Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Митингдер убактылуу токтотулду


“Ар-намыс” партиясы президент Р. Отунбаеванын өтүнүчүн эске алып, 27-октябрда митинг өткөрүү ниетинен баш тартты. “Ата-Журт” дагы өз тарапкерлерин митингге чыкпоого үндөдү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кырдаал турукташа элек. Буга шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу кечеңдеши терс таасирин тийгизип жатканы айтылууда.

Байкоочулар, эл аралык уюмдар демократиялык негизде өттү деп баалаган шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун кечеңдешине “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айланасында түзүлгөн кырдаал себепкер болгону белгилүү.

Камчыбек Ташиев
Ал эми жалпы кырдаалдын кескин курчуп кетишине “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө 23-октябрда болгон окуя себепкер болду. Мына ошол окуядан кийин 24-25-октябрда “атажуртчулар” митингге чыгышты. Айрыкча, 25-октябрда кырдаал бир топ курч болгону байкалды. Анткени митингчилер менен аларга каршы турган башка күчтөр, тартип коргоо органдары ортосунда кагылышуу коркунучу туулду.

Бул арада “Ар-намыс” партиясы 27-октябрда атчандардын катышуусу менен борбордо митинг өткөрүүнү белгиледи. Коюла турган талап шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо болду. “Арнамысчыларга” “Ата-Журт” партиясынын тарапкерлери да кошулары кабарланды. Мына ушундай мүнөздө өтүүсү белгиленген митинг укук коргоочуларды чочутуп, алар атайын билдирүү менен чыгышты.

Бирок 26-октябрда президент Роза Отунбаева 5 пайыздык тосмодон өткөн партия лидерлерин кабыл алып, анда шайлоонун жыйынтыгы ушул жума ичинде чыгарыларын билдирген.

Мына ушул жагдай митингди токтотууга алып келди дейт “Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев:


- Бүгүн митинг болбойт. Биз өзүбүздүн активдерибизге митингге чыкпай эле койгула деп айттык. Биздин эң биринчи талап – БШК шайлоонун жыйынтыгын тез арада чыгарсын деген талап эле. Шайлоонун жыйынтыгынын чыкпай жатышы ар кандай ойлорду жаратып, бейстабилдүүлүккө алып келатат да. Менин оюмча, биз митингге чыкпай туруп эле максатыбызга жеттик. БШК жума күнгө чейин шайлоонун жыйынтыгын жарыялай турган болду.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлери да 26-октябрда кечке жуук билдирүү менен чыгып, анда өзүнүн тарапкерлеринен 27-октябрда митингге чыкпоого өтүндү.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов бүгүнкү митинг убактылуу гана токтотулганын, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жакынкы күндөрү жарыялабаса, анда митинг уюштуруларын билдирүүдө.

Абдымомун Мамараимов
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, протоколдор, тизмелер негизинен текшерилип бүттү. Азыр карала турган арыздар калууда. Ошондуктан ушул жуманын ичинде жыйынтыктарды чыгарууга шарт бар. Бирок мына бул күнү чыгат деп айтуу кыйын.

Бул арада келечектеги коалициянын курамдары да айкын боло баштады. Кыргызстан социал-демократтар жана “Республика” партиялары бир болууга макулдугун айтып чыгышты. Бул экөө “Ата Мекенди” өз тарабына тартууга аракеттенүүдө. Бирок Кремлдин Өмүрбек Текебаевге каршылыгы андай үчилтиктин түзүлүшүнө кедергисин тийгизүүдө.

Экинчи жээктеги “Ар-намыс” менен “Ата-Журттун” пикирлештиги айтылган менен алардын бекем кол кармашканы байкала элек. Ошондуктан келечектеги коалиция кандай курамда болуп калышы белгисиз. Болгону бир канча версия, божомолдор гана бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG