Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

ЖККУ: Галстуксуз жыйындын калыстыгы барбы?


ЖККУнун Москвадагы саммити, 14-июнь, 2009-жыл.
ЖККУнун Москвадагы саммити, 14-июнь, 2009-жыл.

31-июль - 1 -августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекет башчыларынын бейформал жыйыны Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта жыйындын күн тартибинде уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашуу саясаты талкууланаары айтылган. Бирок бул жыйында Кыргызстандын түштүгүндө ачылышы ыктымал болуп аткан Орусиянын дагы бир аскердик объектиси тууралуу маселе да каралышы мүмкүн.

Министрликтин маалыматында айтылбаган, бирок күн тартибине кириши ыктымал маселелердин бири – Орусиянын дагы бир аскердик объектиси. Дагы бир дегенибиз, экинчи бир базасы Кантта жайгашкан.

Ошондой эле бул жыйында президенттер кайра шайланган Курманбек Бакиевди куттукташат.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, орус президентинин жардамчысы Сергей Приходько Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун курамына кире турган орусиянын аскер батальонун жайгаштыруу ырасмий Бишкек менен макулдашылды, деп билдирген.

Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Алмаз Турдумаматовдун маалыматы боюнча, Чолпон-Ата жыйынынын күн тартибинде бул маселе азырынча жок, бир “ар кандай маселелер” деген бөлүгүндө ал каралып кетиши да ыктымал.

6-июлда “Нью-Йорк Таймс” гезитине берген интервьюсунда К. Бакиев эки мамлекеттин коргоо министрликтери аскердик бул жаңы объектини ачуу шарттарын талкуулап жатышканын айткан.

- Бул база эмес, бул антитеррордук борбор, - дейт К.Бакиев. - Анда эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча машыгуулар болушу мумкун. Террорчулук түштүктө ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Биздин жана орус аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуу чаралары жүргүзүлөт. Ушундай эле болот.

Мурда Орусиянын базасы ачылышы ыктымал деген маалымат болгондо ага Өзбекстан кескин каршылыгын билдирген. Бул ирет, uzmetronom.com деп аталган сайттын маалыматы боюнча, Чолпон-Атада президент И. Каримов андай аскердик объектинин ачылышына каршылыгын билдириши ыктымал.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, АКШнын аскердик базасы атын өзгөртүп Кыргызстанда калгандан кийин Орусия өзүнүн таасирин Борбор Азияда сактап калып, түпкүлүгү суу, газ, мунай сыяктуу табигый байлыктарга көзөмөлүн күчөтүүнү көздөп жатат. Ага жараша Өзбекстандын аймакта таасири азайып, ал суу жагынан ири ГЭСтерди салып аткан Кыргызстан менен Тажикстанга дооматтарын басаңдатмак.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башында Орусия турары белгилүү, андан тышкары бул уюмга мурдагы советтик республикалар, азыркы эгемен мамлекеттер Армения, Белорус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө.

Уюмдун бул жолку жыйыны бекеринен 1-августка белгиленген жери жок. Бул күнү кыргыз президенти Курманбек Бакиев 60 жашка толот. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана миңдеген чиновниктер ага бул ирет жакшы белек тартуулашты – 23-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы менен Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө 80 пайызга жакын добуш менен кайра шайланды. Кыргыз оппозициясынын башкы талапкери, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана экинчи бир талапкер Жеңишбек Назаралиев шайлоону ыплас, мыйзамсыз өттү, ошол себептен Курманбек Бакиев легитимсиз президент деп жарыялашты.

КМШнын байкоочулары шайлоону адилет өттү деп баалаганы менен, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (OSCE) миссиясы, Европадагы шайлоолорго көзөмөл кыла турган уюмдардын биримдиги (ENEMO) 23-июлдагы шайлоолор демократиялык стандарттарга туура келбеген одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирди.

Ушундай шартта кыргыз президенти бийлигин легитимдештирип, эл аралык коомчулук көзүнө өзүн адалдап алууга бул ОДКБ деп аталган уюмдун салымы зор болуп калмакчы.

Кыргыз оппозициясынын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бул уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларына, өзгөчө, Д. Медведев менен Н. Назарбаевге кайрылып, арамы көп бийликти ыплас шайлоодон кийин адалдаштырып берүүгө катышпай эле коюуну суранган эле.

- Биздин штаб бул уюмдун мамлекет башчыларына кайрылуу кабыл алдык – бул жерге келгениңер уят, деп. Албетте элибиз маңкурт эмес, элибиз эч нерсени унутпайт. Азыр ОДКБ деп, анын шылтоосу менен келишсе коңшу мамлекеттин башчылары кыргыз эли да унутпайт аны, өздөрү уят болот, - деди «Азаттыкка» А. Атамбаев.

Freedom House уюмунун башчысы Дженнифер Уиндзордун айтымында, Москва авторитардык мамлекеттердин башчыларын колдоону акыркы кезде өзүнүн башкы саясатына айлантып алды. Кан төгүүлөр менен аяктаган Ирандагы шайлоонун жыйынтыктары чыгып-чыга электе эле Ахмединежад өзүнүн алгачкы чет өлкөлүк сапарын Москвадан баштаганы кокусунан эмес.

Ушул жагынан алганда Москва башкы ролду ойногон ОДКБ, Шанхай кызматташтыгы уюму сыяктуу эл аралык уюмдарга да адам укуктары басмырланып, бийликтери авторитаризмге ыктаган, ал эми коррупциянын гүлдөшү боюнча эң алдыда турган мамлекеттер мүчө.

Эксперттердин баамында, БШКнын алгачкы маалыматтары К. Бакиевдин 85% менен шайланганын көрсөтүп аткан маалда Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери биринчилерден болуп К. Бакиевди куттукташканы да кокусунан эмес.

XS
SM
MD
LG