Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

А.Жекшенкулов: Биз утканда да шайлоону тааныбайт болчубуз


Утулган айрым партиялар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетин көрүп жатканын “Акыйкат” партиясынын лидери А. Жекшенкулов айтып берди.

- 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болуп калды, сиздин партия шайлоонун жыйынтыгын тааныйбы?

А. Жекшенкулов: Жок, биз тааныбайбыз. Анткени шайлоонун кандай өткөнүн элдин бардыгы билет. Бул жерде эң негизги өксүк - бийликтин алсыздыгы болду. Экинчиден, акча менен добуш сатып алмай, участкалык жана райондук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сатып алмай көрүнүштөрү шайлоого терс таасирин тийгизди.

- Эл аралык байкоочулар, барктуу уюмдардын өкүлдөрү, ири державалар Кыргызстандагы шайлоо болуп көрбөгөндөй тунук жана демократиялуу өткөнүн, атүгүл Борбор Азияга үлгү болорун айтып жатышат. Сиз аларга каршысызбы?

А. Жекшенкулов:
Мен кошула албайм. Анткени алар айсбергдин үстү жагын гана көрүп, ылдый жагын көрүшкөн жок. Албетте мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бир топ эле жылыштар болду, каттоо жана даярдык маалында. Ал эми шайлоого эки күн калганда паракорчулук жана криминал жанданды.

- Эгерде сиздин партия бул шайлоодо жеңишке жетип, парламентте бир канча орунга ээ болсо, жогоруда айтып жаткан фактыларды келтирип, "бул шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз" деп айтып чыгат белеңиз?

А. Жекшенкулов: Албетте. Анткени баары жакшы деп атып мына ушул абалга келдик. Мындан ары саясий абал дагы курчуйт. Анткени эл арасында нааразычылык аябай көп. Анткени кечээ күнү эле бийликке таза, жаңы адамдар келсин деп, кайра эле эски саясатчылар, элдин кызыкчылыгын саткан, коррупцияга малынган адамдар келди.

- Сиз эми шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну көздөйбүз деп жатасыз. Бул максатыңарды кандай жол менен жүзөгө ашырасыңар? Көчөгө чыгып, акцияларды уюштуруу мененби же мыйзам чегинде, сот органдарына кайрылуу жолу аркылуубу?

А. Жекшенкулов: Баары мыйзам чегинде болот. Өзүңүздөр билгендей мен кыйналып жүргөндө да мыйзам чегинде иш кылгам, азыр да мыйзам чегинде иш кылабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG