Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

18-май: Тарых барактары


Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык, 1944-жылдын бул күнү крым татарларын Орто Азияга депортациялоо операциясы башталган.
Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык, 1944-жылдын бул күнү крым татарларын Орто Азияга депортациялоо операциясы башталган.

Фрунзе шаарында «Телефон сурамжылоо» китепчеси 1948-жылы жарык көргөн. Фрунзе шаарында чыккан «Базар бунту» 1967-жылдын 18-май күнү басылган. Дүйнөлүк коомчулук 18-майды музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Гаагадагы Биринчи тынчтык конференция 1899-жылдын 18-май күнү башталган. Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык крымдык татарларды Орто Азияга депортациялоо операциясы 1944-жылдын 18-май күнү башталган.

Кытай чапкынынан качкан дунгандар 1867-жылдын май айында Тарбагатай аймагын басып алууга аракет жасашкан жана алардын көздөгөн максаты кандайдыр бир даражада ишке ашкан. Алар 18-майда казак-орустардын Түштүк-Тарбагатай отрядына кол салышкан. Айыгышкан күрөштө орус аскерлери жеңишке жетишип, дунгандар качып, алар Үрүмчүдөн Манаска чейинки айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып чаап кетишкен.

Пишпек элдик депутаттар кеңешинин төрагасы А. Платов 1919-жылдын 18-майында шаардык тургундардын ичкиликке берилишине каршы каардуу билдирүү менен кайрылган. Ал ичкиликтин зыяны туурасында эркектерге өзүнчө, аялдарга өзүнчө түшүнүк берген.

Фрунзе шаарында «Телефон сурамжылоо» китепчеси 1948-жылы жарык көргөн. Сурамжылоо чектелүү нуска менен чыккандыктан ал дароо таңсык китеп даражасына түшүп, бүгүнкү күнгө анын бир нускасы да калган эмес.

Ленинграддык минералогиялык музейдин Фергана өрүүнүнө жасаган экспедициясы 1924-жылдын бул күнү ийгиликтүү аяктаган. Александр Ферсман жетектеген экспедиция мындан радий орун алган бай кен запасын ачкан.

Дүйнөлүк коомчулук 18-майды музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет. Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселени Советтер Союзун көтөрүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган. Кыргызстанда бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу майрамдалып, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш чаралар жасалып келет.

Фрунзе шаарында башталган «Базар бунту» 1967-жылдын 18-май күнү басылган. Борбордук базарда кокусунан коогалаң чыгып, 1 адам набыт кетип, 3 адам жаракат алган жана бунттан улам Биринчи май, Свердлов РОВД мекемелери талкаланып, бир канча милиция машиналары өрттөлгөн.

Напалеон Боннапарт 1804-жылдын 18-май күнү Франциянын императору болуп жарыяланган.

Гаагадагы Биринчи тынчтык конференциянын иши 1899-жылдын 18-май күнү башталган. Конференция Россиянын тышкы иштер министри граф Михаил Николаевич Муравьевдун демилгесине ылайык чогулуп, анда куралды кыскартуу маселеси талкууланган. Гаага конференциясында тараптар негизги проблема боюнча бир пикирге келе албаган менен эл аралык талаш маселесине сүйлөшүү жолу менен чечүү туурасында келишимге кол коюлган.

Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык кырымдык татарларды Орто Азияга депортациялоо операциясы 1944-жылдын 18-май күнү таң эртең менен башталып, 20-майда саат 16.00дө бүткөрүлгөн. Операцияга НКВДнын 32 миң аскери тартылып, алар 183 155 адамды Орто Азияга күчтөп көчүрүшкөн.

Советтер Союзунун Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагалыгына 1967-жылдын 18-май күнү Юрий Владимирович Андропов дайындалган.

Теңдешкиз акын, улуу ойчул Омар Хайям 1048-жылы жарык дүйнөгө келген. Илим чөйрөсүндө Омар Хаямды математик жана астроном катары билишет. Омар Хаям тарабынан иштелип чыккан астрономиялык календарь азыркыдан да так жана туура деп эсептелинет. Анткен менен анын атагы акын катары ааламга тараган.
XS
SM
MD
LG