Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

"Апа, менин колдорум кана?"


Таласта 5 жашар кыз оор жүк ташуучу машинанын алдында тебеленип, эки колунан айрылды. Кыздын энеси айдоочунун күнөөсүн далилдей албай убара.

Бакай-Ата районунун кичинекей тургуну 5 жашар Мадияр кызы Ширин учурда Бишкектеги №3 балдар ооруканасында оор операцияларды башынан кечирип жатат. Жайында жүк ташуучу КАМАЗга урунган кызга шаарга келгичекти Талас областтык хирургия бөлүмүндө операция жасалып, эки колу чыканагынан кесилген.

Шириндин энеси Роза Мукадилова кызынын мындай оор абалда калганына жергиликтүү хирургдун шалаакылыгы себеп болгонун айтат:

- Бул жерге келгенде кызым “Апа, менин колдорум кана?” дегенинен шейшепти ача салсам, колунун чыканактары гана сербеңдеп көрүндү. Ошондо эстен танып жыгылыпмын. Кызыма Таласта Жолдошалы Үркүнбаев деген хирург операция жасап, эки колун кесип, анан бир күндөн кийин башка эч нерсе колунан келбесин айтып, шаарга жеткиргиле деди. Эгер ал колунан келбегенден кийин дароо эле бизди шаарга жөнөтсө, кызымдын колун сактап калышмак эле да. Кызымдын кабыргасынын үстүндөгү териси да сыйрылып кеткен. Аны эч кандай тазалабай эле кум-топурак, чөп-чары менен жаап, ар кайсы жеринен тепчип да коюптур.

Ширинди тебелетип кеткен КАМАЗдын ээси Макен Кермалиев аттуу киши изин жашыруу максатында токтобой качып кетип, Талас шаарында жүргөн жеринен Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок эки айдан кийин ал Бишкектеги Ширин жаткан ооруканага келип, эч кандай жардам бербей турганын, тергөөчүлөргө акча карматып бошонгондугун, иш жабылгандыгын билдирген.

-18-августта ал бул жерге иниси менен келип, “силерге бере турган акчам жок. Бакай-Атанын ички иштер бөлүмүнө 50 миң сомду берип кутулдум. Силерге жардам бере албайм” деп кайра кызыма жулунуп, экөөбүздү жаман сөздөр менен сөгүп, “кызыңарды ушул жерден чыккыс кылып салам” деп коркутуп тилдеп кетти. Андан кийин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып да жооп алалган жокмун,-дейт Шириндин энеси Роза Мукадилова.

Учурда бул ишти Акыйкатчы аппараты өз көзөмөлүнө алды. Ооруканада “Менин колумду качан тагып беришет? Кантип кашык кармайм, кийинем?” деген суроолорго жооп таба албай жаткан кичинекей Ширинге жардам катары атайы эсеп ачылып, келечекте ага жасалма кол жасап берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Акыйкатчы аппаратынын аял жана үй бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Көлөпов акыркы убакта уруп кетип изин жашырган айдоочулардын курмандыгына айланган Ширин сыяктуу жаш балдардын саны көбөйүп жатканын айтат. Буга укук коргоочу профилактикалык-комплекстүү иш чаралардын жетишсиз болуп жаткандыгы себеп болуп жаткандыгын айтат:

-Азыр биз кыздын энесинин дооматы боюнча ИИМге, Саламаттык сактоо министрлигине ишти тактап берүү өтүнүчү менен кайрылып, кат жолдодук. Бул жерде профилактикалык түшүндүрүү иштерин жеткилең жүргүзүү керек. Бир эле орган эмес, балдар маселесине тиешеси бар бардык компетенттүү органдар чогуу иш алпарышы керек. Бул көйгөйгө кайдыгер кароого болбойт.

Мамлекеттик автоинспекциясынын аналитика бөлүмүнүн башкы инспектору Кундуз Иманбаеванын айтуусунда, балдар аралашкан жол кырсыктары негизинен жай мезгилинде, балдардын каникулда же үйлөрүндө жүргөн учурунда көп катталат. Ошондуктан бул учурларда айдоочулар да ата энелер да балдардын коопсуздугу үчүн өзгөчө кам көрүүгө аракет кылуусу керек:

-Кырсыктардын көпчүлүгү мектептин жанында же башка жактан эмес, үйүнүн жанында же жолдун боюнда ойноп жаткан учурларда болот. Жайында балдардын баары үйдө, ата-энелер да жакшы карашпайт. Ошол эле учурда ар бир айдоочу ата же эне да. Алардын да балдары бар. Ошону эске алып, тиешелүү жерлерде эрежелерди так сактай билсе, канча кырсыктан оолак болушмак. Мындай учурларда күнөө эки тарапта тең болушу мүмкүн. Анткени балдардын катышуусунда болгон кырсыктардан айдоочу да каза тапкан учурлар бар.

Кыргызстанда өткөн жылы балдардын катышуусунда 118 жол кырсыгы катталып, 18 айдоочу изин жашырып качып кеткен. Ал эми быйыл бул көрсөткүч 121ге жетип, окуя болгон жерден качып кеткен 23 айдоочу катталды. Былтыр машинага тебеленип 6, ал эми быйыл 4 жаш бала каза тапкан.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG