Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Аскар Акаев: “Б.Обама Нобел сыйлыгына татыктуу”


АКШ президенти Барак Обама Дүйнөлүк Нобел тынчтык сыйлыгына 205 талапкердин ичинен татыктуу болду. "Азаттыкка" Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бул сыйлыкка Б. Обама абдан татыктуу деп билдирди.

“Азаттык”: Аскар мырза, мына азыр эле дүйнөлүк маалымат каражаттарында Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама эң даражалуу Нобел тынчтык сыйлыгын алды деген маалымат чыкты. Буга сиз кандай карайсыз? Барак Обама ушул сыйлыкка татыктуубу?

Аскар Акаев: Менимче, АКШнын жаңы президенти, мырза Барак Обама тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына өтө татыктуу адам деп эсептейм. Себеби ал өзүнүн шайлоо учурунда да, президент болуп шайлангандан кийин да дүйнөдө өзгөчө саясат жүргүзүп атат. “Дүйнөлүк мамилелерди биргелешип чечебиз”, деп биринчи жолу жыйырма мамлекетти чогултту. Жыйырма мамлекет менен биргелешип экономикалык кризистен чыгабыз деп атат. Ошондуктан мен Барак Обаманын саясаты Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң бурулуш деп ойлойм. Аны Нобел сыйлыгына татыктуу деп эсептейм.

“Азаттык”: Сиз билгендей, Нобел тынчтык сыйлыгынын тарыхында аны дүйнөлүк тынчтыкка салым кошкон адамдар алып келген. Барак Обама кечээ эле президент болду. Бүгүн ал кишиге ушундай даражалуу сыйлыктын ыйгарылышы - сыйлыктын тарыхый берилиш эрежелерин бузуп койгон жокпу?

Аскар Акаев: Карындашым, бир нерсени эске алышыбыз керек. Биринчиден, туура айтасыз, ошондой жакшы традиция болгон. Чындыгында өмүр бою тынчтык үчүн өзүнүн мамлекетинде, жалпы жер жүзүндө күрөшкөн адамдар Нобел сыйлыгына татыктуу болуп келген. Алардын атын өзүңүз атап кеттиңиз.

Бирок кээде идеялар, жаңы идеялар, жаңы бурулуш, бул да чоң маанилүү болот жана келечекте мунун үзүрүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук көрөт. Ошондуктан, мына Барак Обамага азыр Нобел сыйлыгынын берилиши, менин түшүнүгүмдө, дүйнөлүк коомчулук, ошонун ичинде Нобел сыйлыгын ыйгарган комитет “биз Барак Обаманы колдошубуз керек” дегени. Себеби Барак Обамага Американын өзүндө эң чоң оппозиция бар.

Барак Обама АКШнын тышкы саясатын түп тамырынан буруп атат, бул чоң маанилүү маселе деп эсептейм. Ошондуктан, комитет колдогондо үмүттөнүп колдоп жатат. Американын ичинде согушчандар көп . Ошол эле Мамлекеттик департаментте “демократия орнотобуз” деп күчкө салып төңкөрүш уюштурган адамдар отурат. Мен Барак Обама бул сыйлыкка татыктуу деп эсептейм.

“Азаттык”: - Аскар мырза, Барак Обамага эл аралык коомчулук Нобел сыйлыгын ыйгаруу менен ага абдан чоң жоопкерчилик жүктөп жатпайбы. Обаманын мойнунда өз өлкөсүн экономикалык кризистен чыгаруу, ага кошумча дүйнөдөгү үч чоң жаңжалды ирак, ооган согушун басуу, узактан бери тынчыбаган жөөт-палестин чатагын жөндөө милдети жүктөлүп турат. Эл аралык коомчулуктун өтө чоң жоопкерчилигин АКШ президенти канчалык деңгээлде аткара алат?

Аскар Акаев: - Мына карындашым, азыр өзүң эле айтып кетпедиңби, Барак Обаманын кандай бурулуштарга барып, кандай чоң жоопкерчиликтерди алып жатканын. Ал киши келгени Ирактан американын армиясын алып чыгып кетти. Бул чечим Иракта Буш туура эмес согуш баштаган дегенге барабар. Бул баскынчылык, бул агрессордун иши экенин мойнуна алды да. Ооганстанда болсо Америка чоң утулушка учурады. Азыр кантип жүзүн сактап Ооганстандан чыгып кетээрин ойлоп жатат.

Мусулман дүйнөсү менен христиан дүйнөсүн жакындатам деген аракетин жасап жатат. Мына ушул үч маселени алганда дагы, Обама чечкиндүү чоң бурулуштарга кадам таштап, чечкиндүү иштейли дегени үчүн гана Нобел сыйлыгына татыктуу деп эсептеймин. Ал эми ишке ашаарына мен күмөндөрмүн. Мен күмөндөрмүн...

Себеби Американын президенти айтканын ишке ашыргандай Кыргызстандын президенти эмес да. Америкада сенат деген бар, коомчулук бар, олигархтар бар, Уолл стрит бар. Ошонун баары чоң күч. Алар гегемонияга, дүйнөнүн баарын башкарууга, каалагынын жасап, каалаган өлкөдө төңкөрүш уюштурууга көнүп калышкан.Ошондуктан, менмче бардык нерселер ишке ашаарына көп ишене бербейм.


“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге.

Азаттыктын видео архивинен:

АКШ президенти Барак Обама 4-июнда Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылып, эл аралык коомчулук көптөн назар кадап күткөн сөзүн айтты. ZMa.

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG