Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

12-январь: Тарых барактары


Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 12-январында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен көрсөтмө алган. Иосиф Жугашвили 1913-жылдын 12-январь күнү биринчи жолу Сталин деп кол койгон.

Орусия менен Британия империяларынын Борбордук Азиядагы атаандаштыгы XIX кылымдын экинчи жарымында туу чокусуна жетти. Буга чейин орус стратегдери Памир аймагын калк жашагыс тооолуу жер деп эсептегенинен улам, башында алар Фергана өрөөнүн басып алуу менен гана чектелген болчу.

Анткен менен Англиянын Ооганстан жана Памир багытындагы активдүү саясаты орус өкмөтүндө атайын жыйын өткөрүүгө түрткү берген. Жыйын жыйынтыгына ылайык, атайын чалгын отряды уюшулуп, 1891-жылдын жай айында отряд Памирге сапар алган.

Отряддын башчысы, полковник Ионов памирдик кыргыздардын башына Курумчубек менен Маткасимбекти коюп, ал аймакты Орус империясынын жери катары чектеп кайра тарткан. Бирок орус отряды кетери менен англичандарга таянган оогандар кыргыздарга кысым көрсөтүп, аларды Ооганстандын ички райондоруна көчүрө баштаган. Кырдаалга кабатырланган падыша Александр III көрсөтмөсүнө ылайык, 1892-жылдын 12-январында өткөрүлгөн жыйында Памирге дагы бир экспедиция жиберүү маселеси оң чечилген.

Ысыккөлдүк кыргыздар келечек өнүгүүсүн Орус империясы менен түздөө максатында 1853-жылдын сентябрь айында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна орустардан букаралык сурап элчилик жиберген.

Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздарга букаралык ыйгаруу али эрте экендигин билдирип, Тышкы иштер министрлигине рапорт жолдогон. Анткен менен Тышкы иштер министрлиги Ысык-Көл өрөөнүнүн калкын Орусия империясынын курамына алуу керек деп эсептеп, маселени толук чечүү маселесин императорго калтырган.

Император ысыккөлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырган соң, 1854-жылдын 12-январында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.

Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу, Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 12-январында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен көрсөтмө алган. Тышкы иштер министрлиги кыргыз өкүлдөрү менен букаралык ыйгаруунун жол-жобосу туурасында сүйлөшүү жүргүзүүнүн жол-жобосу туурасында генерал-губернаторго көрсөтмө берген.

Жетисуу областтык дыйкан депутаттардын II съездди 1918-жылдын 12-январында ишин баштаган.

Ош уезддинин II шаардык партия конференциясы 1921-жылдын 12-январында өткөрүлгөн.

1923-жылдын 12-январында VI Пишпек жана Пржевальск уезддик-шаар партиялык III конференцияларынын иши соңуна чыккан.

Рим сенатынын б.з.ч. 29-жылдын 12-январь күнкү чечимине ылайык, жүз жылдан ашык уланган жарандык согуштун урматына Римдеги Янус храмынын эшиктери бекитилген. Рим форумунда жайгашкан Янус храмынын эки эшиги болгон. Согуш башталганда эшиктер ачылып, согуш бүткөндө Рим мамлекетинде бейпилдик орноду деген ишаарет менен эшиктер бекитилген.

Петр I 1722-жылдын 12-январында мамлеттик жаңы орган – прокуратураны негиздеген. Орусиянын биринчи генералдык прокурордугуна Павел Иванович Ягужинский дайындалган. Ушундан улам Орусияда 1996-жылдан бери 12-январ прокуратура кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.

Императрица Елизавета Петровнанын 1755-жылдын 12-январь күнкү жардыгына ылайык Орусиядагы биринчи жогорку окуу жайы эсептелген - Москва университети негизделген.

Орусиядагы биринчи архив 1772-жылдын 12-январь күнү Уралдагы Уктус (Екатеринбург) шаарында ачылган.

Петербург менен Москва шаарларын бириктирген телефон байланыш 1899-жылдын 12-январында түзүлгөн.

Иосиф Жугашвили 1913-жылдын 12-январь күнү биринчи жолу Сталин деп кол койгон.

СССР Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы 1938-жылдын 12-январында ишин баштаган.

Улуу Ата мекендик согуштун чечүүчү кармаштарынын бири эсептелген Висло-Одер операциясы 1945-жылдын 12-январында башталган.

Югославиянын Улуттук ассамблеясы 1953-жылдын 12-январында жаңы Конституция кабыл алган.

Кения 1952-жылы киргизилген чукул кырдаал абалын 1960-жылдын 12-январында жокко чыгарган.

Советтер Союзундагы акыркы калк каттоо 1989-жылдын 12-январь күнү ишин баштаган.

Орусия жана Украина 1992-жылдын 12-январында Карадеңиз флотун бөлүү туурасында келишимге жетишишкен.
XS
SM
MD
LG