Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Клара Кабилова бийликтин көзүн кароого аргасыз


Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрайымы Клара Кабилова жакында Москвадан келип, жергиликтүү маалымат агенттигине интервью берди. Анда ал Москвага өзү качып кеткенин, аны коркуткан адамдын үнү президенттин баласы Максим Бакиевдин үнүнө окшош болгонун, бирок азыр “ал Максим Бакиев эмес болуш керек” деп ойлоп атканын айтты.

Клара Кабилованын айтканына караганда, телефон чалган адам өзүн Максим Бакиевмин деп тааныштырганы менен, анын үнүн ал жакшы ажырата алган эмес. Анткени ал президенттин уулун бир эле жолу көргөн. Ошондой эле ал билдирүүсүндө өткөн парламенттик шайлоо бурмаланды дегенге негиз жок деп, шайлоо таза, калыс өткөндүгүн билдирген.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков Кабилова оппозицияга азгырылып, саясий оюндун курмандыгы болуп калгандыгын айтат. Анын айтымында, Кабилова өзүнүн катасын түшүнгөндүктөн кайтып келип олтурат:

- Эми бул саясат болуп кетти. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын жаратпай салалы деп муну пайдаланды. Оппозицияга алданып калды го. Эми өзү туура болгон ишти “туура эмес” деп ката айтып алганын сезип, билдирүү жасаганы го. Бирок кеч болсо да, шайлоо таза өткөн деп айтып койгону туура.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Кабилованын кайра Кыргызстанга келиши туурасында бир нерсе айтуу кыйын деп эсептейт. Клара Кабилова менен да, Максим Бакиев менен да көзмө көз сүйлөшкөн Акыйкатчы кимисине ишеништи да билбей жатканын айтат:

- Кабилованын качып кетишинин өзү көп нерседен кабар берет. Ушундан эле көп нерседен жыйынтык чыгарса болот. Мындан тышкары былтыр “Президенттин баласы мени коркутту” деген. Максим Бакиев менен сүйлөшсөм, ал “Жок, мен эч кандай коркуткан эмесмин” дейт. Анан кимисине ишенүүгө болот? Эмки билдирүүсүнө эч кандай комментарий бере албайм.

БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров Клара Кабилованын ушундай күнгө туш болоорун күн мурунтан эле билгендигин айтат. Анын пикиринде, бийлик анын колу менен акыйкатсыз шайлоо өткөргөн. Ал үчүн кези келгенде, Кабилова жана башкалар жооп беришет. “Мындай адамдар өз кызыкчылыгына жараша кайра тескери сүйлөй беришет” дейт ал:

- Менимче, “Максим Бакиев чалды” деп, Кабилова аша чаап кеткен. Максим ишти Садыркулов менен эле бүтүрүп коймок. Азыр ал кайра сатылып келди. Ушинтип сайрайсың, ушинтип үрөсүң деп. Анын кийин кереги жок калганда, таштап коюшат. Мен ошондо эле биздикилерге айткам: “Койсоңорчу, минтип койсо эле баса каласыңар. Алар бүгүн силерге келет, эртең кайра бийликке кетет. Булар ушундай адамдар, алардан алыс болуш керек” дегем.

“Клара Кабилова учурунда эркек жасай албай турган кадамга барды”, - деп эсептейт БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков. Анын ою боюнча, бала-чакалуу жалгыз аял киши азыркыдай билдирүү жасаганга аргасыз болуп жатат. Бул бийликтин ыплас ишинин дагы бир жолу экендигин көрсөтөт:

- Москвада ага бирөө келип, Садыркуловдон да коркунучтуу нерселерди жасап кетиши мүмкүн. Ошондуктан ага: “Же бул жакка келесиң, айтасың, антпесең, ошону көрөсүң” деп, алып келишсе керек. Аял киши болгондон кийин, айласыздан келет да. Азыр ал кандай сүйлөсө да, аны жаман көрбөй, эл түшүнүшү керек. Азыр мындан Кабилованы ошондой жолго түртүп жаткан бийликтин жүзүн көрүш керек.

Серепчи Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Клара Кабилова бул кызматка келгенде эле жаңылган. Анткени бул - өтө чоң жоопкерчиликтүү кызмат. Аны бул кызматка алып келгендер андан тиешелүү нерселерди талап кылмак. Ага көнбөй койсо, баары тескери бурулуп кетишти. Анан ортого ошол эле аны түрткөн саясатчылар түшүп, “Ушундай билдирүү менен чык” деп түртмөлөгөн:

- Бул болсо шайлоонун алдында: “Мына, мурдагы шайлоо жакшы өткөн деп Кабилова да ырастап жатат” дегендей бийликке реклама кылганга ыңгайлуу болуп жатат. Өзүнө да калыбына келүүгө шарт түзүлүп жатат. Бирок баары бир буларга ким ишенмек эле.

БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова өткөн күздө Москвага качып кеткен. Ал муну президенттин уулу Максим Бакиев телефон аркылуу аны коркутуп жаткандыгы менен түшундүрүп, бул туурасында телефон аркылуу видео-тасма калтырып кеткен. Баш прокуратура таратылган виде-отасма боюнча кылмыш ишин ачып, жабырлануучу арыз менен кайрылган жок деп, кайра ишти кайра жаап койгон.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG