Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Б. Мурзаибраимов: Коррупция менен күрөш кагазда гана калууда


Билим берүү тармагындагы абал боюнча “Азаттыктын” суроолоруна ЖКнын мурдагы депутаты, академик Бектемир Мурзаибраимов жооп берди.

- Бектемир мырза, билим берүү системасы начарлаганы тууралуу арбын айтылып жүрөт. Билим алуу орто мектептерде гана эмес, жогорку окуу жайларында да баалуулугун жоготту деген пикирлер бар. Сиз көп жылдар бою жогорку окуу жайын жетектеп келген адис катары айтсаңыз, студенттердин окууга кызыкчылыгы жоголушуна эмне себеп?

- Муну эки бөлүп караган туура эмес. ЖОЖ менен жалпы орто билим берүүнүн түздөн-түз байланышы бар. Ошондуктан мектепте орто билим алганда билимди жогорулатып жолго салбай туруп, жогорку окуу жайлардагы студенттердин билимин өркүңдөтүү, жогорулатуу мүмкүн эмес. Баардыгы мектептен даярдалып келген окуучулардын, башкача айтканда, тандалып алынган абитуриенттердин билим сапатынын начардыгына байланыштуу. Бул боюнча маалымат бар, айылдык билим берүү деген долбоор бар. Ошол долбоордун изилдөөсүнүн негизинде, жалпы билим берүү 80 пайызга чейин базалык талапка туура келбейт. Демек ошол мектептен бүтүп барган начар, сабаты төмөн болгон балдар жогорку окуу жайларына барып, алардын жалпы программасыны, талаптарына толук жооп бербейт.

Анан билимдин сапаты мурдагыга салыштырганда бир кыйла төмөн болгондугу баарыбызга маалым. Мунун себеби мектепте окуу предметтери абдан көп, окуу шарттары көп. Так эле ошондой нерсе ЖОЖдордо дагы кереги барбы, жокпу? Мындан ондогон жыл мурда түзүлгөн программа, окуу пландары менен окутуу жүргүзүлүп жатат. Айрымдарынын иш жүзүндө эч бир кереги деле жок. Дагы эле окуу планы мурдагы эле программа менен кетип атат. Экинчиден, азыр окууну бүткөндөрүн 20 пайыздайы эле иш менен камсыз болбосо калгандары өз кесибин уланталбай жатат. Ошондуктан жалпы билим алууга студенттердин кызыгуусу дагы аз. Экинчи жагынан, мугалимдердин сапаттуу билим берүү деңгээли да төмөн болгондуктан студенттердин окууга болгон кызыгуусу аз.

- ЖОЖдордо билим алууга кызыкпаган студенттердин келишине мугалимдердин да күнөөсү бар деген пикирлер бар. Мисалы, быйылкы эле кабыл алуу мезгилинде окуунун акы төлөнүүчү дагы, акы төлөнбөөчү дагы бөлүмдөрүнө пара менен өтүүгө мүмкүнчүлүк болгону тууралуу көп сөздөр айтылды. Муну коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги да токтото алган жок. Сиз кандай ойлосуз, ушунун арты эмнеге алып келет?

- Мен дагы ушуга кошулам. Себеби жыл өткөн сайын эмнегедир ЖОЖдорго өз күчү менен өтүү барган сайын азайып баратат. Жогорку окуу жайында 5 жарым миңдин айланасында бюджеттик орундар бар, ошого болгон конкурс, тандап алуу жалпы алганда дурус эле, билими өтө жогору болгондор алар негизинен шаардагы мектеп-лицейлерди, түрк лицейлерин аяктагандар. Айыл-кыштактардан ЖОЖдорго абдан эле аз өтүп атат. Тандап алууда айрыкча экономика, юридикалык, медициналык адистиктерде жөн, өз билими менен өтүү деген азайды деген сөздөр эл арасында дагы, ата-энелердин арасында дагы абдан көп. Эми бул мугалимдердин уятында. Өзүңөр айткандай, коррупция менен күрөшүү кагаз, сөз жүзүндө абдан көп айтылганы менен, иш жүзүндө быйыл эч нерсе болбогондой эле сезилет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG