Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Азиялык банк Кыргызстандын түштүгүнө 145 миллион доллар бөлөт


Тополоңдо үй-жайынан ажырап калгандар бийлик өкүлдөрү эмгиче кабар албаганына кабатыр.
Тополоңдо үй-жайынан ажырап калгандар бийлик өкүлдөрү эмгиче кабар албаганына кабатыр.

Азия өнүктүрүү банкы калабадан жапа чеккен Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 145 миллион доллар бөлөөрүн билдирди. Жергиликтүү тургундар мынча каражаттын туура жумшалышынан күмөн санаса, бийлик өкүлдөрү каражат максаттуу пайдаланаарын айтып жатышат.

Азия өнүктүрүү банкы июндагы этникалык кагылышуудан айрыкча жапа чеккен түштүк аймактарын көңүл сыртында калтырбайт. Бул туурасында мекеменин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Лан Ву Ош шаарынын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда билдирди.

- Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Жумуриятына жардам иретинде 145 миллион доллар бөлүүнү акылдаштык. Анын басымдуулугу Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалат. Мунун ичинен 45 пайызы грант иретинде, 50 пайызы абдан жеңилдетилген кредит тартибинде ажыратылат. Мен учурдан пайдаланып сиздерге жөнөкөй көрсөткүчтү сунуш этмекчимин. Биздин банк адатта Кыргызстанга жыл сайын 60 миллион доллардын чегинде гана көмөктөшчү. Өлкөнүн шартын туура түшүнүп, кошумча каражаттарды тапканга үлгүрдүк. Ошентип, туруктуу жана узак мөөнөттүү өнөктөшүбүзгө кыйын күндө жардамыбызды кыйла көбөйттүк.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары мынча каражаттын максаттуу сарпталышына көзү жетпей тургандыгын айтышууда:

- Мен азыр 40 жаштамын, ушул үйдү 20 жыл салгам. Бир саатта өрттөп жиберишти. Азыр балдарым туугандарымдын үйүндө, башка бирөөнүн үйүнө батпайт экенсиң, көчүп ар кимдин үйүндө жашап атабыз. Мен үйүмдү жоготтум, бири бир тууганын жоготту, бир келин 6 баласы менен калыптыр, - деген Ош шааарынын тургуну Айгүл Жолдубаева алардан бийликтин бир дагы өкүлү эмдигиче кабар албагандыгын, демек чет өлкөлүк уюмдардан бөлүнгөн каражат аларга кантип тийээрин даана билишпегендигин ачыктады.

Ошол эле учурда массалык башаламандыктан үйү толук кыйраган Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын тургуну Мухабат Салиева алардын тагдыры жөнүндө эч ким ойлобой жатканына кабатыр:

- Биз ушул жерде чатырларда жашап атабыз. Үйлөрүбүз күйүп кетти. Күндүз күн ысып атат, бул жерде тынчтык жок.

Мухабат Салиева жабыркагандардын тизмеси айыл боюнча эмдигиче тактала электигин кошумчалады.

Бул аралыкта Оштун айрым жашоочулары донор уюмдар тарабынан ажыратылган каражаттардын даректүү жумшалышын туруктуу көзөмөлдөй турган коомдук көзөмөл органы зарылдыгын белгилешүүдө:

- Ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы болот. Эч нерсени чыгарышыбыз керек эмес. Аларга абзел түрүндө жергиликтүү адистерди, эксперттерди кошуп коюшубуз керек.

Ушинткен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу чет өлкөлүк донорлор түштүккө жумшап жаткан акчалары туурасында массалык мааалымат каражаттары аркылуу тез-тез кабарлап туруусу керектигин кошумчалады.

Анткен менен жергиликтүү бийликтер Азия өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн каражаттар максаттуу сарпталаарына ишендиришүүдө:

- Булар негизинен инфраструктурага жардам беребиз, долбооруңарды бергиле деп атат. Кудай буюрса аркы жылдан баштап иш алып барабыз деп атат. Тез убакытта 2-3 күндүн ичинде долбоорду беришибиз керек, - деген Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров аталган каражат Ошко эмдиги жылдан баштап түшөөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG