Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

В.Пономарев: Б.Хамроевдин аракетинде укук бузуу жок


Бахром Хамроев
Бахром Хамроев

"Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономарев аталган уюмдун укук коргоочусу Бахром Хамроев Кыргызстандын коопсуздук комитенинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалып, чыгарылып жиберилген деп билдирди.

- Виталий мырза, биз Бахром Хамроевдин бошотулуп, Москвага кеткендигин тактайын деп чалып жатабыз.

- Ооба, ал мага Домодедово аэропортунан телефон чалып, депортация болгонун айтты. Анын фотоаппаратын, телефонун коопсуздук комитетинин кызматкерлери алып коюптур. Аны учуп жаткан учурда беришпептир. Эмне себептен, эмненин негизинде кармалганын айтканга жетишкен жок. Анткени өзүнүн телефону жок болгондуктан, башка бирөөнүн телефонунан чалган экен. Менимче, ал мага келгенде кошумча маалыматтарды билебиз.

- Ал эмне себептен, эмненин негизинде кармалганын айткан жокпу?

- Айткан жок. Бирок баары эле анын кадамынан белгилүү болчу да. Ноокат, Жалал-Абадда болгон жолугушууларда коопсуздук комитетинин кызматкерлери мейманканынын администрациясы аркылуу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү талап кылуусу, ага карата жасалган коркутуулар, артынан аңдуулар муну тастыктап турат. Башкача айтканда Хамроевди кармоодо эч кандай мыйзамдык негиз жок болчу. Коопсуздук комитетинин кызматкерлери ар кандай мыйзамсыз кыймылдарга барып жатышы Кыргызстандын түштүгүндө абалдын кандай экенин көрсөтүп турат.

- Хамроевдин Кыргызстанда кармалышы анын ишмердүүлүгү менен байланыштуубу? Кандай ойлойсуз?

- Ооба, бул 100 пайыз анын укку коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Эмнеге дегенде Хамроев Кыргызстанга Ноокат окуясынан кийин диний көз караштагы адамдарга болгон куугунтуктоолор туурасында маалымат чогултуу үчүн барган. Ал куугунтукка кабылгандардын туугандары менен жолугуп, акыркы мезгилдеги түштүктө болгон сот процесстерине кызыгып жүргөн. Ноокат окуясы эл аралык деңгээлде белгилүү болгон менен, экинчи тараптан массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылбайт. Анткени, маалымат ала алышпайт. Деген менен бир баракты сактап жүргөнү үчүн 15-18 жыл берип, акыйкатсыз, катуу чечимдер кабыл алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып эле жүрөт.

- Ал депортацияланса, демек эми Кыргызстанга кайра кире албайт да?

- Бул кандай толтурулгандыгына байланыштуу болот. Бирок азыр Коопсуздук комитети эч негизи жок эле 5-10 жылга өлкөгө киргизбей коюп жатпайбы.

- Бахром Хамроевдин сумкасынан "Хиз-бут Тахрир" уюумуна тиешелүү кассета, дисктер табылгандыгы да айтылып жатат?


- Менин билишимче, эч кандай кассеталарды тапкан эмес. Сумкадан «Хизб ут Тахрирдин» баракчалары табылыптыр. Бирок бул баракчалар дээрлик бардыгында эле, журналисттерде деле, укук коргоочуларда деле, батыштын бардык изилдөөчүлөрүндө бар да. Бахром Алматыга кетип жатканда аны менен жолугушуп, сумкасын бирге салыштырганбыз. Анда Кыргызстандын Акыйкатчысынын Ноокат окуясы боюнча баянынын көчүрмөсү бар болчу. Ал мыйзамга туура келбеген, же тыюу салынган бир да кагаз алып кеткен эмес. Иликтөө максатында чогултулган материалдар кылмыш катары каралбайт.

XS
SM
MD
LG