Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

Бектур Асанов: “Бекназаров укпа дегенди укпай калбайм да”


Өткөн аптада Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрүнүн телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып кеткен. Көп өтпөй Азимбек Бекназаров менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун да телефон сүйлөшүүлөрү интернетте тарады. Буга байланыштуу “Азаттыктын” айрым суроолоруна Бектур Асанов жооп берүүгө макул болду.

- Телефондук сүйлөшүүлөр боюнча бир нерсе айта аласызбы? Сүйлөшкөнүңүз анык беле же монтаж деп ойлойсузбу?

Бектур Асанов: Мен ал темада сүйлөшкөм, ал жерде мен тараптан да, Бекназаров тараптан да эч кандай мыйзам бузуп сүйлөшкөн эмеспиз. Мен Бекназаровго кайрылгам, Авазов дегенди Жалал-Абадга коюп берүүнү суранган, себеби ал энергетик катары республикага таанымал, ал кайсы жерде иштесе ошол жерде электр жоготуу аябай азайып, жакшы деңгээлге чыгат, ал киши өзүн көрсөткөн. Бирок ал кишиге каршы болгондор аябай көп эле, ошон үчүн мен муну Бекназаровго гана эмес, өкмөттүн экономика тармагын тейлеген мүчөлөрүнө Салайдин Авазовду коюп берүүсүн сурангам. Бир гана Бекназаров менен сүйлөшкөнүм жазылып калыптыр.

- Бекназаров сиз менен сүйлөшкөндө Атамбаевди да, Текебаевди да укпа деген сөздөрдү айткан экен?

Бектур Асанов: Мен Бекназаров укпа дегенди укпай калбайм да, каалаганымды өзүм каалагандай угам.

- Телефондук сүйлөшүүлөр жазылып бүт интернетке тарап атат. Муну ким жасап атат деп ойлойсуз?

Бектур Асанов: Менин оюмча өкмөт мүчөлөрүнүн ичинде бири-бирин аңдымайды токтотуш керек. Убактылуу өкмөттөгү ар бирин Кыргызстандын эли карап турат. Ошондуктан мындай ишенбөөчүлүктү, бирөөнү бирөө аңдыганды токтотуш керек, биргелешип ынтымакта иштөө керек. Бүгүнкү күндө бизге ынтымак гана керек.

- Убактылуу өкмөттүн ичинен бирөө гана жасап атат деп ойлойсузбу же сырттанбы?

Бектур Асанов: Бул боюнча айтыш кыйын, себеби бул боюнча кесип ээси эмесмин, айта албайм.

- Сүйлөшүүдө монтаж барбы же жокпу?

Бектур Асанов: Мен өзүм уккан жокмун, болгону гезиттен көчүрмө түрүндө гана көрдүм. Анын үстүнө ал темада сүйлөшкөнүбүзгө бир айдан ашты, аны толук эстей албайм.

- Бир ай мурда сүйлөштүңүздөр беле?

Бектур Асанов: Ооба, бир айдан ашык убакыт мурун.

- Сырттан ушуну казактар же Орусиянын атайын кызматтары жасап атат деген сөздөр бар. Ошолор жасашы мүмкүнбү?

Бектур Асанов: Мүмкүн, мүмкүн.

- Ушул сүйлөшүүлөр Убактылуу өкмөт ичиндеги келишпестикти көрсөтүп атат деген божомолдор бар, сиз кандай ойдосуз?

Бектур Асанов: Эми сөзсүз түрдө далилдеп атпайбы, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн берген интервью, маалымат жыйындарында бири-бирин жамандап, шыбамай азыр орун алып калбадыбы. Мен кечээ Бишкек шаарында болуп, Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү менен жолугуп, мен аларга ынтымактуу болгула деп кайрылдым. Ушундай учурда бири-бирибиз менен тирешкенибизди эч ким кечирбейт.

- Атамбаев да маалымат жыйын өткөрүп, сиз менен жолукканын айтты, ошол туурасында кыскача айта аласызбы?

Бектур Асанов: Жолуктук, өлкөдөгү саясий акыбал жөнүндө сүйлөштүк. “Алмаз Шаршенович, эми мындай кайым айтышканды токтотуш керек” деп айттым. Ал киши мага “бекем бол, Жалал-Абадда Кыргызстан үчүн бекем иште, азыр Жалал-Абад менен Сузак орчундуу болуп турат” дегендей өз акылдарын айтты. Биз аябай жакшы маанайда сүйлөштүк. Атамбаев, Текебаев, Чотонов, Бекназаров, Исаков, Отунбаева, Каптагаев, Дүйшөбаев менен жолугушуп чыктым.

- Дагы башка сүйлөшүүлөр чыгып калышы мүмкүн деген кооптонуулар жокпу?

Бектур Асанов: Билбейм, мен тараптан эч кандай кооптонуу жок, себеби мен телефон аркылуу мыйзамдын чегинен чыккан сырт темада сүйлөшкөн эмесмин.

- Үсөн Сыдыков менен мурда сүйлөшкөндө "аксакал сизди колдойт" деп айтканы бар эле. Бакиевдер менен байланыша алдыңызбы же сизге байланышып сүйлөшкөндөр болдубу?

Бектур Асанов: Ыңкылаптан кийин эки күндөн соң, 9-апрелде бир гана жолу сүйлөшкөм андан кийин эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок.

- Телефондук сүйлөшүүлөрдү Казакстан же Орусия жасашы мүмкүн деп коомчулукта айтылып атпайбы, алардын биздеги телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого эмне кызыкчылыгы бар?

Бектур Асанов: Эми алар деле Кыргызстанда эмне болуп жатканын, кыргыздар жөнүндө толук маалыматты алгысы келет да.

- Азыр ызы чууга түшүп аткан миллион доллар боюнча сиздин маалыматыңыз барбы?

Бектур Асанов: Өкмөт тарабынан расмий бөлүнгөн акча деп атат, аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев да далилдеди. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир шектүү деп айтканга негиз жок, мыйзамдын чегинде бөлүнгөн акча деп ойлойм.

- Жалал-Абаддагы окуялар боюнча атайын операцияга жумшалганы боюнча сиздин маалыматыңыз жокпу?

Бектур Асанов: Жалал-Абадга, өзүңүздөр билесиздер, бир топ авиа рейстер менен жүздөгөн укук коргоо кызматкерлерин алып келип, кайра алып кетип, алардын тамак-ашы, күйүүчү майлары жана башка көп чыгымдар кетти. Мунун отчетун бизге бербейт, алардын өздөрүнүн эсеп-кысаптары болуш керек.

XS
SM
MD
LG