Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Кооптонгон, Бишкекке агылган бүтүрүүчүлөр


Түштүктөгү этностор аралык жаңжалдан кийин жергиликтүү жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган абитуриенттердин саны кескин азайганы байкалууда. Окуу жай жетекчилери болсо жергиликтүү медиа аркылуу ата-энелерге жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, мындан ары студенттердин коопсуздугу толугу менен көзөмөлгө алынарын, Ошто кырдаал турукташып калганын айтышууда.

Айдарбек Тагайбек уулу быйыл Кара-Суу районундагы мектептердин бирин аяктап, Оштогу мамлекеттик университеттин студенти болду. Ал үчүн студент болуу өзү ойлогондой кыйынчылык деле жараткан жок. Улуттук тестирлөөдөн алган упайы менен бир эмес, эки адистикке шар эле өтүп кетти.

- Эки адистикке өтүпмүн. Азыр кайсынысын тандасам экен деп турам. Негизгиси жакшы окусам, Кыргызстандын келечегине жараган атуулдардан болсом деп тилек кылам.

Бирок Оштогу окуу жайларда Айдарбекке окшоп студент болгусу келгендердин саны жылдагыга салыштырмалуу өтө эле аз. Мурдагы жылдары кабыл алуу учурунда Оштогу бардык эле окуу жайлардын алды абитуриенттерге батпай кетчү. Азыр эми андай көрүнүш таптакыр байкалбайт.

Өзгөн районунан келген Эргеш Жоробеков Ошто тополоң дагы уланат деген ушактардан улам, уулун окууга киргизүүдөн кооптонуп жаткандыгын айтат. Ал университеттин ректорунан кепилдик алгандан кийин гана баласын окууга өткөргөнүн айтат:

- Ата-энелерден 7-8 өкүл биригип, ректорго кирдик. “Кырдаал мындай болуп жатат. Биз силердин окуу жайга тапшырсак жооп бере аласыңарбы” дедик. Ректор тапшырган студенттерге толук жооп Бере турганын айтты. Эми сентябрда кызымды алып келем да, ректордун өзүнө дагы кирем, эгер кепилдик берип, коопсуздугуна жооп берсе гана калтырып кетем.

Ошол эле мезгилде Оштогу жогорку окуу жайлардын жетекчилери кооптонуп жаткан абитуриенттерди өздөрүнө тартуу менен алек. Ал эмес кээ бир окуу жайлар жатаканага жайгаша турган студенттерге атайын сакчы жалдап алабыз деген убадаларды беришүүдө.

Ош мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын башчысы Орунбек Коланов окууга тапшыргандардын коопсуздугун сактоого окуу жай кепилдик берип жатканын билдирди.

- Июнь айындагы коогалаң кабыл алууга өтө чоң зыян тийгизип жатат. Чындыгында ата-энелер кооптонуп жатышат. Бир баласын экөө-үчөө жандап жүрүшөт. Биз бирок аларга кепилдик берип жатабыз. Эгер студенттерин бизге тапшырып, жатаканаларга жашатса, биз аларга милиция өкүлдөрүнөн атайын сакчы жалдап, коопсуздугун камсыз кылып беребиз.

Орунбек Коланов ЖОЖго тапшыргандардын аздыгын Ош коогалаңында жарандардын психикалык жабыр тартуусу менен да түшүндүрүүдө. Ошол себептүү кабыл алууда Ош мамлекеттик университети абитуриенттерге жеңилдиктерди берип жатканын айтат:

- Бизге келишимдик негизде тапшырып жаткан абитуриенттердин сынактарынын босого упайын (баллын) 3 упайга чейин түшүрдүк. Мурунку практикаларда ал упай 4-5, 6-7ге чейин болчу эле. Эми коогалаңдан кийин жарандар психикалык жактан жабыр тартып, стресс абалында турушат. Ошого байланыштуу биздин бул аракетибиз абитуриенттерге жардамыбыз болмокчу.

Ал эми Ош облусунда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Адылбек Батыралиев билими төмөн болсо да окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу чечими билим берүүгө бир топ зыянын тийгизе турганын эскертүүдө:

- Учурда Оштогу жогорку окуу жайларына кабыл алууда бир топ кемчиликтер бар. Маселен, ошол 3 упай. Абитуриент экзаменден 3 упай алса, студент болду деп эсептелет. Эми элестеткилечи, 20 суроодон 3 суроону тапса, автоматтык түрдө студент болуп калат экен. Эч ким жыгылган жок. Баары эле өтүп жатышат. Кайсы критерий менен мындай кылганы мага түшүнүксүз. Мамлекеттик программаларды күргүштөтүп, татыктуу студенттерди кабыл алышыбыз керек деп жаткандан кийин тополоңбу, башкасыбы баары бир билимине көңүл бурушубуз керек. Жок дегенде экзамендеги эң төмөнкү упайды 5 кылышыбыз керек эле.

Ошентип тапшырган абитуриенттердин аздыгынан улам Оштогу окуу жайлары ар түрдүү амалдарга барышууда. Мисалы, кээ бир ЖОЖдор элет жаштарын көбүрөк тартуу максатында район борборлорунда кабыл алуу бөлүмдөрүн ачып жиберишти. Атүгүл айрым ректорлор кабыл алуу жараянын узартуу маселесин Билим берүү жана илим министрлигинин алдына кабыргасынан коюуда.

Байкоочулардын баамында, июнь коогалаңынан улам быйыл түштүктөгү ЖОЖдордо студенттердин саны кескин кыскаруусу күтүлүүдө. Айрыкча мугалимдик адистиктерге тапшыргандар жокко эсе болушу ыктымал. Мындан тышкары серепчилер учурда билим алып жаткан студенттердин басымдуу бөлүгү борборго же башка тынч аймактарга которулушу да адатка айланарын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG