Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Мыкты окуучулар аныкталды


29-мартта Бишкек шаарында башталган окуучулар арасында бир нече сабак боюнча республикалык олимпиада жыйынтыкталды. Бул акыл таймашында жеңүүчү болгон бир нече окуучу эл аралык олимпиадада Кыргызстандын намысын коргомокчу.

Алгач мектеп, район, андан соң облус деңгээлинде мөөрөй талашып, алдыңкы орунга ээ болгон окуучулар арасында республикалык олимпиада өттү. Ар аймактардан келген 450 мектеп окуучусу үч күн бою өз билимине таянып, биринчилик үчүн мөрөй талашты.

14 сабак боюнча өткөн сынактын негизинде 50 окуучу жеңүүчү аталып, 102си байгелүү орундарга ээ болушту.

Ысык-Көл аймагына караштуу Балыкчы шаарындагы №1 мектеп-гимназиядан келген Бакытбек уулу Айдин тарых сабагынан биринчи орунга татыды. Анын келечекке карай дагы чон максаттары бар.

- Үч күндөн бери окуучулардын республикалык таймашы журүүдө. Бул сынак курч мүнөздө өтүп, оор суроолор берилип жатты. Атаандаштарым да күчтүү болуп чыгышты. Мен 84 упай топтоп, биринчи орунга ээ болдум. Алдыңкы орунга ээ болгон окуучуларга өлкөдөгү окуу жайлар бюджетик орун беришет экен. Мен тарых багыты боюнча жакшы адис болууну көздөп турам.

Республикалык акыл таймашында биринчи орунга ээ болгондор сынаксыз өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бирине бюджеттик орунга ээ болушат. Экинчи орунга татыгандар өз багыттары боюнча университеттерге кабыл алынса, үчүнчү орундун ээлери мугалим кесибинде бекер билим алганга акылуу.
Бүгүнкү жыйынтыктоочу салтанатта окуучулардын жетишкендиги боюнча алдыңкы он мектеп аныкталып, алардын жетекчилиги баалуу белек жана мактоо баракчалары менен сыйланды. Аймактар боюнча Жалал-Абад облусу биринчи, Бишкек шаары экинчи, Ысык-Көл аймагы үчүнчү орунга ээ болду.
Бул акыл сынагында физика, химия, математика, информатика жана биология сабактарынан алдыңкы орунга ээ болгондор эми эл аралык олимпиадада мөрөй талашат.

Талас аймагындагы Бакай-Ата районунан келген окуучу Бахтияр Арыстанбеков физика сабагынан 35 упай топтоп алдыңкы орунга чыккан. Эми ал алгач Азия айдыңында, анда ийгилик жаралса Хорватиядагы эл аралык акыл таймашында өлкө намысын коргойт.

- Бул акыл таймашындагы тапшырмалар мага белгилүү суроолордон куралыптыр. Проекция, магнит закону сыяктуу мисалдар келиптир. Көп деле кыйналган жокмун. Сынактын экинчи бөлүгү техникалык институтта өттү. Анда приборлор менен иштеп тапшырмаларды аткардык. Эми алдыда бизди эл аралык олимпиада күтүүдө. Ал таймашта Кыргызстандын желеген көтөрсөк деген максатыбыз бар.

Республикалык акыл сынагы өлкөдөгү өзгөчө зээндүү окуучуларды тандап, аларды чыгармачыл, изилдөө багытына аралаштыруу жана кийинки муунду интеллектуалдык жактан өстүрүү максатын көздөгөн. Билим жана илим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева “бул олимпиадада элет окуучулары жакшы көрсөткүчкө жетүүдө” деп билдирди.

- Өткөн жылдан бери республикалык акыл сынагында элет окуучулары жакшы көрсөткүчкө жетүүдө. Алсак былтыр Кара-Суу районунун 10-классынын окуучусу англис тил сабагынан биринчи орунга жеткен. Ошол эле маалда мындай ийгиликке шаардык окуучулар жете алган жок. Бүгүнкү акыл таймашынын жеңүүчүлөрүнүн келечеги кең болот деген ойдобуз. Алар үчүн атайын шарттар түзүлүп жатат. Сынакты калыс өткөрүү максатында тапшырмаларга код коюп, ооз эки бөлүгүн видеого тартып жаттык. Мындай кадамдар кийин талаш маселе чыкса, териштирүүгө өбөлгө түзөт.
XS
SM
MD
LG