Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Шайлоо мугалимдерсиз өтпөйбү?


Бишкектеги айрым мектептердин мугалимдери жайында толук эс ала албай калуу коркунучунда турат. Мектеп жетекчилиги аларга 1-июнда каникулга тарап, 20-июлда кайра ишке чыгууга буйруган. Бирок мугалимдер отпуска маалында деле экзамен алып иштеп, натыйжада талапка ылайык эс ала албай калышаарын айтышууда. Алар бул өзгөрүүлөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Адатта кенже класстардын мугалимдери 1-июндан тарта эс алууга кетет. Чоң класстарга сабак бергендер мамлекеттик экзамендер бүткөн соң июнь айын этектеп отпускага чыгышат. Атын жана кайсы мектепте иштегенин атабоону өтүнгөн мугалим айымдын “Азаттыкка” билдиришинче бул жылы графиктер өзгөрүлгөн:

Биз деле элге окшоп эс алгыбыз келет
- Мурда 24-июнда, экзамендер бүткөндөн кийин отпускага кетчүбүз. 1-июнда эс алууга кеттик дегенибиз менен баарыбир мамлекеттик экзаменге катышып, жумушка чыгууга мажбур болуп атабыз. Эс алуу убактыбыз ойдогудай өтпөй калып, бизге залакасын тийгизип атат.


Көп жылдардан бери мугалим болуп иштеген бул айым мындай өзгөрүүлөрдү алдыдыгы президенттик шайлоо менен байланыштырат:

- Шайлоолор мугалимдерсиз өтпөйт да. Буга чейин да, мындан кийин да шайлоолор мугалимдердин жардамы менен өтөт. Шайлоодо мугалимдерди бекер иштетет. Бизге акча төлөнбөйт. Биз деле элге окшоп эс алгыбыз келип атат. Биздин мектеп бүт, жүз пайыз каршы болуп жатат. Эмне кылабыз, арманбызды кимге айтабыз?..

Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы, Социал-демократ фракциясынын депутаты. Анын айтымында, мындай өзгөрүүлөр бийликтин шайлоодо мугалимдерди административдик ресурс катары пайдаланганы жатканынан кабар берет:

- Биринчиден президентти шайлоо күнү мыйзамды бузуу менен белгиленип калды. Конституция боюнча октябрдын этегинде болушу керек эле. Экинчиден, жай өзгөчө мугалимдер үчүн эс алуу айлары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө мугалимдерди, догдурларды, дегеле бүт бюджеттик тармакта иштеген элдердин баарын тең саясатташтырып, шайлоого байланыштуу алардын баарынын укуктарын бузуп, эс алуу мөөнөтүн кыскартып, же болбосо эс алуу маалында иштетип койгону туура эмес.

Депутат Иса Өмүркулов бул меселе парламентте карала турганын айтты. Бирок Жогорку Кеңеште бийликчил “Ак жол” партиясы басымдуулук кылгандыктан маселенин мугалимдер пайдасына чечилерине үмүттөнбөй деле турганын билдирди.

Антсе да өлкөнүн Билим министрлиги, быйыл мугалимдердин эс алуусу президенттик шайлоого байланыштуу үзгүлтүккө учурайт дегенди четке какты. Аталган министрликтин өкүлү Дамира Кудайбергенова “Азаттыкка” мугалимдердин эс алуусун мектеп жетекчилиги ченеп-чактап бөлүштүрөрүн айтты:

- Завучтар, мектептин деректири график түзөт, ошол график менен эс алууга бөлүнгөн акчасын алып отпускага чыгышат. Тарификацияга ылайык ар бир мугалим 48 иш күн эс алуусу керек. Ким эрте бошосо эрте кетет, кеч бошогондору кеч кетет. Конкреттүү түрдө отпускага байланыштуу кимди капалантып, таарынтып атат Билим министрлигине телефон чалып айтышсын. Өзүнүн каалоосу жок эч ким иштерге аралаштырылбайт. Себеби, ошол участкалык комиссияга деле кирсе сөзсүз түрдө өзүнүн арызы болушу керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо элдердин эс алуу маалында 23-июлда, анан дагы иш күнү - бейшембиде өтөт.

Арзыбаган айлык алып үй-бүлөсүн баккан мугалимдер эгер президенттик шайлоо маалында иштеп калса, мектеп жетекчилигинин каарына калбаш үчүн аларга каршы ачык арызданып-арызданбашы арсар.

XS
SM
MD
LG