Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Анжияндагы достук сүйлөшүүлөр чек ара талашын чечпейт


Чек кыштагында элдин чыдамы түгөнүп баратат
Чек кыштагында элдин чыдамы түгөнүп баратат

12-майда облус губернатору Кошбай Масиров баштаган топ Анжиян облусунун башчысы менен жолугушуу үчүн Өзбекстанга барды. Облустук бийликтин өкүлү анда чек ара маселеси каралбай тургандыгын билдирүүдө. Ноокен районундагы Чек айлынын тургундары тагдырына арабөк караган кыргыз бийлигине нааразылыгын айтууда.

Анжиян шаарына Жалал-Абат облусунун губернатору Кошбай Масиров, облустун ички иштер башкармасынын жетекчиси Кемелбек Кыязов, Ноокен районунун акими Турдумамат Сагындыков жана аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы барды.

Облустун жетекчилигин Өзбекстандын Анжиян облусунун акими сүйлөшүүгө чакырган. Аларды коңшу өлкөнүн Бек-Абат чек ара бекетинде аталган облустун акиминин 1-орунбасары менен Пахта-Абат районунун акими тосуп алышты.

Жалал-Абат облустук акимчилигинин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдун ырасташында, жолугушууга эки тараптан тең мурдатан далалаттар жасалып келген. Бул жолку учурашуу – соңку кездери бир аз солгундай түшкөн достук мамилелерди күчөтүү максатында болду.

"Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси жана Ноокен районундагы Чек айлы тууралуу сөз болбойт", - деп айтты «Азаттыкка» Кадырбек Бечелов.-Чек ара маселеси өкмөттүк деңгээлде каралат да…Ал иш эки президент менен коңшу өкмөттөр чече турган маселе. Бүгүн өтүп жаткан жолугушуу – бул эки элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, карым-катнаш жасоо, өз ара кызматташуу үчүн болуп жатат.

Ноокен районундагы Чек айлынын жарандары тагдырына кайдигер караган кыргыз бийлигине доомат билдиришти. Алардын айтымында, айылга өзбек чек ара кызматынын бекети менен бетон тосмосу коюлуп, күнүнө эки ирет текшерүү жүрүп жатса, бийликтегилердин көңүл кош мамиле жасап жатканы кызык.

Айыл тургуну Манап Божоев өзүн курал-жаракчан кишилердин курчоосунда жүргөндөй сезерин айтты. Адам укугу дегеле эске алынбай калды. Өткөн аптада президентке, Жогорку Кеңешке жиберген кайрылуудан жыйынтык жок. Чыдоонун чеги түгөнүп баратат.

- Бул-жерде ата-бабабаларыбыз жашап өткөн. Кыргыздар башка элге багынган эмес. Биздин жерлерди убагында башкарма болуп жүргөн адам берип жиберген деген түкшүмөлдөр бар. Керек болсо, ошол адамды таап алсак, үй-бүлөсү менен Чекке сүйрөп кирип, «биз менен бирге жашап көрчү деп айтышыбыз да ыктымал. Биздин тагдырыбызды, укугубузду чечип бергиле, жер Кыргызстандыкыбы, же Өзбекстандыкыбы, аныгын айткыла, - деп 24 үй-бүлөдө жашаган 158 адам президентке, Жогорку Кеңешке кайрылганбыз, кайсы мамлекет болсо да бизге компенсация төлөсүн. Жыйынтык жок. Биздин чоңдордун биз менен иши жок. Коопсуздук кызматы деген Коопсуздук Кеңеши деген бар эле. Адахан Мадумаров деген кызматкерибиз бар деп угабыз. Ал эмне үчүн унчукпайт, же айылга келбейт, бизге беймаалым аягы. 19-апрелден бери немистердин оккупациясында калгандай өзбек чек арачыларына басмырланып, коркуп жашап атабыз. Солдаттар ороп алган ар тараптан. Айылда карылар, ооорукчан адамдар бар - деди айылдагылардын талабы тууралуу Манап Божоев.

Чек ара бекети менен бетон тосмо 30-апрелге караган түнү коюлган. Ага дейре Өзбекстандын Пахта-Абат районунун жетекчилиги (акимдин орунбасары эки ирет, аким Абдрахманов Шухратбек өзү бир жолу) айылга үч ирет келип, жыйын өткөргөн. Жалал-Абат облусунун губернатору К Масиров Өзбекстан ээлеп алган айылга 3-майда барып, жарым саат туруп, кайтып келе берген. Айылдыктар өзбек акиминин Пахта-Абат (эски адамдар Сталин арык деп коюшкан) суунун көпүрөсүнө бекет коюу оюна каршы чыгышкан. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын чек ара маселеси чечилгенче тосмо орнотууну кое туруу керек, деген сөзгө өзбек акими кулак салбаган.

Анткени чектиктер өзбек чек арачылары тарабынан эртең менен Сакалды айыл өкмөтүндөгү жерин иштетүүгө баратканда жана жумуштан кайтканда көздөн өткөрүлөт. Кыштак 19-апрелден бери өзбек чек арачыларынын колунда турат. Ошол күнү Өзбекстандын тартип сакчылары менен чек арачылары жана коопсуздук кызматтары, жалпысынан 40-50дөй адам курал-жаракчан, кишен жана желим союлчан келишкен.

Айылдын улуту өзбек тургуну Марипжан «Азаттыктын» айылда болгон кабарчысына 21-апрелде коңшу өлкөнүн аталган кызматкерлери Чектеги үйлөргө, короо- сарайларга киришип, тинтүү жүргүзүшкөн. Ашканалардагы өсүмдүк майларга дейре аңтарышкан.
Марипжандын эмне үчүн текшерип жатасыңар деген суроосуна «биз антитеррордук операция жүргүзүп жатабыз! деп жооп беришкен.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров 12-майда талашка түшкөн айыл тууралуу «Азаттыкка» курган маегинде төмөнкүдөй оюн билдирген:

Коопсуздук Кенешинин мурдагы катчысы, оппозициянын азыркы лидерлеринин бири Исмаил Исаков кыргыз чек арасынын кол тийбестиги бузулганын белгилеп, «Азаттыка» айткан сөзүндө кыргыз бийлигин сынга алган.

Облус бийлиги Анжияндан Чек айылы боюнча жакшы кабар менен кайтабы, азырынча ал жагы белгисиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG