Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Акаев баштаган үй-бүлөлүк башкарууну Бакиев татыктуу улантууда


Ыңкылаптан кийин келген азыркы бийликте үй-бүлөлүк башкаруу тамырын жайып кеткени, ал тургай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу тоталитардык диктатурага айланып бараткандыгы тууралуу сөз акыркы мезгилдери коомчулукта күчөп турат.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев өлкө башында турган акыркы жылдары үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кеткени тууралуу көп айтылган. Ошол кездеги оппозициялык басылмаларда А.Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык объектилердин узун тизмеси жарыяланып, коомчулукта анын эсепсиз байлыктары, Швейцария банктарындагы миллиондору тууралуу аңыз кептер тараган.

А.Акаев менен анын жакындарына тиешелүү делген кирешелүү тармактар, тактап айтканда, күйүүчү май, спирт өндүрүшү, цемент-шифер, кант, пахта иштетүү, байланыш, маалымдоо каражаттары болуп 42 ишкананын аты аталган. Адистер үй-бүлө көзөмөлүндөгү кирешелүү тармактардан түшкөн оңой эмес акчалар Кыргызстандын тыш карызынан көп сумманы түзөрүн айтып чыгышкан.

Ал эми 2004-жылдын соңундагы парламенттик шайлоого кызы Бермет Акаеванын жана уулу Айдар Акаевдин талапкер болуп чыгышы, шайлоонун обу жок бурмаланышы элдин кыжырына ого бетер тийип, март окуясына алып келген.

Бир топ саясат талдоочулар “үй-бүлөнүн” ач көздүгү менен мансапкорлугу алардын өлкөдөн куулушуна себеп болгонун көп айтышты. Ал эми азыркы президент Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартында Акаев башында турган бийлик элден алыстап, элди эмес, өзүн гана ойлоп калганын айтып, калың калктын алдында сөз сүйлөгөн:

- Мен мурдагы премьер-министр жана мурдагы депутат катары азыркы бийликтин элден алыстап, өзүн гана ойлоп калганын сиздерге ачык айткым келет. Учурда элдин абалы кандай болуп турганы баарыңыздарга белгилүү. Кыргыз эли өздөрүн шылдың кылууга жол бербейт.

Курманбек Бакиев президент болгон алгачкы жылдарында мурдагы бийликтин каталарын кайталабай, саясатка үй-бүлөсүн, аялын аралаштырбай турганын жар салган. Бирок соңку кездерде коомчулукта кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу тамырын жайып кеткени, ал тургай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу тоталитардык диктатурага айлангандыгы тууралуу кеп-сөздөр күчөдү.

Социал-демократтар партиясынын лидери, экс премьер-министр Алмаз Атамбаев Акаев түптөп кеткен үй-бүлөлүк башкаруу системасын азыр анын “татыктуу” шакирттери улантып жатат деген ойдо.

- Азыркы бийликтин пайдубалын салып кеткен Аскар Акаев да. Үй-бүлөлүк башкаруу, журналисттерди түрмөгө алып, сабоо, гезиттерди жабуу, күнөөсү жокторду коркутуп, камоо ошондо башталган. Азыр бул системаны Акаевдин “татыктуу” шакирттери улантып баратат.

А.Атамбаев өкмөт башчы болуп турган убакта үй-бүлөлүк башкаруу менен бир топ күрөшкөнүн белгилейт. Ал кызматтан четтелишин да ушул менен байланыштуу болсо керек деп ойлойт.

- Албетте, азыр үй-бүлөлүк башкаруу ого бетер күчөп кетти десек болот. Кеңешип туруп чечпесек болбойт, анткени биз такыр эле Кокон хандыгына айланып баратабыз. Мынтип отурса, Акаевдин заманы да алтындай көрүнүп кеткени турат. Ошондуктан бул бийликти ордуна коюш керек, алмаштырыш керек, - дейт А.Атамбаев.

Акаев бийлигине каршы турган башчылардын бири Топчубек Тургуналиев ыңкылап өз максатына жеткен менен, азыркы бийлик ошол кездеги убадаларды, максат-тилектерди аткарган жок, деп эсептейт:

- Бүгүнкү президенттин айткан сөзү, убадасы, анты менен кылган ишинин айырмасы асман менен жердей болуп кетет экен. 2005-жылда бүтүндөй элибиз үмүт кылып революцияны ишке ашырды эле. Бирок ошол март ыңкылабынын тарыхый улуу талаптарынын, максаттарынын бири да ишке ашкан жок. Ал түгүл Кыргызстанды күндөн-күнгө азапка салып жатат. Биз Акаевдин учурунда бул үй-бүлөлүк кландык авторитардык бийлик деп келгенбиз. Ал эми азыр болсо ошол үй-бүлөлүк кландык бийлик күндөн-күнгө тоталитардык диктатурага ооп баратат, - дейт Т.Тургуналиев.

Деген менен үй-бүлөлүк башкаруу Акаевдин маалындагыдай гүлдөп-өстү дегенге кошулбагандар да бар. Алардын бири “Ак Жол” фракциясынан шайланган депутат Жолдошбек Жакыпов. Ал бийликтин бардык бутактары, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги өз ара, үй-бүлөнүн кийлигишүүсүз иш алып барып жатат деген ойдо.

- Мен үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат деп ойлобойм, андай ойдон алысмын. Ар бир бийликтин бутагы өз жумушун аткарып жатат. Мисалы, оппозиция жазында энергетикалык каатчылык, кризис болот депа йтып жатты эле. Өкмөт жакшы чараларды көрүп, элди кыштан жакшы чыгарып кетти. Муну айтпай кетүүгө болбойт. Мен үй-бүлөлүк башкаруу же үй-бүлөдөн бирөө команда берип, саясатка аралашты дегенди угуп, көрө да элекмин. Биз парламентте өз оюбузду эркин айтып, кабыл алынган мыйзамдар боюнча ой-пикирибизди ачык айтып, толук кандуу иш жүргүзүп жатабыз деп ойлойм, - дейт Ж.Жакыпов.

Ал эми март окуясынан соң каржы министри, анан экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп иштеп келе жаткан Акылбек Жапаров же мыйзамды, же өз ишин жакшы билбеген “кемчонтойлор” өз ордун жоготпоо максатында үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат деген ойдо. Ал өз ишмердүүлүгүндө бир да кишини кийлигиштирбей, президент жана өкмөт башчы менен кеңешип, мыйзамдын чегинде иштеп жатканын айтат:

- Өкмөттүн мүчөсү же депутат, айтор бийликте тургандар өздөрүнө өздөрү бекем турса, мыйзамдын чегинде иштесе, үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбейт. Апенди өзүнүн кызын мактай бергендей баары эле сонун дегенден алысмын. Же мыйзамды, же өзүнүн ишин жакшы билбеген айрым “кемчонтойлор” бийликке келип калып, өз ордун алдырып жибербөө максатында көрүнгөн ага-тууганга чыга башташат. Ошентип, үй-бүлөлүк башкаруу деген системанын мифи пайда болот. Ар ким өз кесибинин чегинде иш аткарса эч ким мындай деп айта албайт эле, - дейт А.Жапаров.

Ал эми айрым саясатчылар Бакиев саясаты айрым гана ат, фамилиялар алмашпаса Акаев учуруна окшош экенин айтып жатышат. Ошондой эле дале болсо президенттин жакын туугандары чоң кызматтарды аркалап келатканы айтылууда. Мисалы, коммунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейитказиев азыркы президент март ыңкылабы эмне себептен болгонун эстен чыгарбаш керек эле деген пикирде.

- Үй-бүлөмү кийлигиштирбейм деп айткандан кийин ошонун баарын, 2005-жылкы окуя эмне себептен чыкканын эске алыш керек болчу. Бир туугандардын башка тармактарда да ээлеп атканын чектеп койсо болот эле да. Мурда “Мээрим фонду” болсо азыр Жусуп Бакиев фонду ошондой эле ролду аткарып жатпайбы. Фонддун каражаттары кайдан келип жатат, ким аркылуу келип атат деген маселе туулат, - дейт А.Сейитказиев.

Эксперт Базарбай Мамбетов Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу чоң маселеге айланганын жана бул көрүнүш жоюлбаса өлкөнүн акыбалы бара-бара оорлошо турганын белгилейт:

- Үй-бүлөлүк башкарууну биздин кыргыз эли, кыргыз коомчулугу кандай кылып жоет мен билбейм. Эгер жое албасак, анда биздин экономикалык да, саясий акыбалыбыз да жылдан жылга начарлап, Кыргызстан эч нерсеге жарабаган өлкөгө айланат го деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү - элдин көпчүлүгү ошондой кырдаалга, сезимге моюн буруп, макул болуп калганында болуп жатпайбы. Аны элдин бардыгы эле билет.

АКШдагы Жоржтаун университетинин профессору, “Карнеги” корунун буга чейинки башкы эксперттеринин бири болгон Андрес Ослунд постсоветтик мамлекеттердеги абал менен жакындан тааныш. Ал 2005-жылдын мартында болгон окуяларга сереп салып, ага чейинки жана андан кийинки бийликтин окшоштугу менен кемчилигин “Азаттыкка” берген маегинде айтып берген. Ал Акаев учурунда орун алган үй-бүлөлүк башкаруу системасы азыр да оңой эмес деген ойдо.

- Чындыгында, Кыргызстандын мыйзамдары башка өлкөлөрдүн мыйзамдарына салыштырмалуу абдан жакшы. Бул мыйзамдар 90-жылдары эле кабыл алынган. Мурдагы президент Аскар Акаев бардык иште абдан билимдүү болгон. Бирок анын негизги маселеси – ишкердик менен да алектенген, чоң ишканаларды ээлеп алууга аракет жасаган үй-бүлөсү болгон. Менин билишимче, бул багытта азыр да абал жакшы эмес. Менимче, азырбизнесмендерге Кыргызстанда иштөө абдан кыйын. Анткени алар азырга чейин ишкерликтин кандай жол-жобосу бар экенин билишпейт. Бул мурда да болгон, бүгун да уланууда. Ал эми тартип коргоо жагы мурдагыдан да начар, - дейт Андрес Ослунд.

Мына ушундай жагдайлар, ушундай бийлик системасы Кыргызстанда улана берсе өлкөдө стабилдүүлүк бузулат дейт Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Бакыт Бешимов.

- Ким тең укуктуулукту бузуп атат? Ким мыйзамдарды одоно түрдө тебелеп жатат? Конституцияны, регламент жөнүндө мыйзамды, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө, саясий партиялар жөнүндө... Эгерде биз азыр ушуга калыс карабасак, ушул саясатты улантсак, анда стабилдүүлүк бузулат. Анда сиздер айтып жаткан тынчтык, ынтмактык, бир туугандык жок болот, - дейт Б.Бешимов.

Саясий серепчилер болсо бийлик башындагы адамдардын үй-бүлөлүк башкаруудан арыла албай жаткандыгы өлкөгө аброй алып келбей турганын белгилеп жатышат. Алар ошондой эле мындай көрүнүш элдин арасындагы наарызылыкты күчөтүп, өлкөдөгү стабилдүүлүктү жоготот дешет.

XS
SM
MD
LG