Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

14 гана партия талапкерлердин тизмесин тапшырды


10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо, ага даярдыктар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бүгүн саясий партиялар талапкерлеринин тизмесин тапшыра турган акыркы күн болуп калды. Бул күнгө карай канча партия тизмелерин тапшырды?

Акылбек Сариев: Кечээ күнү кечкиге жалпысынан 14 саясий партия өзүнүн талапкерлеринин кеңешин каттоого өткөрдү. Ошондой эле бүгүнкү күнгө 57 партиянын ичинен 6 партия өзүнүн шайлоого катышпастыгын билдирди.

- Эң алдынкылардан болуп тапшырган “Ата мекен” жана “Ата журт” партияларынын тизмелери текшерилип бүттүбү? Аларга шайлоого катышууга укук берилдиби?

Акылбек Сариев: 10 күндүк мөөнөт бар, текшерүү аяктап калды. Бирок алдыда келаткан майрамдарга байланыштуу каттоо, же каттабоо тууралуу майрамдан кийин карайбыз.

- Шайлоо расмий жарыялангандан кийин ар кандай үгүт иштери токтотулуш керек эле. Бирок маалымат каражаттарында, көчөлөрдө кыйыр үгүттөөлөр жайнап турат. Бул мыйзам бузуу эмеспи? Эгерде мыйзам бузуу болсо ага жол бергендерге кандай чара колдонулат?

Акылбек Сариев: Туура айтасыз, баарыбыз эле бирдей мамиле кылсак болмок эле. Бирок, тилекке каршы, кээ бир ММКлар ар кандай себептер менен өздөрүнүн иш аракеттерин алып барып атат, көптөрүнө эскертүү жибердик. Бирок баарыбыз туура түшүнүшүбүз керек, ушул шартта элдин кызыкчылыгын жогору коюп, 10 күн чыдап койсок деле болмок. Саат 2де ММКлардын өкүлдөрү менен жолугуп, кеңешейин деп атам. Туура түшүнүш керек, элдин көбү нааразы болуп, өзүнүн катмарында ушундай пайда кылып атат.

- Өлкөдөгү парламенттик шайлоого канча эл аралык байкоочу көз сала турган болууда?

Акылбек Сариев: Бүгүнкү күндө белгисиз, бирок биз бардык жакка чакыруу жөнөттүк, убакыт бар, 10 күн калганга чейин каттоо башталат. Азырынча билдирүү келе элек, бир гана ЕККУнун байкоочулары келебиз деп билдиришти. Алар дайыма келип жүргөн уюм.

- Андан сырткары жергиликтүү байкоочулар болот да?

Акылбек Сариев: Ички байкоочулар добуш берүү күнү гана статусуна татыктуу болот. Ошон үчүн алдын ала алардын санын айтууга мүмкүн эмес. Дайыма эле катышып жүргөн биздин жарандык сектордун өкүлдөрү катышабыз деп даярданып жатышканын билем.

- Шайлоонун финансы, уюштуруу маселелери чечилгенби? Дегеле шайлоого даярсыздарбы?

Акылбек Сариев: Каражат маселеси чечилип атат. Каржы министрлиги бөлүп берип атат, бир бөлүгүн облустарга бердик, майрамдан кийин чечилет, буйруса.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG