Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Апта окуясы: Күттүргөн жыйынтык, чыңалган нервдер


Парламенттик шайлоодон бери туура 20 күн өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыктарын дале чыгарбай, өлкө башкарабыз деген лөктөрдүн тынчы кете баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20 күндөн бери шайлоо жыйынтыктарын чыгарбай турат. Андыктан бул апта алдын ала эсеп боюнча беш пайыздык чектен өттү делген беш партиянын тынчсыздануусу, бири-биринин нервин текшерүүсү, аңдышуусу, коалиция түзүү боюнча баш оорутуулары менен өткөнү калды.

Аңдышмай апта, кечиккен жыйынтык

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарынын кечеңдешин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзүнө байланыштырып, бийликте тургандар аларды беш пайыздык чектен өткөрүүнү каалабай атканын айтышууда. “Ата-Журт”, “Ар-намыс” партиялары да беш пайыздык чекте салаңдап турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясына тилектештигин билдиришүүдө. Айтмакчы бул үчөө тең өлкөдө күчтүү президенттик башкаруу болушу керектигин билдирип, парламентке келген соң баш мыйзамды өзгөртүү аракетин жасашарын айтып келатышкан.

Бешинчи болуп беш пайыздык чектен өткөн “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги болсо парламенттик системаны өзгөртүүгө жол бербөө керектигин айтышууда. Социал-демократтар деле парламенттик башкарууга каршы эместигин, бирок негизги стратегиялык өнөктөш катары авторитардык Орусияны көрөрүн айтышат. Бирок 7-апрелден кийин бийликке келген бул эки партия тең шайлоо жыйынтыктарынын кечеңдешине тиешелери жоктугун билдиришүүдө.

Соңку күндөрү Орусияны улуу агасы катары эсептеген пикирлери дал келе түшкөн “Республика” менен КСДП коалиция түзүүдө бирге болорун айтып чыгышты. Аркы жээкте ашынган орусиячыл “Ар-намыс” менен “Ата-Журт” турат. Мындай шартта “Ата Мекен” партиясы колиция түзүүдө чечүүчү роль ойноп калчудай. Бирок сценарий башкача өнүгүп кетиши, кеңири коалиция түзүлүп калышы да ыктымал.

Алдын-ала жыйынтыктар өзгөрүшү ыктымал

БШК болсо ырасмий жыйынтыктардын кечеңдешин кадыресе көрүнүш катары түшүндүрүүдө. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, шайлоо протоколдорун салыштыруу, кошумча тизмедегилердин санын аныктоо иштери убакытты созуп койду. Ушул тапта бул иштер соңуна чыгып, келаткан аптага чейин ырасмий жыйынтыктар чыгары айтыла баштады. Президент Роза Отунбаева да алдын ала эсептөөлөр боюнча беш пайыздык чектен өттү делген партия лидерлеринин төртөө жана БШК төрагасы менен жолугушуп, шайлоо жыйынтыктарын тездетүү керектигин билдирген.

Мурда негизги тизме боюнча беш пайыздык тосмо 142 миңге чукул болсо, кошумча тизме менен шайлаган 200 миңдей адам кошулгандан кийин ал чек 150 миңге чыгып кетти. Шайлоодо 145 миңден ашуун добуш топтогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга катуу нааразычылыгын билдирүүдө. Эми БШК протоколдорду салыштыргандан кийин бир катар каталарды аныктап, шайлоочулардын санын дагы 40 миңге көбөйттү.

Кошумча тизме боюнча добуш бергендер арасында негизги тизмеден чыгарылбай калгандары да болгон. БШК акыркы жыйынында андай шайлоочулардын саны 4 миңдей экенин айтып, аларды тизмеден чыгарды. Ошентип шайлоочулардын соңку так эсеби аныкталып, ал 3 миллион 36 миңди түздү. Мурда негизги тизмеде 2 миллион 837 миң 957 шайлоочу көрсөтүлүп, алдын-ала эсептөөлөр да ушуга жараша көрсөтүлгөн. Демек өскөн санга жараша беш пайыздык чек да бийиктеп кетүү ыктымалдуулугу чоң болууда.

БШК төрагасы А.Сариев деле жыйын алдында негизги тизмеден алынбай туруп добуш бергендердин саны анча көп эмес экенин айткан:
А.Сариев

- Жалпы шайлоочулардын саны кырк миңдейге көтөрүлдү. Бирок биз башка ченемди да карап жатабыз. Тизмеден чыгуу күбөлүгү деген бар, аны көп жерде албай коюшуптур. Кошумча тизме менен добуш бергендер негизги тизмеден алыныш керек эле. Эми ал көп деле эмес, беш-он деген сан. Бирок республика боюнча алып келгенде ал деле көп санды түзүп калат. Азыр ошону өзгөртөбүз, анын эсебинен азыркы көрсөтүлгөн сан көп болбосо да түшөт.

Автоматташкан ГАС шайлоонун көрсөткүчү боюнча алдын ала жыйынтыктарда биринчи орунду “Ата-Журт” партиясы ээлеген. Андан соң Социал-демократтар, үчүнчү “Ар-намыс”, төртүнчү “Республика”, бешинчи “Ата Мекен” партиясы турат. Эгер кошумча тизменин негизинде башында 200 миң, кийин 36 миң шайлоочу кошулганын эске алсак, жыйынтыкка келгенде жеңүүчүлөрдүн ээлеген орду өзгөрүп, “Ата-Журт” алдыда болбой калуусу толук мүмкүн.

Шайлоо жыйынтыктарынын кечиккенине нааразы болгон “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” партиясынын жетекчилери президент менен да, БШК жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн, жыйынтыктар апта соңуна чейин чыгат деген убадаларды угушканын айтышкан. БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимов болсо жыйынтыктар качан чыгарын азыр да так айтууга мүмкүн эмес экенин билдирүүдө:

- Тизмеге кирген шайлоочулардын саны жазыла турган жерге, добуш берген шайлоочулардын санын жазып коюшкан. Ошондуктан көп шайлоо бекеттеринде шайлоочулардын саны азайып кеткен. Ошону биз кайра калыбына келтирип, биринчи графаны оңдодук. Жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоо бекеттеринде, кайсы партия канча добуш алган болсо, ошончо кыскарат жыйынтыктарды чыгарганда. Бир партия бир добуш алдыбы, демек бир добуш жоготту деген сөз.

Ал эми жыйынтыкка келе турган болсок, бирок азыр биз аны так айта албайбыз. Аягына чыгышыбыз керек тактоолордун. Ошондо гана чечим чыгара алабыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Марат Кайыповдун пикиринде, кошумча тизме атайылап аларды парламентке жолотпоо максатында көбөйтүлүүдө. “Кошумча тизме менен добуш бергендер көбөйгөн сайын, негизги тизмедегилердин саны азайып жүрүп отурушу керек эле”,- дейт ал:
М.Кайыпов

- БШК шайлоочулардын санын каяктан көбөйтүп атат билбейм. Мыйзам боюнча кошумча тизме киргендердин санын негизгиден өчүрүш керек. Бул Шайлоо кодексинин 22-беренесинин 4 пунктунда көрсөтүлүп турат. Жөндөн-жөн эле киши көбөйө бербейт да. Муну атайын “Бүтүн Кыргызстан” үчүн көбөйтүп жатпайбы.


Эми минтип алдын ала эсептөөлөр боюнча алдыда бараткан партиялар артка жылып, беш пайыздык чектин кырында турган “Бүтүн Кыргызстан” тосмону аттай албай арманда калышы мүмкүн болуп турат. Шайлоонун жыйынтыгы чыккыча митинг-пикеттерин токтоткон бул партия, өтпөй кала турган болсо чоң чатак салышарын билдирген. Ал тургай М.Кайыпов “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй кала турган болсо, бийликти алмаштырганга чейин барышарын айтып салган.

Ушуга чейин шайлоо протоколдорун салыштыруу маалында БШК каталарды тапканын айтып, чет жактагы тогуз мамлекеттен 13 шайлоо бекетинин, Кыргызстандын ичинен Өзгөн районунда эки шайлоо бекетинин протоколдорун жокко чыгарды. БШК шектүү делген дагы 3-4 шайлоо бекеттеринин протоколдору бар экенин билдирүүдө.

Күз күрөш. Митинг-пикеттер уланабы?

Бул аптада “Ар-намыс” партиясы да митинг өткөрмөкчү болуп, 27-октябрда 300 атчан коштогон адамдарын эски аянтта топтой турганын жарыялаган болчу. Алар БШКдан тез арада жыйынтыктарды чыгарууну талап кылышкан. Аталган партиянын жетекчилеринин бири Эмил Алиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алардын митингине каршы митингдер пландалганын, анын үстүнө БШК жума соңуна чейин жыйынтыктарды чыгарууга убада бергенин, ошол себептүү митингди токтотушканын айткан:
Э.Алиев

- Биз митингге элдерди чыгарбайбыз, бешинчи күнгө (29-октябрь) чейин чыдайбыз, күтөбүз. Биз өзүбүздүн активдерге айтканбыз, митингге чыкпай эле коёлу деп. Биздин эң негизги талабыбыз, БШК шайлоонун жыйынтыгын тез арада чыгарсын деген талап болчу. Болбосо бул Кыргызстанда ар кандай ойлорду туудуруп, өлкөнү туруксуздукка алып келатат да. Менин оюмча биз митингге чыкпай туруп эле максатыбызга жеттик. БШК жума күнгө чейин жыйынтык чыгарууга мажбур болду. Мындай Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп атат. Мурда 5-6 күндүн ичинде эле чыгарып койчу. Азыр болсо үч жумага жакындап баратат, эч нерсе жок.

Эми жыйынтыктар чыккандан кийин чектен өтүп алган “Ар-Намыс” митинг-пикет кылып кыйкырып чыкпас. Бирок чектен өтпөй калса “Бүтүн Кыргызстан” чатак салышы мүмкүн.

Саясий серепчи Марс Сариевдин божомолунда, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы баарыбир беш пайыздык тосмодон өтпөйт. Ал партия жалгыз өзү ири митингдерди өткөрүп, кырдаалды курчутуп жибериши деле күмөн. Анткени жыйынтык чыккан соң буларга жан тартымыш болгон “Ар-намыс”, “Ата-Журт” партияларынын “Бүтүн Кыргызстан” менен иши болбой калат:
М.Сариев

- Менин оюмча азыркы шайлоо жыйынтыгы анча катуу өзгөрбөйт. Ушул боюнча эле калат. Көп болсо беш депутат тияк-биякка жылат. Азыр лидер болуп келаткан “Ата-Журт” партиясы ошол эле ордунда калат. Башка катышкан партиялар деле ошол эле бойдон калат. “Бүтүн Кыргызстан” деп айтылып атат, бирок бул партия беш пайыздык чектен өтпөй эле четте калат. Ошондуктан менимче кардиналдык өзгөрүү күтпөш керек.

20 күндөн бери жыйынтыктарды чыгарбай келаткан БШК жарышта озуп чыккан партияларды тынчсыздантып, айрыкча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын нервин катуу чыңалтты. Беш пайыздык чек көтөрүлгөндөн бери бир катар митингдерди өткөрүп, он чакты күн мурда эле бийликке бир-эки күн берип аткан бул партиянын шайы оой түшкөндөй. Ал эми тартип сактоо органдары кырдаалды курчутуу аракеттерине жол берилбесин, милиция, элдик кошуундар, керек болсо аскерлер даяр турганын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG