Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

15-январь: Тарых барактары


Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.
Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Пишпек уезддик дыйкандар съезди 1918-жылдын 15-январында Совет бийлигин тааныган Токтом кабыл алган. КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Франция королу Филипп II 1200-жылдын 15-январында Париж университетин негиздеген.

Пишпек уезддик дыйкандар съезди 1918-жылдын 15-январында эки маанилүү Токтом кабыл алган. Алардын биринчисине ылайык, контрреволюциачыл «союздук Совет» таратылып, экинчи токтом менен Совет бийлиги таанылган.

Нарын уезддик IV партиялык конференциянын иши 1921-жылдын 11-январында соңуна чыккан.

Кыргыз облусунун V партиялык конференциясы 1929-жылдын 15-январында ишин баштаган. Он күнгө созулган партиялык жыйында Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинин отчету талкууланып, облустук ревизиялык комитеттин аткарган иши угулган.

Мындан тышкары большевиктер аялдарга эркиндик берүү, жакырчылыкка каршы күрөштү күчөтүү жана кооперативдик курулуш тегерегинде пикир алмашышкан.

Кыргыз обком ВКП (б)нын IV пленуму 1932-жылдын 15-январында ачылып, анда Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз партиялык уюмдун иши» туурасындагы токтом талкууга алынган.

Буга чейин Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде Кыргызстандагы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу маселеси каралган. Кыргызстандык большевиктер жогорку орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана колхоздоштуруу ишин ыкчамдатуу маселеси тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.

КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдын буту кыргыз жергесине аттагандыгынан улам, Н. С. Хрущевду тоскондордун саны коркунучтуу чекке жеткен. Делебеси козголгон калк эски аэропортту коргогон укук коргоо кызматчыларынын катарын жарып өтүп, «дорогой Никита Сергеевичтин» колун кысканга аракет жасашкан.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына кезектеги толуктоо жана түзөтүү киргизүү үчүн 2003-жылдын 2-февралына белгиленген Референдумга утурлай президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушкан. Президент Конституциянын жаңы редакциясы эларалык нормаларга шайкеш келет жана ал кабыл алынса, Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы орнойт деген ишеним айткан.

Февраль айына белгиленген кезектеги конституциялык Референдумга байланыштуу «Арнамыс», «КДК», «Менин өлкөм», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Эл», «Ата Мекен» сыяктуу партиялар менен бирге айрым бейөкмөт бирикмелердин өкүлдөрү 2003-жылдын 15-январында айтегерек жыйын өткөрүшкөн. Айрым саясатчылар, атап айтканда башкы коммунист Абсамат Масалиев Баш мыйзамдын жаңы редакциясын «конституциялык төңкөрүш» катары баалаган.

Франция королу Филипп II 1200-жылдын 15-январында Париж университетин негиздеген.

Улуу Новгород 1478-15-январында Москва мамлекетине кошулган.

Британия ханышасы Елизавета I 1559-жылдын 15-январында таажы кийген.

Лондондогу Британ музейи 1759-жылдын 15-январында ачылган.

Франция 1790-жылдын 15-январь күнү жергиликтүү башкаруу бийлик администрациясын жөнгө салуу реформасын жүргүзгөн. Жаңы реформага ылайык Франция 83 департаментке бөлүнгөн.

Архив материалдарына караганда лондондук галантерейщик Жеймс Этерингтон 1797-жылдын 15-январь күнү көчөгө буга чейин калк көрбөгөн жаңы баш кийимдин түрү – цилиндр кийип чыккан. Укук коргоо кызматкерлери жаңы баш кийимден кыйкым таап, анын ээсин 50 фунт стерлинге айыпка тартышкан.

Петербургдагы Невский куйуу жана механикалык (азыркы - Нева машина куруу) заводу 1857-жылдын 15-январында ачылган.

Карикатурист Томас Наст тарткан АКШ Демократиялык партиясынын символу катары таанылган эшектин сүрөтү «Харперс Виикли» жумалык журналынын 1870-жылдын 15-январь күнкү санында жарык көргөн.

Лондондук телефон компаниясы 1880-жылдын 15-январында Британиянын биринчи телефон китебин жарыялаган. Телефон китебине 255 абоненттин ысмы киргизилип, ал кийинки басылмалар үчүн өрнөк катары кызмат кылган.

Орусияда 1897-жылдын 15-январь күнү алтын тыйынды жүгүртүүгө киргизилген. «Империал» жана «жарым империал» аталган алтын тыйындар башка акча бирдигине алмашыла баштаган. Алтын тыйын дароо акча эвивалентине айланып, рубль дүйнөдөгү эң туруктуу валюта деп таанылган.

Француздук Конго 1910-жылдын 15-январында Француз Экватордук Африка болуп өзгөртүлгөн.

Советтердин III съезди 1918-жылдын 15-январында ишин аяктаган.

Элдик Комиссарлар Кеңеши 1918-жылдын 15-январында Жумушчу-Дыйкандардын Кызыл Армиясын куруу туурасында Декрет кабыл алган.

Москва менен Лондон шаарларын кошкон телефондук байланыш 1936-жылдын 15-январь күнү жүзөгө ашырылган.

Советтер Союзунда 1939-жылдын 15-январында Бүткүл союздук калк каттоо иши башталган.

Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу Күчтөрү үчүн салынган Пентагон имаратынын курулушу 1943-жылдын 15-январында бүткөн. Курулуш иши 16 айга уланып, ага 83 миллион доллар сарпталган.

АКШ, Британия жана Франция мамлекеттери 1952-жылдын 15-январында Австрия өлкөсү туурасындагы келишим долбоорун Советтер Союзуна жолдошкон. Долбоордо Австрия өлкөсү 1938-жылдын 1-август күнкү чегинин алкагында күңкорсуз демократиялык мамлекет катары калыбына келтирилиш маселеси каралган.

Кытай Элдик Республикасынын жетекчилиги 1955-жылдын 15-январында өзүнүн өзөктүк арсеналын иштетүү жана түзүү туурасында чечим кабыл алган.

Бириккен Араб Республикасынын президенти (Египет) Анвар Садат менен СССР Жогорку Кеңешинин предстедатели Николай Викторович Подгорный 1971-жылдын 15-январь күнү Нил дарыясына курулган Асуан плотинасын ачышкан.

АКШ президенти Ричард Никсон 1973-жылдын 15-январында американын Түндүк Вьетнамдагы аскер операциясын токтоткон.

Португалия мамлекети 1975-жылдын 15-январында Анголанын эгемндигин тааный тургандыгын билдирген.

Тоолуу Карабактагы улут аралык жаңжалды басыш үчүн 1990-жылдын 15-январында советтик аскерлер Азербайжанга киргизилген.

Европа Биримдиги 1992-жылдын 15-январында Словения менен Хорватияны дипломатиялык негизде тааный тургандыгын билдирген. Европа Биримдигинин мындай кадамы Югославиянын таралышына жол ачкан.
XS
SM
MD
LG