Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

А. Мамараимов: Протоколдор туура эмес толтурулган


Абдымомун Мамараимов, БШК мүчөсү.
Абдымомун Мамараимов, БШК мүчөсү.

БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимов протоколдор туура эмес толтурулушуна учшайкомдордун тажрыйбасыздыгы себеп болгон деп эсептейт.

- БШК менен саясий партиялардын өкүлдөрү протоколдорду салыштыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Эмне үчүн протоколдор дал келбей калууда?

- Кодекс боюнча участалык комиссиялар протоколдорду толтуруп келгенден кийин алардан ката кетсе, аны райондук шайлоо комиссиялары карап оңдогонго укугу бар. Алар маалыматты “ГАС Шайлоо” системасына киргизишет. Эгер цифра туура эмес киргизилип калса, аны кайра экинчи жолу киргизүүгө мүмкүн эмес. “ГАС Шайлоо” системасы ошондой принципте иштейт да. Ошондо туура эмес кеткенден кийин, облустардагы жана биздеги маалыматтар да туура эмес болуп калат.

- Протоколдор туура эмес толтурулуп калды дегенди кандай түшүнсө болот?

- Протоколдо шайлоочулардын тизмеге киргизилген жалпы саны деген биринчи тилке бар. Көпчүлүк участкалык шайлоо комиссиялары эмнегедир ошол жерге добуш бергендердин санын жазып алган. Бул туура эмес. Ошондой нерселерди оңдош үчүн райондук шайлоо комиссияларына барганда ошону айтып, көрсөтүп оңдоп жөнөтүшкөн. Кээ бир партиялардын орду алмашып калган. Мисалы, эки партиянын орду, цифралары алмашып калган учурлар бар. Мен өзүм көрдүм ошондой нерселерди. Көбүнчө бул нерселер билбестиктен болуп жатат. Биз аларды жакшы окута алган жокпуз деп айтып жатабыз. Кээ бир окуган комиссия мүчөлөрү, төрагалар шайлоого чейин эле иштебейбиз деп кетип калды. Алардын ордуна жаңы кишилер келди. Ошонун айынан дагы туура эмес толтуруп калган учурлар көп.

- Шайлоо күнү саясий партиялардын байкоочуларында да протоколдордун бланктары берилген да?

- Эми мындай да. Шайлоо күнү добуштар эсептелип жатканда, чоңойтулган протоколду дубалга илип коет. Анан ар бир санды эсептегенден кийин төрага ошо жерге көрсөтүп жазат. Ал жердеги ар бир партиянын өкүлү, байкоочуда бирден протоколдун бланкы болот. Ар бир участкага 50дөн протоколдун бланктары берилген.

- Демек ошол жерде бардыгы чогуу олтургандан кийин кеткен каталар да бирдей болушу керек эле да?

- Ооба. Бирок андай болбой калып жатат. Себеби баягы партиянын байкоочусу чоңойтулган протокол толтурулуп жатканда, ал ошону толтурбай карап олтура берет. “Менин партиям канча добуш алды экен” же “махинация болуп кетпейби” деп олтура берип, протоколду толтурган эмес. Анан кийин шашып протоколдорду туура эмес толтурган, же албай кете берген. Анан кимдир бирөөнүкүн карап көчүрүп жазып алган. Протоколдорго участкалык комиссия эч кимди чыгарбай туруп, кол коюп, мөөрүн басып бериш керек. Муну да байкоочулар жасаган эмес. Же участкалык комиссиялар цифраларды туура эмес жазып алып, 20-30 киши келип турса, карабай кол коюп, мөөрүн басып койгон учурлар бар.

- Бул байкоочулардын кенебестигинен болду дегендикпи?

- Байкоочулардын дагы, шайлоо комиссияларынын дагы деп айтсак болот. Деңгээли ошого жараша болду да. Протоколдорду биз сейф-пакеттерден алган протоколдор менен салыштырдык. Аларды ар бир партиянын протоколдору менен салыштырган жокпуз. Бизге ар бир участкадан бирден сейф-пакеттерден протоколдор түз келген. Ошону ачып, биз протоколдорду баягы райондордогу түзүлгон таблицага салыштырдык. Партиялардын протоколдору өздөрүнүн колунда, бизге көчүрмөлөрүн берген. Биз аларга салыштырган жокпуз. Алардан бизге түшкөн арыздарды, протоколдорду талдап чыгышыбыз керек.

- Толтурулбай калган протоколдор да бар экендиги айтылып жатат?

- Андай чыкты. Жалал-Абад боюнча мен иштедим. Бир протокол ушундай чыкты. Өзүнө ишенбеген комиссиялар ушундай жолго барган.

- Кантип өзүнө ишенбейт, шайлоо комиссиялары эмне үчүн түзүлөт анда?

- Менин жеке оюмда, көбүнчө партиялар өзүнүн партиясы алган добуштарын укканда көчөгө чуркап чыгып, телефон аркылуу отчет берип кете берген учурлар болгон. Аягында комиссия өзү калганда, толтургандан коркуп ошол бойдон жөнөтүп жибериши ыктымал. Мындай болду деп так айта албайм. Бул менин жеке оюм.

- Шайлоочуларды карап олтурган участкалык шайлоо комиссия кетирген катаны райондук комиссия кантип оңдоду деген суроо туулат?

- Эми райондук комиссиялардын даярдыгы жакшы эле. Аларды окутууга жакшы эле мүмкүнчүлүк болду. Алар катаны участкалык комиссиянын төрагалары менен биргеликте оңдойт. Эски протоколду кошуп тиркейт. Жаңысын белгилеп тапшырат.

- Протокол маселеси мурунку шайлоолордо да болгонбу?

-Эми мурунку шайлоолор кандай өткөнүн жакшы билесиз. Жогортон көрсөтүлгөн проценттерге карап эле ошону менен жазып тапшыра берген. Азыркы маселе эмнеден чыгып жатат? Ошо бардыгы мыйзам чегинде болсун, так санап чыгарып берели дегенден болуп жатат.

- Азыр протоколдор толук текшерилип бүттүбү?

- Ооба кечээ текшерип бүтүрдүк. Актылар түзүлдү. Азыр актылар изилденип жатат.

- Буга чейин бир партиянын өз протоколдорунун көчүрмөсүн алып келгени айтылды эле. Дагы алып келгендер болдубу?

- Беш партия келди. Карадык, зарылчылык болсо буларды да тактайбыз. Бизде максат реалдуу цифраны табыш керек. Биринчи цифра туура эмес жазылса калганы чыкпайт да. Жанагы графадагы цифралар ордун тапса, баары такталат.

- Ушуну менен эле көйгөй чечилеби?

-Бул бир эле дал келбестик. Башка себептер да бар. Биз аларды карап жатабыз.

- Шайлоонун жыйынтыгы качан чыгып калчудай?

-Азыр айта албайм. Иш канча убакытты талап кылат билбейм. Эгер зарыл болсо биз кээ бир участкаларды ачып кайра эсептешибиз керек болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG