Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Э. Алиев: Шайлоо жыйынтыгын ушул жумага чейин күтөбүз


Kyrgyzstan -- Emil Aliev, Deputy Leader of "Ar Namys" (Dignity) Party, undated
Kyrgyzstan -- Emil Aliev, Deputy Leader of "Ar Namys" (Dignity) Party, undated

“Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” 27-октябрга белгиленген акциясынан баш тартуу себебин, коалициялык өкмөт маселелери тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Президент кечээ кечинде шайлоодо жеңген төрт партиянын лидери менен кайрадан жолугушуптур. Эмил мырза, алгач маалымат берсеңиз, кечээ сиздердин партиянын лидери Феликс Кулов президент менен болгон жолугушууга катыштыбы? Анда сиздердин партияга тиешелүү сөз болгондур, өлкө башчысы балким митинг өткөрбөөгө чакыргандыр?

Э. Алиев: Ооба, ал жолугушууга Феликс Кулов барды. Анда бүгүнкүгө белгиленген митингдин тегерегинде сөз болгон. Президент Роза Отунбаева партия лидерлерин митинг өткөрбөөгө суранды. ”Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жумага чейин жыйынтыгын чыгарат, митингге чыкпай эле койгула, ансыз деле Кыргызстанда акыбал тынч болбой турат, ошондуктан митингдерден алысыраак бололу", - деп айткан болчу.

Азаттык”: Анан кандай чечимге келдиңер?

Э. Алиев: Биз баарыбыз бүгүн элдерди митингге чыгарбайбыз деген бир чечимге келдик. Бешинчи күнгө чейин чыдайбыз, күтөбүз. Бүгүн митинг болбойт. Биз өзүбүздүн активдерибизге митингге чыкпай эле койгула деп айттык. Биздин эң биринчи талап – БШК шайлоонун жыйынтыгын тез арада чыгарсын деген талап эле. Шайлоонун жыйынтыгынын чыкпай жатышы ар кандай ойлорду жаратып, бейстабилдүүлүккө алып келатат да. Менин оюмча, биз митингге чыкпай туруп эле максатыбызга жеттик. БШК жума күнгө чейин шайлоонун жыйынтыгын жарыялай турган болду.

Жыйынтыкты чыгарбаганга азыр мыйзам чегинде эч кандай негиз жок. Булар жыйынтыкты эрте эле чыгарышы керек болчу. Мындай Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Мурда 5-6 күндүн ичинде эле чыгарып койчу. Азыр мына үч жумага жакындап баратат эч нерсе жок.

“Азаттык”: Эгер БШК бешинчи күнгө чейин шайлоо жыйынтыгын чыгарганга үлгүрбөй калса кайрадан эл топтойсуздарбы?

Э. Алиев: Ооба. Жыйынтыгы чыгыш керек. Себеби БШКнын азыркы аракеттери мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Булардын иштери бара-бара саясатка аралашып кетип жатат. Андай болбошу керек эле.

“Азаттык”: Сиздердин бүгүн өткөрөбүз деген акцияңыздар боюнча бир топ тынчсыздануулар айтылды эле. Акыйкатчы, Укук коргоочулар кеңеши нааразылык иш-чарадан баш тартууга чакырышкан. Айрыкча 200дөй атчан алып чыгат деп кооптонуп жатышкан. Бул атчандарды каяктан топтодуңуздар эле?

Э. Алиев: Бизде парламентке өткөн бир партия бизге каршы элдерди чогултуп жатат деген маалымат бар эле. Алар мурун эле чогултуп аянтка алып келишкен болчу. Аянтка чыккандарга антимитинг уюштуруп, талкалап кууп чыгабыз деп атышкан. Бизде ушундай маалымат болгон үчүн биз деле өзүбүздүн кошуунду чыгаралы дегенбиз. Ошондуктан атчан, жөө жүргөн кошуундар чыкмак. Андан да көп элдер биз келебиз, чыгабыз деп атышкан.

“Азаттык”: Эгерде ушундай учурда эки топ кагылышып кетсе, жоопкерчилигин ким алмак эле?

Э. Алиев: Аны эч ким айта албайт. Бирок ар бир топ, эл митинг аркылуу өзүнүн оюн атууга мүмкүнчүлүгү, мыйзамда көрсөтүлгөн укугу бар.

“Азаттык”: Эмил мырза, эми коалициялык өкмөт түзүү маселесине байланыштуу сүйлөшсөк. Кечээ Социал-демократтар менен Республика партиясы бириге турганын жарыялашты. Сиздердин партияда коалиция түзүү боюнча кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат?

Э. Алиев: Сүйлөшүүлөр бир топтон бери келатат. Жашыруун деле, ачык деле сүйлөшүп келатабыз. Коалиция түзүү үчүн биздин шартта бири-бирин жактырбаган үч партия керек болуп жатпайбы. Бирок бул жерден саясаты жок эле, жеке көз караштары бири-бирине келишпеген адамдар чогулуп коалиция түзө албайт. Кечээ бул тууралуу Феликс Кулов билдирүү тараткан. “Бул коалицияга шайлоого катышкан, 2 пайыздан ашыгыраак элдин добушун алган башка партиялар да кириши керек. Себеби, биз беш партия парламентке келдик, ошондо деле шайлоого катышкан 50 пайыз элдин добушуна ээ болгон жокпуз, ошон үчүн кеңири коалиция түзүп, башкаларды да кызматташканга чакырышыбыз керек”,-деп билдирүү таратты.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG