Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

“Мен ишенбейм” таза шайлоого чакырды


1-июлда жаштардын “Мен ишенбейм" кыймылы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында таза шайлоого чакырган акция өткөрдү. Ага элүүдөй адам чогулуп, президенттик шайлоодо көз боемочулук, ыплас технолиялардын колдонулушуна жол бербөөгө чакырышты.

"Ала-Тоо" аянтына жаштар чогула баштаганда эле милиция кызматкерлери, аянт эч алуучу жай экенин, кандайдыр бир акция өткөрүүгө болбосутугун эскертип кетти.

“Мен ишенбейм” кыймылы бул флеш-моб акцияны бир топ күндөн бери пландап жатышкан. Шайлоонун таза өтүшүн каалаган жаштарды болжошкон күнү ак кийимчен келүүгө чакырган. Аталган кыймылдын өкүлү Айсулуу Алымбек кызы өздөрүнүн мындай талаптарын төмөнкүчө түшүндүрдү

- Баарыбыздын ак кийинип чыкканыбыздын себеби - бул түс тазалыктын, жаңылануунун белгиси. Биз таза шайлоону талап кылып жатабыз. Бүгүн биринчи гана акциябызды уюштуруп жатабыз. Шайлоого чейин мындай иш-чараларды улантабыз.

Жаштардын бул акциясына элүүдөй адам катышты. “Мен ишенбейм” кыймылынан сырткары оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевди колдогон жана бийликчил “Ак жол” партиясынын жаштары да болду.

Президенттикке талапкер катары азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиевди көрсөткөн “Ак жолдун” жаш лидери Рустам Юсупов шайлоо таза өтөөрүнө ишенерин билдирди:

- Бийлик бүгүнкү күндө эч кандай мыйзам бузуу жолдоруна барган жок. 23-июлга чейин бары таза болот. Эгерде ар бирибиз өзүбүздүн эркибиз менен катышып, өзүбүздүн эркибиз менен, өзүбүздүн жүрөгүбүз менен тандасак, шайлоо таза өтөт.

Бирок бул айтылгандарга ынабагандар көп болду. Социал-демокарттар партиясынын жаш өкүлү Ринат Самудинов чогулгандарга кайрылып кайдыгер болбоого чакырды:

- Урматтуу катышуучулар, эгерде биз – жаштар өзүбүздүн келечегибизге кам көрбөсөк, бизге муну эч ким жасап бербейт. Келгиле, жаштар таза шайлоо үчүн деп ураан айталы.

Мындай ураанды угаар замат, тегеректе жүргөн милиция кызматкерлери кайрадан чогулду. Жаштарды саясий акция өткөрүп жатат, деп айыптап тез тарап кетүүнү талап кылды. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талантбек Шатманов "Ала-Тоо" аянтында эс алуудан башка ар кандай акцияларды өткөрүүгө болбойт деген жүйөсүн дагы бир жолу баса белгиледи.

Тезинен кетпесе милиция кызматкерлери кармап кетерин сезген жаштар тарап кетишти.

Ал арада Акыйкатчы институнун алдындагы жаштар кеңеши шайлоодо жаштар, айрыкча билим берүү тармагында иштегендер административдик ресурс катары колдонулуп жатканына тынсызданып өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту.

“Мен ишенбейм” жаштар кыймылын эки жыл мурда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына наарызыланган жаштар түптөгөн. Бир нече жолу акция өткөрүп, милиция кызматкерлерине эчен ирээт кармалышкан.

"Мен ишенбейм!" - акыйкат шайлоо үчүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

XS
SM
MD
LG