Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Күлкүсү азайган балдар


1-сентябрда мектепке шашкан балдар аз болобу?
1-сентябрда мектепке шашкан балдар аз болобу?

Жергиликтүү укук коргоочулар жаңжалдан кийинки аймактагы балдардын билимге болгон укугун камсыздоо өтүнүчү менен өлкө башчысына кайрылды. Ош жана Жалал-Абадда айрым ата-энелер жаңы окуу жылы жакындап калса да балдарын мектепке берүүдөн кооптонуп жатышат.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги мындай кооптонууга негиз жоктугун, түштүктө жаңы окуу жылы демейдегидей эле 1-сентябрдан тарта башталарын айтууда.

Балдар укуктарын коргоо боюнча иш алып барган бир катар бейөкмөт уюмдарынын лидерлери жакында президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Анда укук коргоочулар июндагы жаңжалдан кийин түштүк аймагындагы балдардын билимге болгон укугун камсыздоо сунушун беришти.

Коогалаңдан кийинки Ош жана Жалал-Абадда болуп кайткан укук коргоочулар зордук-зомбулуктун эпкинин көрүп калган балдар үчүн ириде психологиялык жардам керектигин айтышууда. “Балдардын укугун коргоо лигасы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Такыр жалтаң болушуп, эки жакка чыккандан да коркуп калышкан. Атүгүл ойногонго да көңүлү жок. Көнүлдөрү ачылбайт. Түнүчүндө да укташпайт экен. Негизи эле зордук-зомбулуктун кесепеттери балдар үчүн оор келет.

Укук коргоочулар президентке жолдогон кайрылууда жаңы окуу жылына бир айдай убакыт калганы менен түштүктө кээ бир ата-энелер балдарын мектепке алып баруудан кооптонуп жатканы айтылат.

Оштогу кабарчыбыздын бидирүүсүндө балдарынын коопсуздугу үчүн кабатырланган айрым ата-энелер азыртадан эле балдарынын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн демилге көтөрө баштады.

Ош шаарынын тургуну Мирлан "Азаттыкка" буларды айтты:

- Балдарыбыз кандай барып келет деген коркунуч болуп атат. Бирок балдар баары бир мектепке барышы керек да. Андыктан балдарыбызды топтоп бир транспорт жалдайлы деп атабыз. Балдарыбызды мектепке топтоп алып келе турган кичи автобус же унаа жалдайбыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Албина Дүйшембиеванын билдиришинче, Ош жана Жалал-Абадда быйыл окуу жылы демейдегидей эле 1-сентябрда башталат. Бул үчүн аймактагы орто мектептер дээрлик даяр.

- Министрликтин жетекчилиги өткөн жумада эле билим берүүчү мекемелердин абалы менен жеринен таанышуу максатында түштүктө болуп кайтты. Ал жерде коогалаңда Ош шаарындагы Хамза атындагы №13 жана Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Л.Толстой атындагы орто мектеп жабыркаган. Азыр түштүктөгү бул мектептерди мындан ары колдонуу мүмкүн болгонун баалоо үчүн министрликтин атайын комиссиясы иштеп жатат. Комиссия өз жыйынтыгын бергенден кийин гана бул мектептерди жөн эле оңдоп-түзөп коюш керекпи же кайрадан куруу зарылбы - белгилүү болот.

Ош шаарындагы №18 мектептин мугалими Анара Миңбаева да мугалимдер жамааты балдарды жаңы окуу жылына кабыл алууга даяр экенин билдирет. Мугалимдин билим берүү мурдагы калыбына келет деген ишеними чоң:

- Биздин балдарыбыз 1-сентябрга карата жайкы эс алуудан кубанычтуу кайтып келип, жаркыраган мектебинен билим алат деген үмүттөбүз. Окуу, билим мурдагыдай эле калыпка түшөт деген ойдомун. Биз балдардын мектепке келишин чыдамсыздык менен күтөбүз.

28-июлда БУУнун алдындагы ЮНИСЕФ балдар кору балдар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда зомбулукту көргөн түштүктөгү балдардын билимге болгон укугун камсыздоо боюнча чогуу иш алып баруу максатында жыйын курмакчы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG