Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

"Азаттык+": Азык-түлүктөр жана саламаттык


“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөр жана саламаттык” деген темага арналды.

Окумуштуулар саны 6 миллиарддан ашып бараткан калкты азыктандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттыруу, суук менен ысыкка чыдамдуулугун көтөрүү жана көпкө бузулбасы үчүн гендерин лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде өзгөртүп, мөмө-жемиштердин, жашылчалардын көп түрлөрүн өзгөртүшкөн.

Бирок кийинки кезде өнүккөн өлкөлөрдүн көбү, анын ичинде Европа биримдигине кирген мамлекеттерде гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөрдү колдонууга чектөө киргизип, кээ бирлери тыюу салып жатышат. Буга христиан, католик диндери да каршылык билдирип келет. Бирок Кыргызстан сыяктуу жакыр же өнүгүүдөгү мамлекеттер ал тууралуу ойлоно элек. Себеби гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөр табигый өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-аштарга салыштырмалуу арзан.

Бирок кыргызстандык адистер 2006-жылдан тарта Дүйнөлүк банктын колдоосу менен мындай азык-түлүктөргө чектөө салууга негиз берген мыйзам долбоорун даярдашкан. Тилекке каршы, ал ошондон бери парламент менен өкмөттүн ортосунда топ болуп келатат.

Гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөрдү колдонууга тыюу салуу же чектөө киргизүү зарылбы? Кыргызстанга башка жактан алынып келип жаткан азык-түлүктөрдүн сапаты текшерилеби? Кыргызстандын этин, балын, өрүк-алмасын башка мамлекеттер экологиялык жактан таза деп сатып алууда. Аларды өндүргөн фермерлерге өкмөт колдоо көрсөтүп, өзүбүздүн базар үчүн иштетсе болобу?

Мына ушул жана башка маселелер “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында козголду.

Азык-түлүктөр жана саламаттык. 1-бөлүк


Азык-түлүктөр жана саламаттык. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


Азык-түлүктөр жана саламаттык. 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


Азык-түлүктөр жана саламаттык. 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:14 0:00
XS
SM
MD
LG