Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

П. Морел: Биз жөн гана жардам беребиз


Пьер Морел, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү.
Пьер Морел, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү.

Бириккен улуттар, Евроападагы коопсуздук жана кызматташтык уюмдарынын, Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү Кыргызстанга келишип, учурда өлкөдөгү саясий жараяндардын демократиялык нукта өтүүсүнө көз салып жүрүшөт.

Алардын бири, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык:"
Пьер мырза, Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

П. Морел:
Азыркы тапта демократиялык принциптер иштеп жаткан учур. Анткени шайлоого аттанып жаткан 29 партия Баш мыйзамга карата каттоодон өттү. Алар бирдиктүү Кыргызстандын өкүлдөрү болушат. Муну Кыргызстанда демократиялык процесстин башталышы катары кароого болот. Бул процесс адам укуктарын сыйлоо менен, баш мыйзамга ылайык тынчтык шарттарда уланат деп ишенебиз. Коркунучтар бар. Биз аны жашырбайбыз. Бирок референдумдан кийин Кыргызстанга демократия үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

"Азаттык:"
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы абалды турукташтырууда кандай конкреттүү сунуштары бар?

П. Морел: Албетте демократиялык процестти улантуу. Кошумча бирдик катары экономикалык жана социалдык акыбалды жакшыртуу керек. Шайлоолор да маанилүү, бирок акыркы окуялар өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн азайтып койгонун да унутпоо зарыл.

"Азаттык:" Мына ЕККУ полициясы шайлоого чейин кирбей калды деген кабар чыкканда, айрым маалыматтарга караганда Кыргызстандын түштүгүндө кээ бир үй-бүлөлөр өз коопсуздугунан кооптонуп өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Кыргызстанга ЕККУнун полиция кеңешчилерин маселеси кандай чечилүүдө?

П. Морел: Сиз билесизби, тилекке каршы биз керемет нерсени жаратуучулар эмеспиз. Биз кыргыз өкмөтүнүн атынан чече албайбыз. Дагы тактоолор керек болгондуктан биз өкмөттүн тандоосун жана аракетин сыйлайбыз. Биз жөн гана жардам беребиз. Биз Кыргызстандын атынан чечим кабыл ала албайбыз. Экинчиси, шайлоого чейинки убакыт аралыгында биз кийинки жасай турган кадамдарыбызды аныктайбыз. Ал эми азыркы тапта кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шайлоого чейинки убакытты ЕККУнун кеңеш берүүчү тобунун келүү шарттарын эффективдүү талкуулап алуу үчүн колдонуп жатабыз.

"Азаттык:" Айрым серепчилер Кыргызстанга сырткы күчтөрдүн таасири чоң болгондугун айтышууда. Орусия өңдүү өлкөлөр Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын калыптанышын каалабай тургандыгын ачык эле билдирип жатышат. Кыргызстанга чындап эле сырткы күчтөрдүн таасири чоң болуп жатабы?

П. Морел: Мен Евробиримдиктин өкүлү катары айтаарым, биз өлкөнүн эгемендигин, элдин пикирин сыйлайбыз. Мисалы референдумдун алында аны жылдырыш керек деген пикирлер айтылган. Биз ага кийлигишкен жокпуз. Биз кандай болбосун Кыргызстан демократиялык жолго өзү түшсүн деген турумда болдук. Башка өлкөлөрдүн таасири тууралуу айта албайм. Бирок биз өлкөнүн иштерине аралашпастан тек гана сунуш жана көмөк менен чектелебиз. Жана мындан ары да колдон келген жардамыбызды берүүнү уланта бермекчибиз. Албетте мунун бары өнөктөш катарында гана. Дегинкиси кандай болбосун биз Кыргызстан элинин тандоосун сыйлайбыз.

"Азаттык:" Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG