Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Миңдеген мигранттар референдумга катыша албай калабы?


Москвадагы кыргыз мигранттары. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Москвадагы кыргыз мигранттары. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Орусияда жана Казакстанда кыргыз мигранттары үчүн түзүлгөн шайлоо бекеттери кескин кыскарды. Муну айрым укук коргоочулар мигранттардын добуш берүү укугун бузуу катары баалашууда.

Ал эми саясий серепчилер шайлоо учурунда жалпы тизмеге кирбей калган мигранттар кайсы бир саясий күч же административдик ресурс катары пайдаланып кетиши ыктымал деп кооптонушууда. Бул маселе 8-июнда “Эмгек мигранттарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу” деген аталыштагы тегерек үстөл жыйынында көтөрүлдү.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракуновдун айтымында, 27-июнда болчу рерферендумда Орусияда үч, Казакстанда эки шайлоо бекеттери ачылат. Ал 2009-жылы президенттик шайлоодо Орусияда 22, Казакстанда 3 шайлоо бекети түзүлгөнүн белгиледи. М.Өмүракунов мигранттардын көбүнүн негизги тизмеге киргизилбей, добуш бере албай калышын алардын укугунун бузулушу деп баалап жатат:

- Бул албетте эмгек мигранттарынын укугун катуу чектөө. Жер-жерлерден көчүп келип, айрыкча Ош, Бишкек шаарларында эч кандай каттоосу жок иштеп жаткан ички мигранттардын да укугу чектелбеши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы чет жактагы шайлоо бекеттери Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтын негизинде түзүлгөнүнүн кабарлады. БШК өкүлү Галина Скрипкинанын айтымында, ушул багытта айрым партия, диаспоралардан кайрылуу түшүүдө. Ошол себептүү бул маселе дагы каралышы ыктымал.

БШКнын дагы бир өкүлү Жумабек Акматов кыргыз диаспораларын мигранттардын тизмесин шайлоо комиссиясына бербегенин сынга алды:

- Кайсы шаарларда кыргызстандык мигранттар топтошуп жашайт, канча киши бар - ошол эле “Замандаштын” атынан да эч кандай маалымат БШКга түшкөн жок. Ошондуктан 9-июнда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Чуров менен бул маселени сүйлөшүүгө даяр эмеспиз. Бирок азыр да тизмени берсеңиздер карап көргөнгө даярбыз.

Ж.Акматовдун айтымында, орус өкмөтү референдум өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сунушун кошумчалады. Бул маселелер эртең да кеңири сүйлөшүлөт. Ошондой эле өткөн президенттик шайлоодо канча мигрант добуш бергени да так эмес. Тышкы иштер министрлиги менен БШК еөрсөткөн сандары дал келбей жатканы белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлиги болсо мигранттардын тизмеси консулдук бөлүктөргө келип, катталган жарандардын эсебинен чыгарылганын маалымдады. Ага ылайык кыргызстандык мекендештердин саны Орусия менен Казакстанда 16 миң деп эсептелген. Ал эми көз карандысыз эксперттер мигранттардын саны 700 миңден ашуун экенин айтып жатышат. Аталган министрликтин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Бийбосунов:

- Биз мигранттардын тизмеге киришине каршы эмеспиз, эч кандай тоскоолдук кылбайбыз. Шайлоого добуш бергенге катышам десе кошумча тизмеге кирип, шайлоого катыша алышат.

Ал эми укук коргоочулар мигранттардын Кыргызстанда да, иштеп жаткан жеринде да шайлоолорго катышпай, ара жолдо калышын укук бузуу катары баалашууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова мигранттар маселеси шайлоо учурунда гана көтөрүлүп келчү татаал маселе экенине токтолду. Аталган коалиция референдумда байкоочу катары катышат.

- Бул чоң суроо. Албетте бул кыска убакыттын ичинде чечилбейт. Ал үчүн бүт шайлоо, миграция мыйзамдарын тактап, белгилеп, механизмдерди кайра иштетиш керек. Анткени мыйзам бар, механизм жок экен.

Саясат талдоочу Марс Сариев мигранттарды шайлоого катыштырбай коюудан аларды башка күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн деген пикирде.

- Ички да, тышкы да мигранттар чоң күч. Аларды катыштырбай коюу укук бузуу менен барабар. Үч участок болгондо бирөөсүндө беш миң эле адам катыша алат экен. Бирок чындыгында андай эмес да. Эң аз дегенде чет жакта жарым миллиондой адам иштеп жатат. Ошол добуштарды административдик ресурс же болбосо башка күчтөр өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып кетет деген да коркунуч бар. Ошондуктан механизмдерди толук ачык чечиш керек.

Жыйында мигранттарды шайлоого тартуу үчүн Орусия же Казакстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын колдонуп, алар аркылуу жарыя берүү сунушун айтышты. “Замандаш” ассоциациясы жыйын соңунда Убактылуу өкмөткө кайрылдуу жолдоп, шайлоо бекеттеринин санын мурдагы калыбында калтырууну суранды. Ал эми тизмелерди тактоодо тиешелүү органдар менен бирге иштешмей болушту.

XS
SM
MD
LG