Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Жаныбек куудул эмне үчүн Бакиевди туурай албайт?


Горбачев, Масалиев, Акаевдардын баарын туурап, көрүүчүлөрдүн боорун эзип келген белгилүү куудул жана элдик шайыр Жаныбек Алыкулов президент Курманбек Бакиевди гана туурай албайт, анткени президент жөнүндө эл арасында ачык айтылган анекдоттор аз.

-Жаныбек мырза Нооруз майрамын тоскону бүгүн Алматыга, андан соң Москвага сапар алганы турасыз, ал жердеги программаңыз жөнүндө учкай кеп салып кетсеңиз?

-Алматыдагы Нооруз майрамына биздин боордошторубуздун ичинде белгилүү куудул бар, халк артиси деп коёт Кудайберген Султанбаевдин чакыруусу боюнча жөнөп баратабыз. Ал жакта боордоштор менен бирге чогуу майрамдык концертти өткөрүүгө катышып, бир эки жакшы жаңы чыгармаларың болсо ойноп бер деп чакырганынан, “Чакырган жерден калба”дейт, ошон үчүн шашып кетип жатканым ошондон.

Ал эми Москвада кыргыздын диаспорасы ар бир майрамда биздин Кыргызстандан белгилүү артистерди алып барышып ал жактан биздин туугандарыбыздын сагынычын жаздырып, биздин анча мынча өнөрүбүздү тартуулап бир кыйла көңүлдөрүн көтөрөбүз деген аракеттерин мен туура түшүнөм дагы, алардын чакыруусуна дагы макулдугумду берип, кудай буйруса майрамды ошол жактан өткөргөн жатам.

- Мурда экс-президент Аскар Акаевди туурап, кемчиликтерин күлкү, юмор аркылуу көрсөтчү элеңиз, азыркы президентке дагы пародияңыз барбы?

-Эми сиз айткандай экс-президент деп атпайсызбы. Мен өзү пародияны тээ илгери эле Горбачевден, ыраматылык Масалиевден мына Акаевге чейин аткарып жүрчү элем. Анан өзү мен тамашалап коём кээде, ушул пародия аткаргандан да коркуп калдым. Горбачевди туураганда СССР талкаланып кетти, Масалиев аксакалды туураганда ал киши президент болбой калды.

Аскар Акаевди туурайын десем ал качып кетти эми тынч жашайынчы деп. Бул бир, анан Уинстон Черчилл маалында эртең менен гезиттерди барактап, атайын акыркы беттерди карачу экен, пародия, тамаша, анекдоттор болот эмес беле. Эмне үчүн мен жөнүндө анекдот болбой калды деп кейүүчү экен да.

Себеби дегенде эл арасында мен жанагы пародия аткарып жүргөндө Горбачевду элдин баардыгы туурачу, Акаевди элдин баардыгы туурачу. Масалиев жөнүндө элдин баардыгы жанагындай анекдотторду айтчу эле, азыр болсо Курманбек Салиевич тууралуу негедир жанагы нерселерди көрбөй жүрөм да мен эл арасында. Анан биз болсо каяктан алабыз? Биз элден алабыз да.

- Алдыдагы чыгармачылык иш пландарыңызга токтоло кетсеңиз?

-Алдыда чыгармачылык иш пландар боюнча, жанагы мурда биз оперетта деп койчубуз, анан кийин мюзикл деген бум чыкты. Анан биз бир азга кечиксек дагы бирок юбилей деген жакшы нерсе болот экен. Биздин урматтуу Насыр Давлесов маэстронун “Аста секин колукту” деген чыгармасы биздин өкмөттүк программага кирген экен.

Ошонун чакыруусу боюнча мен азыр Маркабайдын (молдонун) ролун ойногон атам, мага берген атышат. Бул жерде баягы симфониялык оркестрдин коштоосунда болчу эле го ырчылар. Азыр белгилүү эстрада ырчылардын коштоосунда эстрадалык жанрда аткарган атабыз, бирок музыкалуу мотиви-өзөгү баягы чыгармадан. Ошону 1-апрелге карата даярдап атабыз.

Азыр баягы кандайдыр бир сүрөтү, көрүнүшү байкалып баратат. Азырынча мен мунун сырларын жана башкаларын айткым келбей турат. Себеби кыргыздын өзүнүн ырымы болот го, ошол сыяктуу бүткөндөн кийин айталы. Көшөгө азыр тартылып турат да, ошол көшөгөнү кичине гана учун ачып койдум. Бүт баардыгын ачканга өзүңүздөр билесиздер, болбойт.
XS
SM
MD
LG