Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

14-январь: Тарых барактары


Югославия Республикасынын алгачкы президенти Иосиф Броз Тито
Югославия Республикасынын алгачкы президенти Иосиф Броз Тито

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик Герб 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. Орусияда 1863-жылдын 14-январында спирт ичимдиктерине монополия киргизилген.

Дарыгер Воскресенский менен бухгалтер Руцкойдун үй-бүлөлөрү уюштурган интеллигенттер ийрими кыска аралыкта Пишпек шаар тургундарынын арасында урмат, сыйга арзыган.

Интеллигенттер ийриминин кадыр-баркынын артышы падышалык бийликтин жазалоочу органдарынын кызыгуусун жараткан. Петербургдук полиция департаментинин 1911-жылдын бул күнкү жашыруун белгилөөсүнө караганда, интеллигенттер ийрими меньшевик, большевик, эсерлер сыяктуу шектүү элементтердин башын бириктире баштаган.

Советтик тарыхнаамада көрүнүктүү большевик катары белгиленген Швец-Базарный 1918-жылдын 14-январында Пишпек жумушчу жана жоокер депутаттар Кеңешинин төрагалыгына шайланган. Швец-Базарныйдын тагдырындагы чукул бурулуштун жасалышы жана анын большевиктик бийлик шатычасында таасирдүү адамга айланышынын себеби, ал аскерлерге тамак паёгун жазган кызмат абалына байланыштуу болгон. Башкача айтканда, «май кармаган бармагын жалайт» дегендей Швец-Базарный жең ичинен жакындарын багып, алар өз маалында Швец-Базарныйга добуш беришкен.

Кыргызстанда совет бийлиги орногондон кийинки маданий реформа кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын алфавитине которуу иши менен жыйынтыкталган. Ал үчүн албан даярдык көрүлүп, окумуштуулар тобу латын тамгамгаларын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө жараша ылайыкташтырып, атүгүл «ң», «ө», «ү» сыяктуу үндөр үчүн атайын ишареттелген тамгалар киргизилген.

Мындай камылгадан кийин 1930-жылдын башталышында борбордук гезиттер кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын алфавитине которуу иши жыйынтыкталды деп жазып чыгышкан. Илим мекемелеринде ушул эле жылдын бул күндөрү жергиликтүү калктын орус маданиятына аралашышы үчүн орус тилин латын тамгаларына которуу демилгеси да көтөрүлгөн болчу.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик Герб 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. «Легендарлуу парламент» атыккан Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйыны Мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоор тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.

Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюшулган комиссиялар элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңеш жыйынында «Нур» урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.

Рим императору Октавтиан б.з.ч. 27-жылдын 14-январь күнү буга чейин ага ыйгарылган ыйгарым укуктарынан баш тартып, Республиканын калыбына келгендигин жар салган.

Орус аскерлери 1813-жылыдн 14-январында Неман дарыясынан өтүшүп, Европаны Наполеондун аскерлеринен бошотууга киришишкен.

Петербург шаарында орун алган Императордук Улуттук китепкана 1814-жылдын 14-январында ачылган. Улуттук китепкананын аталышы көрсөткөндөй эле ага каалаган окурман кире алган жана анда 1917-жылга чейин жарык көргөн орус китептери толугу менен топтолгон. Өз маалында Улуттук китепканада орус маданиятынын И. А. Крылов, В.Ф. Достоевский жана В.В. Стасов сыяктуу көрүнүктүү өкүлдөрү эмгектенишкен.

Италиялык революционер Феличе Орсини эки жардамчысы менен 1858-жылдын 14-январында француз императору Наполеон III Парижде кол салышкан. Кутумчу революционерлер императорду Италиянын биригишине тоскоолдук жасап, француз калкын эзген деп айыпташкан. Француз императору аялы менен операга сапар тартышканда кутумчулар ага үч бомба ыргытышкан. Кол салуудан бир канча адам өлүп, император жана анын зайыбы жабыр тарткан эмес.

Орусияда 1863-жылдын 14-январында спирт ичимдиктерине монополия киргизилген.

Жакомо Пуччинин айтылуу «La Tosca » операсынын бет ачары 1900-жылдын 14-январь күнү Рим шаарында өткөн.

Раймон Пуанкареге 1912-жылдын 14-январында Франциянын жаңы өкмөтүн куроо милдети жүктөлгөн.

Советтик Орусия менен Финляндия 1918-жылдын 14-январь күнү жаңы календарга өткөн.

Жаш көрөрмандын Театры (ТЮЗ) 1922-жылдын 14-январь күнү Петроград шаарында ачылган.

Италиядагы фашисттик кайгуул отряддар 1923-жылдын 14-январында «милиция» аталышын алган.

СССР Революциялык Аскер кеңешинин 1925-жылдын 14-январь күнкү Жардыгына ылайык Кызыл Армия менен Флотко саясий жетекчилик киргизилген.

Литва мамлекетиндеги биринчи консервативдик өкмөт 1928-жылдын 14-январында курулган.

АКШ президенти Франклин Рузвелт менен Британия премьер-министри Уинстон Черчилл 1943-жылдын 14-январь күнү Касабланкада жолугушкан.

Маршал Иосиф Броз Тито 1953-жылдын 14-январында Югославия Республикасынын биринчи президенттигине шайланган.

Франция президенти Шарл де Голл 1963-жылдын 14-январында Британиянын Европалык экономикалык уюмуна киришине жана Европада америкалык «Поларис» ракеталарынын жайгашышына каршы пикирин билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты сүйүүчү күчтөрдүн Форуму 1977-жылдын 14-январь күнү Москва шаарында ишин баштаган.

Мусулмандар Түндүк Англиянын Бредфорд шаарында 1989-жылдын 14-январь күнү Салман Рушдинин «Шайтандын ырлары» аталган китебин өрттөшкөн.

Советтер Союзунун онунчу өкмөт башчысы жана совет өлкөсүндөгү премьер-министрлер арасынан экинчи болуп түрмөгө түшкөн жетекчи эсептелген Валентин Павлов 1991-жылдын 14-январында министрлер кеңешинин төрагалыгына бекитилген.
XS
SM
MD
LG