Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Китеп жетишсиздиги окуучуларды кыйнады


Китеп - билим булагы. Бирок бул булак соолуп калдыбы?
Китеп - билим булагы. Бирок бул булак соолуп калдыбы?

Жеке ишкерлердин жардамына карабастан Кыргызстандагы мектептердин көбүндө окуу китептери жетишсиз. Билим берүү жана илим министирлиги бул көйгөйлүү маселе боюнча өкмөттөн жардам сураганы менен бүгүнкү күнгө чейин майнап чыкпай келет. Таластагы мектеп окуучулардын абалы кандай?

Болот Кыдыков Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын Ленин атындагы №1 орто мектебинин 11-классында билим алат. Студент болоруна аз калган Болотту мектепте алган билими тынчсыздандырат. Ал жетишпеген китептерди санап өтүп, кырдаалдан кантип чыгып жатканы тууралуу буларды айтты:

- Азыр бизде орус адабияты, орус тил, астрономия жана башка китептер жетишпейт. Классташтарым менен бирге бир китепти экөөлөп бири-бирибизден сурашып окуп келебиз. Абал ушундай.

Болот Кыдыков болочокто юрист болгусу келет. Ал жаңы келген бийликке үмүт менен карап, окуучулардын билим сапатына да көңүл бурулса жакшы болмок эле дейт.

Китептердин жетишсиздиги жалаң гана окуучулар үчүн эмес, мугалимдерге да чоң түйшүк алып келет. Китепканалардагы гезит-журналдардан окуу материалдарды издеп, балдарга билим берип жаткандарын айткан мектептин мугалимдери бул иштер убакытты алат дейт. 40 жылдан ашык орус адабияты боюнча билим берип келе жаткан Күмүшбек Сапаралиев буларды белгилейт:

- Айласын таап жатабыз, эптеп-септеп. Лекция түрүндө өтөбүз. Орусиялык журналдар чыгат, ошолордон алабыз. Кыскасы издейбиз, антпесек болбойт да.

Бир кишинин гана милдети эмес

Китептердин жетишсиздиги жалгыз гана Талас облусуна тиешелүү көйгөй эмес. Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле бул маселени өкмөт да, бейөкмөт уюмдар да көтөрүп келишет. Мындай учурда ар бир мектеп мүмкүн болгон жолдор менен абалды жөнгө салууга аракет кылат. Мисалы, Бакай-Ата айылынын тургуну Сыргакбек Сооронкулов аксакалдын балдары атасынын атынан фонд түзүп, 5 жылдан бери бул айылдагы Ленин атындагы №1 орто мектепке окуу куралдары менен жардам көрсөтүп келишет. Фонтду негиздеген бир туугандар убагында ушул мектепти аякташкан. Алар мектепке көрсөткөн жардамдын артында кандайдыр бир партия же кыймыл турбаганын ырасташат. Бир туугандардын бири, ишкер Нургазы Сыргакбеков башка ишкерлерди да Кыргызстандын келечеги үчүн мектептерге жардам берүүгө үндөйт:

- Жалпы жардам көрсөткөн көмөгүбүз 1,5 млн сомдон ашты. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык беребиз.

Жаңы окуу жылы башталганына 2 апта болуп калды. Бирок Талас облусундагы бир топ мектептер китеп жетишсиздиги өңдүү көйгөйлүү маселе менен бул жылды да баштагандай. Кыргызстан боюнча мектептерде 40 пайыз окуу китеби жетишсиз болсо, 60 пайыз китеп эскилиги жетип жакын арада жарактан чыгат.

Билим берүү жана илим министиринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов бул маселени чечүүнүн төмөнкүдөй жолун сунуш кылат:

- Окуу китептер көйгөйү көп жылдан бери эле созулуп келе жатат. 1996-жылдан тарта биз бир ижарага китептерди берүү долбоорун ишке ашырдык эле. Ата-энелер 5-10 сомдон китептерди ижарага алып турчу. Ал иш 2006-жылы токтотулду. Негизи ата-энелердин жардамы болбосо мамлекет мындай чоң ишти көтөрө албайт. Ошондуктан азыр биз министирлик тараптан өкмөткө сунуш даярдап жатабыз, китептерди ижарага берүү жана сатуу тууралу. Китептерди антип иштетпесек болчудай эмес.
XS
SM
MD
LG