Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Сот шайлоо жыйынтыгына нааразылардын арызын карай баштады


Шайлоо жыйынтыгы боюнча азырынча сотко Коомдук парламент менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы кайрылды.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча азырынча сотко Коомдук парламент менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы кайрылды.

Биринчи май райсотунда шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон тараптардын арыздары боюнча алгачкы соттук териштирүүлөр болду.

Коомдук парламент өкүлдөрү парламенттик шайлоо мыйзамдык негизи жок өткөндүгүн белгилешип арыз беришсе, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко БШКнын Орусиядагы добуш берүү жыйынтыктарын жараксыз кылган токтомун жокко чыгаруу талабы менен кайрылышты. Ошол эле учурда партиялардын Жалпы улуттук конгресси шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын, добуштарды кайра саноо боюнча сотко кайрылышаарын ачыктаганга жетишти.

Парламенттик шайлоого нааразы болгондор көппү?

Парламенттик шайлоонун мыйзамдык негизи жок өткөндүгүн, натыйжада бул шайлоону легитимсиз деп жарыялоо керектигин талап кылган Коомдук парламенттин арызы 3-ноябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда каралды. Ошол эле учурда Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышы мыйзамсыз болгондугун белгилеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы дагы териштирүүгө алынды.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча арыздарды Бишкектин Биринчи май райсоту кароодо.

Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Шайлоо кодексинин негизинде кабыл алынганын, бул өз кезегинде Конституциянын 70-беренесине каршы келерин баяндап, мындан улам сотко кайрылышканын белгиледи:

- Бул азыркы өткөн парламенттик шайлоо Шайлоо кодексинин негизинде өттү. Тилекке каршы 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституциянын 70-беренесинде жазылып турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо, өтүү босогосун камтыганда Конституциялык мыйзамдын негизинде өтөт деп. Тилекке каршы булар кодекстин негизинде өткөзүштү. Ошол себептүү бул шайлоо легитимсиз деп жатабыз.

Коомдук парламент өкүлдөрү шайлоо өткөрүү боюнча констициялык мыйзам жок болгондугуна байланыштуу бул шайлоонун мыйзамсыз деп эсептөөнү талап кылышты. Анткен менен бул соттук иш аягына чыккан жок. Ага себеп Коомдук парламенттин арызына дагы төрт жарандын доо арызынын кошулушу болду.

Соттук териштирүүдө жооп берүүчү болгон БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров жаңы кошулган доо арыздар менен таанышуу максатында соттук иш 4-ноябрга калтырылганын белгиледи:

- Төрт киши шайлоочу катары дагы доо арыз бериптир. Ошонун негизинде алардын доо арызын изилдеп даярданып келишибиз керек да. Бүгүн көрдүк аны. Азыр беришти бизге.

"Бүтүн Кыргызстандын" шайлоо алдындагы үгүт жарнагы.
Биринчи май райондук сотунда Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышына байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы да каралды. Аталган партиянын өкүлү Екатерина Быцко партиянын талабын мындайча түшүндүрдү:

- БШК, Орусиядагы бекеттерде добуштарды жараксыз деп эсептеген токтомун мыйзамсыз кабыл алды. Мындан улам ал токтомдун жокко чыгарылышын талап кылып жатабыз.

Бүтүн Кыргызстан партиясынын өкүлү Екатерина Быцконун партиянын атынан келгендигин далилдеген ишеним кагазы болбогондугу үчүн бул иш 5-ноябрга жылдырылды.

“Сот чечсин!”

Башы мына ушундайча башталган парламенттик шайлоого байланышкан соттук териштирүүлөргө карата Борбордук шайлоо комиссиясы “сот чечсин” деген турумду карманып турат. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Коомдук парламент талап кылгандар буга чейин эле баарына маалым экендигин, кайсы гана соттук иш болбосун сот кандай чечсе БШК ал чечимди аткарууга даяр экендигин билдирди:
Акылбек Сариев

- Эми аны сот чечсин. Мага берген жок, сотко берген. Сот кандай чечим чыгарат ошону күтөлү эми. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Ал жагын өздөрү чечип алсын. Бул жаңылык эмес болчу. Баарыбыз тең билгенбиз, биринчи күндөрү. Бир ай ошону үчүн шайлоо коюлбай турган. Андай мыйзам жок экени жаңы ачылган жок. Азыр сотко берип жаткандан кийин өздөрүнүн деңгээли ошол.

Парламенттик шайлоого байланышкан алгачкы соттук териштирүүлөр башталып жатканда, шайлоонун расмий жыйынтыктарына ишеним артуу кыйын экендигин айткандар да болууда. Алсак 3-ноябрда Жогорку Кеңешке өтпөй калган кеминде 20га жакын партиядан түзүлгөн Жалпы улуттук конгресс парламенттик шайлоонун таза эмес өткөндүгүн, Боршайком арыз, талаптарды толук карап чыкпастан саясий көрсөтмө менен парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын чыгарганын билдирип чыгышты. Натыйжада конгресс мүчөлөрү мыйзамдын негизинде бюллетендердин кайра каралышын талап кылып, сотко кайрылаарын белгилешти.

XS
SM
MD
LG