элге туура маалымат жеткирүүнүн аргасын жасадык. Мен Роза Отунбаева менен Кыргызстандын түштүгүндө, Ош, Жалал-Абатта болуп, “үй-бүлөлүк” башкаруу жөнүндө маалымат бердик. Демократия болгондон кийин элдин кызыкчылыгы болуш керек. Адам укугу тебеленбеши керек. А.Акаевдин бир эле “үй-бүлөнүн” бийлиги болуп калганын айтып, элди козгогонго активдүү катышканбыз. 15-мартта Жалал-Абатта өткөн курултайга да катышканбыз.

- Рахиля, азыр революцияга катышкам, дегендер аябай эле көп. Ошолордун кимиси активдүү катышкан, кимиси сырттан байкоочу болуп турган?

Рахиля Жусупова: - Бул жерде байкоочулар деле көп болду. Ошол 24-мартка чейин кыймылдабай үйүндө олтургандар деле көп болчу. Биз пикетте турганда бардык күч бийликте, биздин аракетибизден эч нерсе чыкпай тургандыгын айтып, үйүндө тынч отургандардын көбү кийин революция кезинде Акүйгө келип көрүнүп коюшту. Азыр алар сонун-сонун кызматтарда олтурушат. Анан да а кезде “Алга, Кыргызстан” партиясында жүргөндөр азыр деле жайлуу кызматтарда отурушпайбы. А.Акаевге кызмат кылгандар эми К.Бакиевге кызмат кылып отурушат. “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт!” А.Акаевдин “үй-бүлөлүк” башкаруусуна кызмат кылгандар, мисалы, Чолпон Баекова азыр деле жакшы кызматта олтурат. А киши А.Акаевдин ошончо жыл президент болушуна шарт түзүп бербеди беле. Эл күткөн өзгөрүү болгон жок. Оппозиция деле ошондой, мурунку-кийинки бийликте жүргөндөр аралаш жүрүшөт. Ошон үчүн аларга эл анча ишенбей турат.

- Ошол 24-мартка чейин, андан кийин элдик бийликти эңсеп келгендердин аз-аздан четтетилип калышын сиз кандай себепке байланыштырасыз?

Рахиля Жусупова: - Оппозиция, эл туура айтып жатат. Негизи системаны өзгөртмөйүн ушундай боло берет. А.Акаев кетти, К.Бакиев калды, була дале ушул боюнча уланып кете бериши мүмкүн.

- Ал эми системаны кантип өзгөртүү оюңуздарда бар?

Рахиля Жусупова: - Бул жерде абдан терең иштеп чыгыш керек. Уучубуз кур эмес, башкарууга жарай турган эр азаматтарыбыз бар, кыздарыбыз бар. “Жети өлчөп бир кесиш” зарыл. Ансыз жөн эле элди кыйнай берген болбойт. Эл да чарчады. Мына энергетикалык кризис, түнкүсүн жарык өчүрүлүп, андан канча үй-бүлөлөр азап чегип жатышат. Өзүбүздөн чыккан булакты – энергияны пайдаланууга укугубуз жок болуп жатат. Жумушсуздук күчөп, жалаң курсактын камын ойлогондор көбөйүп баратат.

- Рахиля айым, маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG