Падышачылык бийликтин саясатына каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүш айынан Кытайга качкан кыргыздар 1917-жылдын бул күндөрү кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан. Жер которгон кыргыздардын саны 100миң чамалап, алар Пишпек жана Пржевальск уезддерине жайгаштырылган. Качкындар үчүн курулган атайын комиссия аларга үй-жай бөлүп берүү жана адегендеги жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерди чечкен. Качкындар маселеси жана аларды жайгаштыруу ишин Убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен Ташкен кеңешинин депутаттары аткарышкан.
Түркстан Коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жети-Суу областтык Аткаруу комитетинин 1922-жылдын 22-май күнкү биргелешкен жыйынында Кыргызстан аймагында Тоолуу областты куруу маселеси талкууланган. Тоолуу областты куруунун зарылчылыгы туурасында мындай биримдикке караманча-каршы турган Р. Кудайкуловдун билдирүүсү угулган. Арийне, негизги баяндамачынын көз карашы бириккен жыйындын чечимине таасир тийгизбей койгон эмес. Ошентип Түркстан коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети менен Жети-Суу областтык Аткаруу комитетинин биргелешкен жыйыны Тоолуу областты куруу али эрте экендигин жана ал маселе боюнча кыргыздардын өзүнүн ичинде биримдик жок экендигин белгилеген.
Кыргызстан жаштарынын I фестивалы 1957-жылдын 22-май күнү борбор шаарда салтанат менен ачылган. Фестиваль алкагында областтык топтордун чыгармачылыгы, концерт жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Мындан тышкаары Дзержинский көчөсү убактылуу «Фестивалдык» деп аталып, анда күнү-түнү аттракцион жана оюн, зооктор көрсөтүлгөн.
Кыргыз мал чарба институндагы эксперименталдык фермасынын зоотехниги Чынгыз Айтматов 1954-жылдын 22-майында республикалык маалымдоо каражаттары аркылуу Украинанын Россия курамына кабыл алынышынын 300 жылдыгына карата кызуу куттуктоосун билдирген. Анда кыргызстандык адистер малчылык боюнча тажрыйба алмашуу максатында Украинанын колхоз, совхоздоруна бараары, мындай көрүнүш эки бир тууган элдин баш кошуп, биригишинен улам мүмкүн болгондугу белгиленет.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1954-жылдын бул күнкү жардыгы менен Министрлер кеңешине карштуу мамлекеттик коопсуздук Комитетин уюштурган. КГБнын биринчи төрагасы болуп Александр Терещенко дайындалган.
Биринчи петербургдук типографиядан «Ведомости» газетасынын биринчи саны 1711-жылдын 22-май күнү жарык көргөн.
Москвадагы Третьяков галереясы 1856-жылдын 22-май күнү негизделген. Көркөм сүрөт күйөрманы Павел Третьяков бул күнү сүрөтчү Николай Шиндлердин сүрөтүн сатып алып, аны көргөзмөгө койгон.
Кинологдордун эл аралык федерациясы 1911-жылдын 22-майында негизделген. Бельгиянын Тюин шаарына топтолгон Германия, Австро-Венгрия, Бельгия, Франция жана Нидерландия өлкөлөрү иттерди коргоо жана алардын жаңы түрлөрүн чыгаруу туурасында келишимге келишкен.
Фашисттик Италиянын мамлекет башчысы Б. Муссолини 1929-жылдын 22-майында сулуулардын конкурсуна тыю салган.
Италия менен Германия мамлекеттери 1939-жылдын 22-май күнү Болот пакты аттуу келишимге кол коюшкан. Болот пактысына жараша эки өлкөнү бириктирген «Берлин-Рим огу» аттуу аскердик блок түзүлгөн.
Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиуму 1940-жылдын 22-майында Социалисттик Эмгектин Баатыры аттуу наамга ыйгарылчу «Орок жана Балка» алтын медалын чыгаруу туурасында чечим чыгарган.
Айтылуу немец композитору Рихард Вагнер 1813-жылдын 22-май күнү жарык дүнөгө келген.
Атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл 1859-жылдын 22-майында туулган.
Курал жасоонун конструктору, айтылуу тапанчаны чыгарган Николай Федорович Макаров 1914-жылдын 22-майында жарык дүйнөгө келген.