Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:22

Күттүргөн жыйынтык, жараксыз добуштар...


Бишкектин бир добушканасында бюллетендерди эсептөө, 10-октябрь.ь
Бишкектин бир добушканасында бюллетендерди эсептөө, 10-октябрь.ь

БШК күмөндүү делген дагы тогуз шайлоо бекетинин жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлоочулардын саны болжолдуу түрдө 40 миңге көбөйдү.

БШК күмөндүү делген кыркка чукул шайлоо участкалардагы протоколдорду текшерип бүттү. Анын негизинде Германия, Украина, Британия, Швейцария, Иран, Араб эмираттары, АКШ жана Орусиянын Новосибирск шаарында ачылган шайлоо бекеттеринин жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ошентип добуштары жараксыз деп эсептелген шайлоо бекеттердин жалпы саны 13кө жетти. Мындай чечим добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонуна байланыштуу кабыл алынган. Бул жайларда шайлоочуларды кошумча тизмеге киргизүүдө мүчүлүштүктөргө жол берилип, тиешелүү документтери жок добуш беришкен.

Шайлоочулардын саны дагы 40 миңге көбөйдү

Акылбек Сариев
БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, күмөндүү делген кырктан ашуун добушканалардын протоколдору туура эмес толтурулган. Көпчүлүгү негизги тизмедеги шайлоочулардын санын аз көрсөтүшкөн. Ошол себептүү жалпы шайлоочулардын саны болжол менен дагы 40 миңге көбөйдү. Буга чейин БШК кошумча тизмелердин негизинде шайлоочулар 200 миңге өскөнүн билдирген эле.

- Жалпы шайлоочулардын саны кырк миңдейге көтөрүлдү. Бирок биз башка ченемди да карап жатабыз. Тизмеден чыгуу күбөлүгү деген бар, аны көп жерде албай коюшуптур. Кошумча тизме менен добуш бергендер негизги тизмеден алыныш керек эле. Эми ал көп деле эмес, беш-он деген сан. Бирок республика боюнча алып келгенде ал деле көп санды түзүп калат. Азыр ошону өзгөртөбүз, анын эсебинен азыркы көрсөтүлгөн сан көп болбосо да түшөт.

Алдыга чыккан беш партиянын да орду өзгөрүшү мүмкүн
Чет өлкөдөн берилген айрым добуштар жокко чыгарылды. Ал жакта добуштар ар кайсы партияга ар кандай берилген. Ошого карап партиялардын орду да өзгөрүшү мүмкүн...
Рашид Бекбасаров, БШК өкүлү

Ошентип шайлоочулардын санынын көбөйүшү менен 5% босого дагы өсүшү ыктымал болуп калды. БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаровдун билдиришинче, шайлоо жыйынтыктары боюнча күмөндүү делген добушканалар бар. Жалпы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ГАС "Шайлоонун" эсебинде өттү делген беш партиянын ордулары да өзгөрүп кетиши мүмкүн.

- Шайлоочулардын саны 40 миңге көбөйгөндөн кийин босого да жогорулайт. Бирок негизги көбөйө турган сандар киргизилди. Эми тактоолор киргизилет. Бизде дагы шектенип турган Ош, Бишкек шаарлары, Сузак району жана чет өлкөдөн дагы айрым участоктор бар. Алар дагы кирет. Бизде турган тизме боюнча шайлоочулардын саны 3 млн. 4 миң эле, азыр 3 млн. 40 миңге жакындап калды. Ал эми чет өлкөдөн берилген айрым добуштар жокко чыгарылды. Ал жакта добуштар ар кайсы партияга ар кандай берилген. Ошого карап партиялардын орду да өзгөрүшү мүмкүн.

Марат Кайыпов
Буга чейин эле шайлоонун жыйынтыктарына макул болбой, өзүнүн беш пайыз босогодон өткөнүнө ынанып келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШК сандар менен атайылап “ойноп” атат деп эсептейт. Партия лидерлеринин бири Марат Кайыпов:

- БШК шайлоочулардын санын каяктан көбөйтүп атат билбейм. Мыйзам боюнча кошумча тизме киргендердин санын негизгиден өчүрүш керек. Бул Шайлоо кодексинин 22-беренесиинн 4 пунктунда көрсөтүлүп турат. Жөндөн-жөн эле киши көбөйө бербейт да. Муну атайын “Бүтүн Кыргызстан” үчүн көбөйтүп жатпайбы.

Жыйынтык качан чыгары дале арсар

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова тизмелерди тактоо шайлоонун жалпы жыйынтыгына көп деле таасирин тийгизе албайт деген ойдо:
Динара Ошурахунова

- Беш пайыздан өткөнү өттү, бирок бул жерде аймактан алчу 0,5 % маселеси дагы турат да. Менимче, эл өзүнүн тандоосун жасады, ал жагабы, жакпайбы бул элдин тандоосу. Ошону эртерек элге көрсөтүп, парламент иштеп баштаса болот эле. Кыш келатат, кымбатчылык болуп атат.

Президент Роза Отунбаева өзүнүн видео кайрылуусунда шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө бүтүп калганын жана ушул аптанын соңунда жалпы жыйынтык белгилүү болуп каларын айткан. Анктен менен БШК төрагасы Акылбек Сариев тизмелер толук текшерилип бүтө электигин эскертип, шайлоонун толук жыйынтыгын расмий түрдө качан жарыя кыларын ачыктаган жок. Ушул тапта айрым саясий партиялар БШКнын расмий жыйынтыгын күтүп, митингдерин жылдырышканы да белгилүү.

Ошентип президент Роза Отунбаева да, биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев да жаңы Жогорку Кеңеш келаткан дүйшөмбүдөн тартып иштеп калышы ыктымалдыгын белгилешүүдө. Бирок БШК муну азырынча тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG