Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

В.Карякин: К.Бакиев Москваны алдап кеткен


Мурдагы президент К. Бакиев 2009-жылдын 3-февралында Москвада орус президенти Д. Медведев менен жолугушуп, "Манастагы" АКШ базасы чыгарылаарын айткан эле.
Мурдагы президент К. Бакиев 2009-жылдын 3-февралында Москвада орус президенти Д. Медведев менен жолугушуп, "Манастагы" АКШ базасы чыгарылаарын айткан эле.

Орусия да, АКШ да Кыргызстандагы кырдаал турукташмайынча кандайдыр бир база, же машыгуу борборун ачууга белсенбейт, деп билдирет орусиялык стратегиялык-иликтөө институтунун илимий кызматкери, аскерий эксперт Владимир Карякин.

- Орусия Кыргызстандын аймагына аскерий машыгуу борборун ачса, ал кандай багытта болот?

- Ооба, Кыргызстанга америкалыктар да, орусиялыктар да ушундай база ачуу тууралуу ниеттери бар экенин билем. Бирок Кыргызстанда саясий режим турукташмайын эки өлкө тең мындай борбор же база ачууга барбайт. Эмнеге дегенде мурдагы президент Бакиевди алсак, алгач АКШнын базасын жабууга сөз берип Москвадан насыя алып, кайра АКШ базасынан да насыя алып, баары мурдагыдай эле калды. Башкача айтканда Москваны алдап койду. Азыр эми жаңы бийлик толук калыптана элек. Шайлоолор өтсүн, андан ары белгилүү болот. Жаңы бийлик кырдаалды көзөмөлдөй алабы, жокпу ошого да жараша болот. Кырдаал турукташса анда машыгуу борбору ачылат. Эгер болбосо эки өлкө тең база ачууну каалабай да калышат. Азыр Кыргызстанда Орусия деле, АКШ деле ишенип, таяна турган сасяий күч жок болуп жатат.

Менимче, бул күч структараларын даярдоо борбору болот го. Мен бул жерден тоо аскер бөлүктөрү жана жөө аскерлерди, полициянын зардалдарын (командир) даярдоо керек деп ойлойм. Негизинен эч кандай аба жана башка күчтөр үчүн эмес, кадрларды даярдоо борбору болушу керек. Калгандарына азырынча эрте.

- Сиз айрым маалымат каражаттарына Кыргызстандын армиясы учурда алсыз экенин айткан экенсиз. Кандай аргументтерге таяндыңыз?

- Кыргыз армиясы ички коопсуздукту камсыз кыла албагандан кийин сырткы күчтөрдөн кантип сактайт? Ошондуктан армияны күчөтүп, бекемдеш керек. Ар кандай жаңжалдын алдын тосуп, ошол эле өзбек улутундагылардын артынан түшүүлөрдү токтотуш керек. Албетте Орусия буга киришпей, бул Кыргызстандын иши деп турат. Чындыгында Кыргызстандын армиясы алсызыраак. Албетте бул жерде армиянын башындагы жетекчи чечкиндүү жана компетенттүү болуш керек, ошол өлкөнүн саясий жетекечисин колдоосу да зарыл. Андан сырткары ички бейбаштар, же өлкөнү дестабилдештирүүнү каалагандардын жолун тоскон Орусиядагыдай ички аскер бөлүгү болуш керек деп ойлойм.

- Жок, сиз эмнелерге таянып, кандай негизде ушунтип айтып жатасыз деп сурап жаттым эле да?

- Казакстандын армиясы АКШ менен тыгыз байланышта экенин баары билет. Ошол эле учурда Орусиядан да жардамдарды алат. Америкалык учактар, техника сатылып алынып жатат, казак армиясында орусиялык куралдар бар. Негизинен казак армиясын дээрлик ар кандай кырдаалга даяр десе болот. Анын үстүнө ал жакта саясий кырдаал стабилдүү. Ал эми Кыргызстанда Акаев болобу, кийинки адамдар болобу алар армияны ойлонгон да эмес. Менимче ушундай коррупцияланган өлкөдө армияны каржылоо абдан төмөн болсо керек. Эгер мамлекеттик каражаттар маселен, Бакиевдин баласы тарабынан уурдалып алынып жаткан чакта мамлекеттик маанилүү маселелер чечилбей калып жаткан. Азыр так эсимде жок. Бирок Кыргызстанда оор техника жок. Болгону жеңил гана техникалар бар. Андай шартта тышкы соккуга туруштук бере албайт. Ошондой эле айрым кошуна өлкөлөрдүн армиясынан Кыргызстан армиясы саны боюнча да аз.

- Эгер жогоруда айтылган борбор ачылса, анын алкагында Орусия Кыргызстанга жардам бере алабы, ошол эле кыргыз армиясына?

- Эгер бийлик башына күчтүү саясий башчы келип, кырдаалды туруктуу кармап тура алса, башкысы легитимдүү бийлик болсо Орусия тарабынан аскерий-техинкалык жактан, унаа жана аскерлерди окутуучу адистер жагынан да жардамдар болот деп ойлойм.

- Сиз Кыргызстанга күчтүү башчы келсе деп айтып жатасыз. Азыркы бийлик анчалык күчтүү эмес деп ойлойсузбу?

- Ооба, азыр шайлоолор өтмөйүнчө эмне болору белгисиз. Балким Ошто болгондой жаңжал кайра кайталанып кетиши ыктымал. Азыр белгилүү эмес да. Кыргызстандагы туруктуулук маанилүү, тактап айтканда исламисттер жихад жарыялаптыр деген сөздөр бар. Ар кандай коркунучтардын жолун тосуш керек, албетте бул Москваны да, ошол эле кезде Кытайды да тынчсыздандырат. Буга саясий эрк да керек, болбосо Кыргызстандын экинчи Ооганстанга айланып кетүү коркунучу бар.

- Аскерий эскперт катары айтсаңыз, Кыргызстандын экинчи Ооганстан болуп калуусуна кандай коркунучтар бар?

- Радикал ислам жана терроризм кырдаалдан пайдаланып бир нерсе баштаса бул Кытайда Шиң-Жаң Уйгур провинциясы, андан ары Өзбекстанга жайылса бул Борбор Азияны талибдештирүү болот. Ооганстандан америкалыктар кетсе, талибдер ээн-эркин жүрүп калат. Алар Түндүккө тарайт. Мунун биринчи курмандыгы Кыргызстан болот.

XS
SM
MD
LG