Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

17-январь: Тарых барактары


Лев Троцкий (солдо) 1928- жылдын 17-январь күнү Алматага сүргүнгө айдалган
Лев Троцкий (солдо) 1928- жылдын 17-январь күнү Алматага сүргүнгө айдалган

Кыргыздардын бугу уруусу 1855-жылдын 17-январында Орусия империясынын курамына кирген. Петр I 1700-жылдын 17-январь күнкү жардыгында дворяндарга сакалын кырып, европалык тигилиштеги кафтандарды кийүү талабы коюлган.

Түндүк кыргыздардын айрым урууларынын Орусия империясынын курамына кириши, падышалык бийликтин казак жергесине бекем орун алышына себепкер болгон. Орус бийлиги мында жашаган көмөн уруулар арасындагы кадыр-баркын арттыруу максатында, 1854-жылдын август айында Кичи Алматы суусунун боюна Верный чебин куруп баштаган.

Кыргыз санжыраларында, Кичи Алматы жерин орустарга Ормон хандын уулу Үмөтаалы берип, ага хан Ормон катуу кейигендиги кабарланат. Канткен менен Верный чебинин салынышы кыргыздардын орус бийлигине жакындашына себеп болгон. Ысыккөлдүк кыргыздар 1854-жылдын күз айында Батыш Сибирь бийлигине элчилик жиберишип, миссия ийгиликтүү аяктагандык алар көздөгөн максатына жетишкен.

Кыргыздардын бугу уруусунун элчилиги Омск шаарына келип, алар 1855-жылдын 17-январында Орусия империясына кирүүгө ант беришкен. Анын натыйжасында, 10 миң түтүн чамалуу ысыккөлдүк кыргыздар империянын курамына кабыл алынган.

Орус бийлигинен букаралык сураш үчүн Батыш Сибирь Аскер округуна жөнөтүлгөн бугу уруусунун элчилери 1854-жылдын күз айында Омск шаарына келген. Элчиликти Качыбек Шералин жетектеп, кыргыздардын империя курамына кирүү анты 1855-жылдын 17-январында салтанат менен кабыл алынган.

Бугу уруусу кармаган антта, алар Улуу падышанын амирине кирип, айтканын айткандай аткарууга куран кармап, касам иче тургандыгы билдирилет. Бугу уруусунун Орусия империясына бириктирилиши жана алардын кат түрүндө жазган анты расмий басылмада жарыяланган. Орус бийлиги мындай мамиле аркылуу бугу уруусунун анттына мамлекеттик деңгээлде маани берилгендигин билдирген.

Кыргызстандагы маданият мекемелеринин салынышы жана алардын ырааттуу иштеши аркылуу өрнөктүү маданий кыртыштын жаралышына 1935-жылдын 17-январында кабыл алынган СССР Борбордук Аткаруу комитетинин Токтому маанилүү роль ойногон. Борбордук Аткаруу комитеттин Токтомунда Кыргыз АССРинин чарбалык жана маданий курулушунун келечек өнүгүү маселеси аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексине ылайык 2007-жылдын февраль айына белгиленген парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 17-январда соңуна чыккан.

Петр I 1700-жылдын 17-январь күнкү жардыгында дворяндарга сакалын кырып, европалык тигилиштеги кафтандарды кийүү талабы коюлган.

Помещиктер үчүн крепостной дыйкандарды Сибирге сүргүнгө айдоого уруксат берген падышанын жардыгы 1765-жылдын 17-январда жарыяланган.

Санкт-Петербургдун шаардык почта кызматы 1833-жылдын 17-январда негизделген.

Раймон Пуанкаре 1913-жылдын 17-январда Франциянын президенттигине шайланган.

Генерал Деникиндин аскер тобу 1920- жылдын 17-январь күнү толук талкаланган.

Лев Троцкий 1928- жылдын 17-январь күнү Алматага сүргүнгө айдалган. Троцкий Алматадагы сүргүн маалында Жети-Суу мейманканасынан орун алган.

Нью-Йорктогу «Метрополитен-опера» театрынын имаратында 1944-жылдын 17-январында биринчи джаз концерти коюлган.

Советтик аскерлер 1945- жылдын 17-январында Варшава шаарын фашисттик герман аскерлеринен бошотушкан.

«Н.Е. Жуковский атындагы илимий-мемориалдык музей» 1956-жылдын 17-январында ачылган.

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дуайт Эйзенхауэр 1961-жылдын 17-январында улуттук телевидение аркылуу сүйлөгөн сөзүндө, өлкөнүн саясий багытына таасир берчү «согуштук өнөр жай комплекси» аталган күч бар, деп америкалыктарга эскертүү жасаган.

Бухара-Урал газ куурунун биринчи баскычы 1964-жылдын 17-январында бүткөрүлгөн.

КПСС БК жана СССР Министрлер кабинетинин 1972-жылдын 17-январь күнкү Токтомуна ылайык «СССРди коргоого жана эмгекке даярдык» (ГТО) аталган Бүткүл союздук физкультуралык комплекси уюшулган.

Фердинанд Маркос 1973-жылдын 17-январында өзүн Филиппиндин түбөлүк президенти деп жар салган.

Белгилүү НТВ телекомпаниясы 1994-жылдын 17-январь күнү биринчи жолу 4-канал аркылуу эфирге чыгарылган.

Ооганстандагы талибан режими 2000-жылдын 17-январында Чеченстандын эгемендигин тааныган. Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги муну Орусиянын ички иштерине кийлигишүү катары баалаган.
XS
SM
MD
LG