Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Комиссия 7-апрелге түрткү болгон окуяларды аныктайт


Апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин баштады. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна аталган комиссиянын мүчөсү, саясат талдоочу Табылды Акеров жооп берди.

- Мамлекеттик иликтөө комиссиянын иши туурасында маалымат берсеңиз?

Табылды Акеров: 31-майда мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму болду. Аны комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев алып барды. Анда эң негизги уюштуруучу маселелер каралды. Ошол комиссияга Убактылуу өкмөт, же башка күчтөр тарабынан басым болбой ачык жана так, туура баа берүү боюнча сүйлөштүк. Комиссиянын алдында аналитикалык топту түзүүнү да сунуш кылдык. Чогултулган материалдардын баарын тез арада анализдеп, бир бүтүм чыгаруу үчүн мыкты аналитиктерди чогултуу сунушу да каралды.

- Комиссиянын курамында канча киши бар жана азыркы иштеп жаткандар кимдер?

Табылды Акеров: Комиссиянын курамында 25 киши. Ал жерде Убактылуу өкмөттүн да айрым мүчөлөрү бар. Мисалы, Топчубек Тургуналиев жана Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу жана башкалар. Өкмөттүк эмес уюмдардан Ася Сасыкбаева, саясат таануучулардан Молдалиев жана башка инсандар бар.

- Буга чейин укук коргоочулар да 7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түздү эле. Алар менен да байланышта иштешесиздерби?

Табылды Акеров: Алардын жыйынтыгы чыгып калган да. Ал жерде да сөз болду. Бизден кийин да комиссия болушу мүмкүн. Мисалы, БУУдан, же башка уюмдардан. Ошондуктан биз ойлонуп жатабыз, биз алардан көз карандысыз туура баа кылсак, анткени кийинчирээк БУУдан текшерүү болуп калса биздики туура болуп, дал келишкендей болсун деп. Өкмөттүк эмес уюмдардын текшерүүсүндө дагы бир жактуурак көрүнүп калган деген ойлор айтылды. Андыктан ошондой чечим кабыл алдык.

- Алгач кайсы маселелерге көңүл бурулат?

Табылды Акеров: Биринчи күндөрү керектүү материалдарды чогултабыз. Сегиз блокко бөлүндү, ММКларда кандай болду, саясий партиялар ушул окуяларда кандай роль ойноду ж.б. Бул окуяга кандай себептер болду? Мисалы, Конституциялык реформалар канча жолу жүрдү? Ошолордун бардыгы эмнеге алып келди? Мисалы, саясатчылар, журналисттерди куугунтуктоо, адам өлтүрүүлөр, 7-апрелге түрткү болгон нерселердин баарын аныктап чыгып, анан саясий баа берүү жөнүндө сөз болду.

- Эл аралык эксперттер менен да иштешесиздерби?

Табылды Акеров: Ооба, керек болсо иштешебиз. Мисалы, конфликтолог жана башка адистер керек болсо ошолордун да кеңеш алсакпы деген ой бар. Балким комиссиянын мүчөлөрүнүн баарына тең бир күндүк болсо да эл аралык уюмдардан пикир алмашуу, кандай жол менен изилдеш керек, тажрыйба алуу боюнча иш карасакпы деген боюнча да сөз болду.

- Бул комиссия болжол менен канча убакыт иштейт?

Табылды Акеров: Болжол менен 18-июнга чейин бир жыйынтыкка келгенге аракет кылып, 20-июнда ишин бүтүрөт го дейм.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG