Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Т. Акун: Кээ бир чиновниктердин туура эмес аракеттерин ачык айттым


Бүгүн акыйкатчы Т. Акун президент К. Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Акыйкатчы андан соң “Азаттыкка” маек куруп, өлкө башчы менен адам укуктары, Исмаил Исаковдун камалышы тууралуу сөз болгонун айтты.

Турсунбек Акун: - Акыйкатчы катары Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында берген баяндаманы толук айтып бердим. Саясий укуктар, шайлоого болгон укуктар, тынч жыйындарга чогулуу укуктары боюнча, канча адам кабыл алдым, кандай проблема болду, кайсы чиновниктер маселелерди чечпей койду, ушуларды айтып бердим. Ноокаттагы, Петровкадагы окуялар, кээ бир саясатчылардын үстүнөн болгон соттук процесстер, кыскасы баарын айттым.

"Азаттык": - Президенттин реакциясы кандай болду? Сиз мына өлкөдө адам укугунун абалы начарлап кетти деп айтып келесиз.

Турсунбек Акун: - Президент албетте алгач, “докладыңар былтыркыга караганда сапаттуу болду”, деди. Депутаттар да айтышкан окшойт. Президентке мен киргенге чейин эле доклад тууралуу маалыматы бар экен.

Мен тынч жыйындарга чогулуу укугу боюнча айттым. И. Масалиевдин мыйзамы эл аралык стандартка туура келбейт деп айттым. Сиз берген көрсөтмө менен жаңы мыйзам иштеп чыктым, ошол боюнча жумушчу топтун башчысы болом. Аны Венецияга жибердик. Ошонун негизинде Венециядан корутунду келди. Жаңы мыйзамдын долбоорун парламентке киргизип жатабыз дедим. Президент “киргиз, колумдан келишинче колдоо көрсөтөм”, деди. Төлөкөн Исмаилованын арызы боюнча Консититуциялык сот чыгарган чечим тууралуу айттым. Аны “туура кылды” деди. Колдоду.

Ысык-Көлдө акыйкатчылардын эл аралык форумун өткөрбөдүм беле. Аны айтып бердим. Он сегиз акыйкатчы катышты, алардын баары Кыргызстан тууралуу жакшы пикирде кетишти дедим. Эл аралык уюмдардан үч жылга 820 миң доллар алуу боюнча кол коюп иштеп жатканыбызды айттым.

Ноокаттагы окуяда соттолуп кеткендер боюнча айттым.

"Азаттык": - Саясий куугунтуктар тууралуу кеп козголдубу?

Турсунбек Акун: - Мен акыйкатчы катары саясий куугунтук болуп жатат деп айта элекмин.

"Азаттык": - Шайлоодон кийин камалгандарга кандай деп баа берип жатасыз?

Турсунбек Акун: - Мен аларга саясий куугунтук катары баа бере элекмин. Мен бул алардын укугу тебеленип, тынч чогулууга карата, бир жерден экинчи жерге эркин жылуу боюнча укугу бузулду деп атам. Мен мисалы президентке Балыкчыдагы окуя боюнча эч кандай кылмыш ишин козгоонун кереги жок болчу деп айттым. “Курманбек Салиевич, аны жөн гана административдик кылмыш кылыш керек болчу”, дедим. Алар чыгышты, кичине кемчилик кетирип коюшту, мэрияга жүгүрүштүн кереги жок эле. Бирок алардын өзүнүн пикирин айтууга акысы бар. Курманбек Салиевичке президенттик шайлоодо бурмалануу болду, бирок сиз жеңдиңиз. Алмаз Атамбаев болсо тигинтип кетип калды. Бирок бурмалоо болгондугу чын. Анан алардын чыкканга акысы бар, аларга кылмыш ишин козгоонун зарылчылдыгы жок. Кыдыкбек Исаев деген губернаторуңуз бөрк ал десе баш алган неме экен дедим. М. Суталинов да КГБ болуп туруп алып адам укугун тебелеп атат деп айттым. КГБнын СИЗОсунун башчысы жөнүндө айттым.

Нурлан Сулайманов - унаа министрин айттым, беш гектер жерди элге берип алып, эми кайра кол койгон жокмун деп жер бербей атат. Жети миң киши жер алалбай атат дедим.

Президент менен Исмаил Исаков тууралуу сүйлөштүк. Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",-деп айтты

"Азаттык": - Сизге маалым болгондой буга чейин эл аралык укук коргоочу уюмдар, мына бүгүн эле АКШнын мамлекеттик департаменти адам укугу боюнча баяндамасын жарыялады. Аларда бир ооздон Кыргызстанда адам укук боюнча абал начар деп айтылат. Ошол эле журналисттерге болгон кол салуулар, куугунтуктар боюнча. Сиз бул тууралуу президентти кабардар кылдыңызбы?

Турсунбек Акун: - Ооба. Павлюктун өлүмү, Сыргак Абдылдаевдин сабалышы, журналисттердин чет мамлекеттерге качып кетип атышы боюнча айттым. Президент Пвлюктун өлүмү боюнча Казакстан тергеп атпайбы, биздин кандай тиешебиз бар дейт. Бул эми анын пикири, мен макул боломбу же болбоймбу бул башка маселе. Курманбек Салиевич, Кыргызстанда журналисттердин сабалышы Кыргызстанга аброй алып келбейт дедим.

Мен АКШнын департаментинин баяндамасын туура эле көрөм. Адам укугу боюнча абал мурдагы жылдарга караганда көп тармактар боюнча артка кетти. Кээ бир гана тармактарда жылыштар бар.

"Азаттык": - Ошол абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө сүйлөштүңүздөрбү?

Турсунбек Акун: - Эми мындан ары Акыйкатчы менен тез-тез эки-үч айда бирден жолугушуп туралу деп сүйлөштүк.

Мен Нарынга барып келбедимби. Ошол жакта адамдардын укуктары тебеленип жаткандыгы тууралу айттым. Президент өзү ал боюнча билет экен. Жаңы эле менин алдымда, катчылыктын башчысы менен өкмөт башчыны кабыл алып катуу тапшырмаларды берди. Жакында кудай буюрса көп экономикалык маселелер чечилет окшойт.

Биз кызматташып туралы. “Курманбек Салиевич, көп кемчиликтер бар, аракет кылалы”, дедим. Жер-жерлердеги чиновниктериңиз, акимдериңиз, кээ бир губернаторлоруңуз аябай начар иштеп атат деп айттым. Жакшы иштеп аткандарды да айттым. Акыйкатчыга көп маани бербей жатышат дедим. Кээ бир Суталиновго окшогондор кабыл албай жатат, сүйлөшө албай жатабыз дедим.

"Азаттык": - Турсунбек мырза, акыркы күндөрдө "Азаттыкты" уктуруп жаткан айрым шериктери аны уктуруудан баш тартып, жогору жактан кысым болуп жатканын айтууда, маселен эки күндөн бери Бишкекте уктурулбай калды. Ушул боюнча маселе козгодуңузбу?

Турсунбек Акун: - Мен муну кечирээк угуп калдым. Албетте бул туура эмес. Бул боюнча мен Акыйкатчы катары президентке кат жазам, парламентке кайрылам, билдирүүлөрдү жасайм. Иши кылса колдон келген аракеттин баарын жасайм.

"Азаттык": - Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG