Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Жоголгон аскерий техникалар үчүн ким жооп берет?


Болот Жанузаков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.
Болот Жанузаков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков Кыргызстандагы Орусиянын аскерий жайлары, бул багыттагы кызматташтык боюнча суроолорго жооп берди.

- Орусиянын Канттагы авиабазасынын аткарган милдеттери азыноолак коомчулукка маалым, ал эми Каракол, Майлуу-Суу жана Спартактагы Орусиянын аскер базалары эмне кызмат аткарышат?

- Кыргызстандын аймагындагы орун алган Орусиянын аскерий базалары Советтер Бирлигинин тушунда курулуп, ошондон бери иштеп келе жатат. Булардын бири - Канттагы аба күчтөрүнүн аскер базасы. Ал эми Караколдогу орусиянын аскер базасы элге белгилүү. Чалдовардагы аскер базасында негизги космостук техниканын байланыш түйүндөрүнүн негиздери ошол жерге топтолгон. Спартактагы аскерий база элге анчейин белгилүү эмес. Анын чоо-жайын айтыш үчүн убакыт көп кетип калат.

Мен азыр өзүмдүн пикиримди элге билдирип койсом, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан кийин өзүнүн коопсуздугун, элинин тынчтыгын сактоо боюнча бир катар эл аралык уюмдарга мүчө болбодубу. Бүгүнүкү күнү Кыргызстан Жамаатык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Канттагы аба күчтөрнүн аскерий базасы ушул келишимдин негизинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тез чара көрүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүкчөсү болуп эсептелет. Муну 2003-жылы орус жетекчилиги келип ачканда бүт элибиз кубанып, эл аралык тероррчулукка каршы күрөшүүдө дагы бир жаңы күч пайда болду. Өлкөнүн коопсуздугун сактоо маселеси дагы бир тепкичке көтөрүлдү деп бардыгыбыз жакшы эле кубанганбыз. Элдин айтуусунда, азырКараколдогу аскер базасы кыйын абалда калыптыр. Эгерде биздин аймактагы Орусиянын төрт аскерий базасы жакшылап иштеп кетсе геосаясий, экономикалык жактан мааниси өтө жогору.

- Болот мырза, Кыргызстан аскерий кызматташуусун Орусия менен арттырганы жөндүүбү, же АКШ менен кызматашканы оңбу?

- Биз Орусия менен СССР учурунда бир мамлекетте болгонбуз. Ошондуктан эң биринчи биз Орусия менен мамилебизди, достугубузду чыңдап, эң биринчи өзүбүздүн коопсуздугубузду сакташ үчүн алар менен аскерий байланышыбызды үзбөшүбүз керек деп ойлойм.
Дипломатияда “бир сени менен, башкасынын кереги жок” деген туура эмес болуп калат. Ошондуктан Орусия менен АКШ жана башка мамлекеттер менен да аскерий кызматташтыкты, достук байланышты үзүүгө болбойт.

- Буга чейин А. Акаевдин мезгилинде аскерий учактар, ракета, оор техникалар сатылып кеткени айтылып келсе, кийинчерек Бакиевдин доорунда Нарындагы танкалык бөлүк жоюлуп, танктарды кайда алып кеткени белгисиз болууда. Ушул маселелер тууралуу маалыматыңыз барбы?

-1991-2005-жылдардын ортосунда бир топ аскерий техникалар жок болуп кеткени чын. Бул боюнча убагында кылмыш иши козголуп, ар-кандай ой-пикирлер айтылып жүргөн. Бирок менимче, ушул аскерий техникаларды жок кылган ошол кездеги министрлерди, ошол кездеги алардын орун басарларын, аскер бөлүктөрдүн башчыларынын аты-жөнүн атап, элге билдирсе туура болот эле. Баарын чогултуп келип Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында деп айта берсек бул туура эмес болуп калат го деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат

XS
SM
MD
LG