Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Аксы окуясынын күйүтү басыла элек


17-мартта Аксынын тургундары “каргалашалуу окуянын” курмандыктарын эскеришти. Алар алты адамдын өлүмүнө күнөөкөр адамдар жети жылдан бери жазага тартылбай келатканына нааразылык билдиришти.

17-март күнү таң эртелеп эле аксылыктар туура жети жыл мурда милициянын огунан каза болгондордун мүрзөсүнө чогулуп, куран окушту.

Түшкө жуук Кара-Жыгач айылында «Эскерүү митинги» башталды. Уюштуруучулар бул жерге 500дөй адам топтолгонун билдирди. Ал эми район жетекчилиги “Азаттыкка” чогулган адамдардын саны 150дөн ашпайт деп айтты.

Митингде жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн айыл тургундары азыркы бийлик Аксы каргашасын эстен чыгарып баратканын белгилешти.

“Аксы окуясынын” арты менен революция болуп, азыркы бийлик төбөлдөрү, кызматка отургансыңар. Бирок ай, күн, жыл өткөн сайын “Аксы окуясын”, кыргыз бийлиги, унутуп баратасыздар”, - деди митингдин катышуучусу.

Март ыңкылабынын чыгышы да “Аксы окуясынан” башат алганын эске алган айыл тургундары деги ошол ыңкылаптын максат-мүдөөлөрү канчалык ишке ашканын талкуулашты.

“Революция дал ушул Аксыдан башталып, төрт балабыздан ажыраганбыз. Баарыбыз кандай гана токмокторду жеп, куугунттуктарды баштан өткөрбөдүк. Ошол революция бизге эмне берди? Башканы айтпаганда, балдарыбыз кыш ичи окубай калды го, пайдасы ушулбу?”

Ушул убакта борбордон Акыйкатчы Турсунбек Акун конгуроо чалып, топтолгон элге кайрылды. Ал «Аксы трагедиясына» күнөөкөрлөр жазага тартылбай калганын, ушул сааттарда Ак үй алдында да эскерүү иш-чарасы өтүп жатканын кабарлады.

“Урматтуу аксылык туугандар! Кечирим сурайм, силерге баралбай калдым. Азыр Ак үй алдына да пикетке чыгышты, мен ошолор менен сүйлөшүп жатып, баралбай калдым, - деди Акыйкатчы. - Аксы окуясына тиешеси барлар өз жазасын алалган жок. Күнөөлүүлөрдүн баары бошотулуп кетти”.

Ушул учурда аксылыктар омбудсменге кайрылып, Ак үйдүн жанында өткөн пикеттин катышуучуларын колдой тургандыктарын айтышты. “Бакиев кетсин!” деген кыйкырыктар угулуп жатты.

Жыйылган эл президент Курманбек Бакиевди кетирүүгө чакырык айтышканына райондун улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, райондун акимиаттын кызматкерлери да күбө болуп турушту. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, акимдин орун басары Рысбек Ызабеков “митингде айтылган талаптар негизсиз” деди: “Булардын койгон маселеси негизсиз. Аксыда 105 миң адам бар, бул жерде менин эсебимде 150 дөн ашуун гана адам топтолгон”.

Анткен менен митингдин катышуучулары президент Бакиевдин жүргүзгөн саясатын кескин сынга алып, 25-мартка чейин аткарылышы керек деген беш талап коюшту.

1) Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу
2) Бийлике сын айткан оппозиция лидерлерине болгон куугунтуктуу токтотуу
3) Өкмөттүк маалымат каражаттарды бир беткей бийликти мактап, оппозицияны каралоо аракетинен токтотуу
4) Оппозицияга каршы атайын даярдалган “аялдар тобу” менен милицияга тыйуу салуу
5) Аксы районунун акимин кызматынан кетирип, ал орунга эл көрсөткөн адамды дайындап берүү.

Эгер бул талаптар 25-мартка чейин аткарылбаса, анын эртеси президентти кызматтан кетирүү аракети башталаары эскертилди.

“Жогорудагы талаптар аткарылбаса, биз аксылыктар ушул жылдын 26-мартында баш бийликти алмаштырууга чыгабыз! Бакиев кетсин!”, - деп кыйкырып жатышты чогулгандар.

Бул жерге чогулгандар олуттуу талаптары менен чыгышканына президент Курманбек Бакиев «элге ок аткандарды үч ай ичинде жазалайм» деген убадасын аткарбай койгону себеп болгонун айтып жатышты. Ошентсе да, жергиликтүү серепчилер аксылыктардын талабын бийлик кыска мөөнөттө аткара албасын айтышууда. Аксылыктар өздөрү экинчи ынкылап да Аксыдан башталаары ажеп эмес экенин айтып, коңгуроо кагышууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG