Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Б. Асаналиев: Айтматовдун атын Бишкектин бир чоң көчөсүнө бериш керек эле


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов

Эртең, 12-декабрь - кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Буга байланыштуу биз улуу жазуучунун замандашы жана калемдеши, акын Байтемир Асаналиевди түз ободогу маектешүүгө чакырдык.

- Өткөн жылы Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөң соң ал өмүрүнүн акыркы жылдарын өзү каалагандай жашай алган жок, саясатка байланыштырып улуу жазуучуну да кысымга алып жиберди деген пикирлер айтылды эле. Буга карата сиздин оюңуз кандай?

- Чыңгыз Төрөкул уулунун ыйманы жолдош болсун. Албетте Чынгыз Айтматов - кыргыз элинин сыймыгы. Анын ысымы элибиздин эсинде, аны билген адамдардын эсинде түбөлүккө жашайт. Эми учурунда Айтматов элчи болуп иштеп жаткан кезде акыркы кездерде бийлик тарабынан ордун бошотпойбу, башкаларга бербейби дегендей сөздөр болгону эл ичинде айтылып жүрөт. А түгүл ага жакын адамдары аркылуу айттырган экен. Эми анын чын-төгүнүн ким билсин, улуу жазуучубузду иштеп аткан жеринде жөн эле койсо тынчыраак, 80ге чыгып калганда ары-бери жол жүрүп өзүн чарчатпай жашап иштей берет эле.

- Былтыр Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ага көрсөтүлүп жаткан сый-урматтар жетишсиз деген пикирлер бар. Мисал үчүн кыргыздын атын ааламга чыгарган залкардын аты орус драма театрына, эмен багына, бир катар мектептерге берилгени бул жетишсиз деген. Сиздин пикириңиз кандай?

- Албетте Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөндө Улуттук филармонияда өткөн коштошууда элге кирип-чыгуу кыйын болду, ал жерде жол тар экен, кысылып араң кирип чыгып атты. Бирок ал кишиге топурак салууга жазуучулардын басымдуу көпчүлүгү катыша албай калышты. Анткени комиссия ага тиешелүү уруксатты ченелүү эле бериптир, тааныган адамдар алып, Чыңгыздын калемдештери ал кишинин акыркы сапарына топурак салалбай да калышты. Ал эми ысымын орус драма театрына бергени жакшы, бирок бул жетишсиз.

Чынгыз Айтматов деген өмүр бою Байдылда акын айткандай, кыргызга абийир, атак жыйнайм деп өзүнүн өмүрүнүн көбүн абада жүрүп бүт дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыздын атынан сүйлөп жүрүп өткөн киши. Элдик болуп, элге эмгеги сиңген киши, Бишкектеги чоң көчөнүн бирине анын атын бериш керек, толуп аткан көчөлөр бар, Москва, Киев көчөсү болгондой биз Орусия эмеспиз да. Чыңгыз окуган айыл чарба академиясы Скрябин атында экен, муну Чынгыздын атына койсо жарашат. Борбордогу чоң көчөлөрдүн бирине атын коюш керек эле.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG