Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Кыргызстандагы кытайлашуу сарсанаасы


Соңку жылдары Кытайдын экономикасы өтө тездик менен өнүгүүдө
Соңку жылдары Кытайдын экономикасы өтө тездик менен өнүгүүдө

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети кытай тили боюнча мектеп куруу тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды. Ага ылайык, кытай өкмөтү элүү миллион юанды Бишкекте мектеп куруу үчүн кайтарымы жок берет. Мектеп бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Ал арада айрым серепчилер Кыргызстанда кытайлашуу жараяны башталганын, мунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүшү керектигин айтып жатышат.

Бекбол Бишкектеги №68 мектепте төртүнчү класста окуйт. Ал мектепте кытай тил сабагын жакшы көрөт, мугалим эжеси берген тапшырмаларды тырышып убагында аткарат.

Кичинекей Бекбол кытайча ата, талаа жана башка көп сөздөрдү жакшы билерин, кытай тилин пайдалуу деп үйрөнүп жатканын, анткени чоңойгондо Кытайга барганда сөзсүз пайдасы тиерин айтат. Ал Кытайга үй-бүлөсү менен баргысы келет.

Бекболдун кытай тил мугалими Мэри Улуттук университетте бешинчи курста окуйт. Мэри балдар кичинекей кезинде айрыкча кытай тилине окшогон татаал тилдерди бат кабыл алышаарын айтат. "Мен 1-курста окуган нерселерди булар (балдар) тез кабыл алып, мага кайра ошону айтып беришсе таң калып жатам", - дейт Мэри.

Ал кээ бирде ар кандай оюндарды уюштуруп балдарды эс алдырып туруу керектигин, анткени кытай тили баарыбир татаал тил экенин, балдардын мээсин чарчатпоо керектигин айтат. "Балдар жазганда, доскага чыкканда эстеп сүрөттөрүн жакшы тартышат. Бирок ошол сөздүн айтылышып жакшы айта алышпайт. Бирок жыйынтыгы жакшы", - дейт жаш мугалим.

Учурда кытай тили Кыргызстан боюнча төрт мектепте - Ош менен Каракол шаарларында бирден, Бишкекте болсо эки мектепте чет тилдер сабагынан окутулат.

Адисттердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалагандар бир топ көбөйдү. Бир убактарда бала бакчаларда да бул тилди окутуу демилгеси көрөтүлгөн болчу.

Эми Бишкекте жети жүз орундуу кытай тил мектеби бир жарым жыл аралыгында курулуп ачылганы жатат. Бишкек Гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинин деканын, аталган окуу жайдагы Конфуций институнун деректири Владимир Люнун айтымында, бул мектеп үчүн кадрлар даяр.

"Кытай биздин улуу кошунабыз. Экономикалык жактан өтө ылдамдык жактан өнүгүп жатат. Ошондуктан Кытайга кызыгуу чоң. Мындай кызыгуу кыйнап-кыстоонун негизинде эмес, кадимки эле шартта жаралып жатат. Мындан коркуунун эч кажети жок. Эгерде жаштар каалап, кытай тилин үйрөнүп алса алар үчүн бүтүндөй түштүк-чыгыш Азиянын эшиги ачык болот", - дейт В. Лю.

Айрым адисттер Кыргызстанда кытайлашуу процесси башталганын айтып, бул боюнча кабатырланып келишет. Социология илимдеринин профессору Кусеин Исаевдин баамында, өлкөнүн келечегин экономикалык кызыкчылыктан эмес, андан да тереңирээк ойлоо зарыл:

"Кыргыздын миң жылдарга созулган баатырлык жашоосунда Кытай менен дайыма өтө ымалашып, ысык болуп кирип кеткен эмес. Баягы Манастан кийин согушкан эмес, бирок алыста туруп салкын мамиледе болгон. Кыргыздар өздөрүнүн экономикасын өнүктүрбөйбү. Эмне үчүн жалдырап эле “тигиники өнүгүп жатыптыр, мунуку өнүгүп жатыптыр” деп карап отурушат".

Чынында эле экономикасы дүркүрөп күн санап өскөн, элинин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Кытайдын таасири анын жанындагы кичинекей Кыргызстанга канчалык болоору канча болжогон менен так айтуу кыйын. Эмнеси болсо да кытайлашуу процесси азыр коңушу Казакстанды да, Орусияны ды кооптондуруп, бүтпөгөн талкууларды жаратууда.

XS
SM
MD
LG