Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

13-январь: Тарых барактары


Галилео Галилей 1610-жылдын 13-январында Юпитердин төртүнчү спутнигин ачып, ага Каллисто ысмын ыйгарган.
Галилео Галилей 1610-жылдын 13-январында Юпитердин төртүнчү спутнигин ачып, ага Каллисто ысмын ыйгарган.

Пишпек уездинде жана жалпы Жетисуу областында совет бийлигинин орношуна 1918-жылдын 13-январында ишин аяктаган дыйкандардын II областтык съездинин чечимдери маанилүү роль ойногон.

Дыйкандардын курултайы тап күрөшү курчуган оор кырдаалда өткөн. Бир жагынан ага убактылуу өкмөттүн жактоочулары - комиссар Шкапский, Иванов жана башкалар чыкса, экинчи жагынан казактардын «өкмөттүк аскерлери» дыйкандардын жыйынын болтурбоого аракет жасашкан. Анткен менен алар дыйкандардын каалоосун чектей алышкан эмес. Жыйынга катышкан дыйкандар толугу менен облуста Совет бийлигинин орногондугун таанышып, облустук Советти шайлашкан.

Буга чейин «абдрахмановчулар менен сыдыковчул бай-манаптардын идеологу» катары айыпталган профессор Касым Тыныстановго партиялык диктат менен бирге, анын коомдук жана илимий иштерине кысым жасалып келген. Фрунзе шаарында 1934-жылы өткөн Кыргыз облустук VII партиялык конференцияда, 13-январь күнү профессорго капыстан сөз берилген. Партиялык конференциянын расмий отчетунда «өзүнүн пролетардык революциячылдыгын билдириш үчүн Тыныстанов ырларын окуп жүрөт. Бирок угармандарга ал, анын жасакерлене моюнга алышындай сезилет»,-деп белгиленген.

Бишкек шаарында 2006-жылдын 13-январь күнү Мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөн. Мамлекеттик катчы, тийиштүү министрликтерден, облустук бийликтердин өкүлдөрү жана акын-жазуучулар катышкан жыйында кыргыз тилинин колдонуш тармагы талкууланган.

Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү туурасында билдирүү жасаган тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагулов кыргыз тилине жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеген. Жыйында баш мыйзамдан орус тилине берилген расмий макамын жоюп, орус тилин эл аралык байланыштын тили катары саноо туурасында сунуштар айтылган.

Акырында жыйын катышуучулары өлкө калкына кайрылуу кабыл алышып, анда өлкө эгемендүүлүккө жеткени менен эне тил толук эгемендикке ээ боло албай жатканы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн кечеңдетилиши, кыргыз тилинин келечеги үчүн жалпы журт жапа-тырмак киришүү зарылчылыгы белгиленген.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети 2006-жылдын 13-январында Ош облустук сотунда жасалды. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жүрүшүндө чуулгандуу чыр чыгып, акыры сот жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен ал андан да алоолоно тутанган.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүндө үчүнчү орунду ээлеген талапкер Абдымиталип Приизди айыл өкмөтүнүн башчысы деп чечим чыгарышы кырдаалды ого бетер курчуткан. Окуянын мындай өнүгүшүнө нааразы болгон анын атаандаштары өз жактоочулары менен А. Приизди Папан айыл өкмөтүнүн имаратына киргизбей, андан соң алар Ош областук сотунун имаратын басып алууга аракет жасашкан.

Галилео Галилей 1610-жылдын 13-январында Юпитердин төртүнчү спутнигин ачып, ага Каллисто ысмын ыйгарган.

Биринчи орус басма гезити 1703-жылдын 13-январында жарык көрүп, ал «Ведомости о военных и иных делах, достойных знания и памяти, случившиеся в Московском государстве и во иных окрестных странах» деген ыксыз узун аталыш менен чыккан.

Орусия Федерациясы Петр I негиздеген биринчи гезиттин урматына 1991-жылы 13-январды Орусиянын басылмасынын күнү катары кабыл алган.

Петр I 1721-жылдын 13-январь күнкү Жардыгына ылайык Деңиз академиясы уюшулган.

Орусия Илимдер Академиясы 1728-жылдын 13-январынан тарта «Санкт-Петербургские ведомости» деген гезитти чыгарууга киришкен.

«Литературная газета» басылмасынын биринчи саны 1830-жылдын 13-январында Петербург шаарында жарык көргөн.

Россия өлкөсүндөгү өлчөм жана салмак боюнча Мамлекеттик кызмат 1845-жылдын 13-январында негизделген.

Кейр Харди 1893-жылдын 13-январында Британиядагы күңкорсуз лейбористтик партияны уюштурган.

Өлкөнү кара тумандай каптаган коррупцияга абийири чыдабаган айтылуу жазуучу Эмил Золя 1898-жылдын 13-январында Франция президенти Жорж Клемансого ачык кат менен кайрылган. Францияны дүңгүрөткөн «Дрейфустун иши» боюнча жазылган жазуучунун «Мен айыптайм!» аттуу макаласы «L'Auron» гезитине жарыяланган.

Америка Кошмо Штатарындагы биринчи радиореклама 1906-жылдын 13-январында обого чыгарылган. Радиорекламада «Сайентифик американ» журналын сатып алып окугула деген чакырык айтылып, ал кардарлардын купулуна толгон.

Опера аткаруусу биринчи жолу 1910-жылдын 13-январында радио аркылуу уктурулган. Нью-Йорктун Борбордук операсында ырдаган Энрико Карузонун аткаруусу радио каражаты менен обого чыгарылган.

Француз контрчалгыны 1917-жылдын 13-январь күнү голланддык бийчи Мата Харини Парижде камакка алган.

Ракета куруунун пионери Роберта Годдардын Айга ракета менен жетсе болот деген көз карашы, «Нью-Йорк Таймс» гезитинин 1920-жылдын 13-январь күнкү санынын редактордун колонкасында келекеге алынган.

Аргентина 1920-жылдын 13-январында Улуттар Лигасына кирген.

Улуу Ата Мекендик согуштун чечүүчү операцияларынын бири эсептелген Чыгыш-Пруссия чабуулу 1945-жылдын 13-январында башталган.

Бириккен Улуттар уюмунан Коопсуздук Кеңеши 1950-жылдын 13-январында Советтер Союзунун кытай улутчулдар (азыркы Тайван, мурдагы Формоз аралында орун алган) өкүлчүлүгүн БУУдан чыгаруу талабын четке каккан. Советтик делегация Коопсуздук Кеңештин чечимине жооп ирээтинде БУУнун жыйындарын 1-августка чейин бойкот жасап келген.

«Правда» жана «Известия» гезиттеринин 1953-жылдын 13-январь күнкү санында «Кремлдик врачтардын кутумчулугунун» жүзү ачылгандыгы туурасында маалымат жарыяланган.

Атактуу америкалык илимпоз Лайнус Полинг 1958-жылдын 13-январында өзөктүк жардырууларды токтотуу туурасында 43 өлкөнүн 9000 окумуштуусу кол койгон петицияны Бириккен Улуттар уюмуна тапшырган.

Азербайжан Советтик Республикасынын борбору Баку шаарында башталган митинг 1990-жылдын 13-январында армяндардын кыргыны менен жыйынтыкталган. Миңдеген адамдардын үй-жайлары тонолуп, 220 000 миң чамалуу армяндар тышка качышкан.

Советтик аскерлер 1991-жылдын 13-январь күнү Литванын борбору Вилнюска киргизилген. Совет жетекчилиги аскердин киргизилишин Советтер Союзунун биримдигине доо кетирген кыймылга шылтаган. Аскер операциясынын натыйжасында телеборбор алынып, 15 адам өлтүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG