Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

«Азаттыкты» коргоо пикети өтөт


"Азаттыкты" колдогон акциядан, 2005-жылдын 28-февралы. ("Азаттыктын" уктуруулары 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында да тоскоолдуктарга кабылган эле)
"Азаттыкты" колдогон акциядан, 2005-жылдын 28-февралы. ("Азаттыктын" уктуруулары 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында да тоскоолдуктарга кабылган эле)

Социал-демократтар партиясы Бишкекте жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына байланыштуу 15-мартта пикет өтөөрүн жарыялады.

Иш-чара саат 16.00да ЕККУнун (ОБСЕ) кеңсесинин (Токтогул-Исанов) жанында болмокчу.

«Азаттыктын» программаларын (радиоберүүлөрү жана «Ыңгайсыз сурооолор», «Азаттык+» телекөрсөтүүлөрүн) алгач УТРКдан алып салышкан. Ал эми февралда Кызыл-Кыядагы «Роял», Таластагы «Мост» радиолору «Азаттык» менен ишин токтоткон. Ал эми 10-марттан тартып Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурбай калды. Улуттук байланыш агенттиги теле жана радиокомпанияларга эч кандай кысым болбогонун айтышууда. "Азаттыкка" кысым акыркы саясий окуларга жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичтин ишинен кийин катуулады.

"Азаттыкты" уга албай калышканына кабатырланган угармандар тынымсыз телефон чалышууда. Төмөндө Бишкек шаарынын айрым тургундарынын пикирлери сунушталмакчы.

Бүбүкан, 70 жаштагы пенсионер:
- Мен «Азаттык» радиосун уктурбай жаткандыгына байланыштуу “канды кудай ураарда калкы менен кас болот” деген макалды мисал кылат элем. Эми биз дүйнөдөгү, Кыргызстандагы жаңылыктарды угабызбы, же Бакиевдердин эле теледен чыкканын эле угабызбы. Эч жанылык укпай калдык. Ордуна коюп койсун, коюп койбочу болсо эл толкуйт...

Калыскан Эшалиева: - «Азаттыктан» башка эч нерсе укпайбыз. Нарындагы митингди, башка жактардын баарын «Азаттык» ачык сүйлөп атпайбы. Силерден башка акыйкат радио жок болуп атат азыр.

Калипа Жээнбаева: - Уят да, эмне кереги бар, үйдө отурган оорлуу кишилер кичине жаңылыкты укчу элек го. Анын эмнесин жашырып атат, эмнеге кысым кылат. Эл деген эл да. Элди ушинтип эле тиягынан да, биягынан да кыйнайт. «Азаттыкты» угуп отурсак, аны да жапты. Эмне кереги бар ушундай жашоонун...

Нурайым: - Эмне үчүн булар «Азаттыкка» кысым кылышат. Бул деген эркин радио станция да, бул эч кандай бийликке тиешеси жок. Чыныгы кабарды дагы укпайбызбы биз? «Азаттыктан» башка, КТР көргөзбөсө, «Ыңгайсыз суроолоруңарды” да алып салды. Бул эркин сөздү басмырлоо. Жалпы элдин кыжырын кайнатып атат.

Нурбек Касымов: - Бул жактан саат алтыны толтура балдар “Азаттыкты” күтүп отурган, угалы деп. Баары эле жини кайнап отурушат. 17синде баарыбыз чыгабыз Кудай буюрса.

Ырысмамат Каримов: - Жабылуусуна мен аябай каршымын. Мага окшогондор толтура. «Азаттыкты» дайыма күтөбүз, угабыз. Кыргызстандын телерадиолорунда эч нерсе жок, чыйкылдактан башка эч нерсе бербейт.

Кубаныч Байгазиев: - Аскар Акаев да учурунда “Азаттыкты” жапкан эле. Мен ошондо силерге чалып, Акаевдин бийлиги кулашына аз калыптыр деген оюмду айткам. Эми Бакиев дагы кысым жасап жатыптыр...

Нураян Залкарова: - Ыңкылап учурунда мен да митингде жүрүп, Бакиевдин бийликке келишине салым кошкон элем. Ошондо эл “Азаттыктын” жардамы, чындыкты чагылдыруусунун артында көтөрүлүп, анан Бакиев президент болгонун унутуп калыптыр да. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт. Силерди укпай кулак мурун кескендей болуп эле отурабыз.


P.S. «Азаттыктын» обого чыкпай калышына байланыштуу президенттин алдындагы катчылыктын жооптуу кызматкери Илим Карыпбековго кайрылганыбызда «Азаттыктын» обого чыкпай калганы тууралуу маалыматы жоктугун билдирип, расмий кайрылуу болсо маселени иликтеп чыгууну убада кылды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын байланыш агенттигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Улан Асаналиев менчик телерадиолорго «Азаттыкты» уктурбоо буйругу берилгендигин тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG