Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Улуттук конгресс ар бир бюллетенди санап чыгууну талап кылды


10-октябрдагы парламенттик шайлоодо аз добуш алып калган партиялар түзгөн Улуттук конгресс БШК ар бир бюллетенди кайра текшерип, санап чыгууга тийиш деп билдирүүдө.

Улуттук конгресстин төрагасы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” курган маегинде шайлоо учурундагы болгон мыйзам бузуулар протоколдорду текшерүү иштеринин жүрүшүндө аныкталып жатканын, андыктан ал кайра саноо жолу менен гана элдин шайлоого болгон ишенимин көтөрүүгө болорун белгилейт.

- Сиздер бюллетендерди кайра саноо демилгесин көтөрүп жатасыздар. Кайра санап чыгууга кандай жүйө бар?

- 29 партиянын өкүлдөрү комиссия түзүп алып, протоколдорду текшерип иштеп жатышпайбы. Фактылардын баары Бишкек шаары, Баткен облусу боюнча актыларда далилденди. Түп нускалар менен БШКдагы маалыматтарды салыштырганда дал келбөөчүлүктөр бар. Ал эми протоколдордун сапаты боюнча айтпай эле коеюн. Алар 50-60 пайыз туура эмес толтурулган.

- Шайлоо күнү болгон мыйзам бузуулар боюнча колдо кандай фактылар бар?

- Добуштарды сатуу болду. Өзгөчө түштүк аймакта коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Анан участкалык комиссиялар биздин байкоочуларга мыйзамсыз мамиле жасаган. Мында алар добуш санап жатканда жакындатпайт да. Жалпы жонунан бюллетендерди көрсөтүп коюп эле, “баланча партияга берди” деп коюшат. Көрсөткүлө десе, “отур” деп кагып-силкип койгон учурлар болду.

- Азыр шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бар. Кайра саноо аракети шайлоонун жыйынтыгына канчалык деңгээлде таасир этиши мүмкүн?

- Азыр айтуу кыйын. Бирок биз мунун баарын Кыргызстандын келечеги үчүн жасап жатабыз. Шайлоо жыйынтыктарын өзгөртпөсө да биз мындан сабак алышыбыз керек. Биринчи этапта бийлик каалагандай шарт түзүп берди, эч кандай басмырлоолор, партиянын лидерлерине кысымдар болгон жок. Башта ошол жагы жакшы болуп жаткан, бирок ошол эле учурда шайлоочуларды сатып алып жатканда же криминалдар саясатка активдүү киришип жатканда мыйзам ченемдүү бир чаралар көрүлгөн жок. Шайлоо бүтөрүнө 4-5 саат калганда одоно мыйзам бузуулар болду.

- Кайра саноо аракети шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этет деп ишенесизби?

- Албетте. Эгер 30 пайыздан көп мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы таптакыр башка болуп калышы ыктымал.

- Азыр бейөкмөт уюмдар шайлоо жыйынтыктарын тездетүүгө чакырып, жыйынтыктардын кечеңдеши өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирет деп жатышат. Мындай жагдайда БШК кайра саноо демилгесин колдойт деп ишенүүгө болобу?

- Биздин коом ушундай чапкын болуп калбадыбы. Бир маселеге он пикир эмес, жүз пикир чыга калат. Биздин конгресстин максаты – тактап, мыйзамга ылайык жыйынтык чыгаруу. Шашып, эптеп парламент отура калсын деген ой болбош керек. Эгер шайлоого эл ишенбесе, бул парламент да көпкө чейин отура албайт.

- Сиз айткандай шайлоонун жыйынтыгы башкача болуп калат дегендик бул шайлоонун жыйынтыгы таанылбай калат дегенди түшүндүрөбү?

- Ооба, мыйзам бузуулар дагы ачыкка чыга турган болсо, шайлоонун жыйынтыгы таанылбай калышы толук мүмкүн. БШК мандатына жараша чечим чыгарышы керек. Эгер азыр шашып, будамайлап, шайлоонун жыйынтыгын жаап койсок абал чын эле курчуйт. Ошондо туруксуз бийлик болот. Мына “Ак жолдун” түбү эмне болду. Анан "болуптур, эми тынчтык болсун" деп койсок болбойт. Парламентке шашып кире калалы деген саясий күчтөр кооптонуп, бир нерсе башталып кетет деп атайын шаштырып жатат.

- Кайра саноо менен аз добуш алган партиялардын абалы өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Биз ишенебиз, өзгөрүшү мүмкүн. Бирок анча чоң эмес. Бул жерде парламентке өтүү максат эмес. Максат - акыйкат шайлоо өткөрүү. Эл шайлоого ишениш керек. Келген бийликке ишеним көрсөтсүн. Антпесе жанагындай чаң-тополоңдор, митингдер боло берет.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG